Абактагы Кайрат Сатыбалдынын хансарайы Назарбаевге кантип өттү?

Назарбаевдердин "ата конушу" саналган Алматыдан анча алыс эмес кооз жерде жайгашкан Үч-Коңур сыртындагы хансарайдын ээси алмашты. Казакстандын мурдагы президентинин иниси Кайрат Сатыбалды кыймылсыз мүлктү агасы Нурсултан Назарбаевге белекке берген. Белгилей кетсек, бул Сатыбалдынын үй-мүлкү конфискацияланып, абакка кесилгенден кийин болгон.

Мүлктү өткөрүп берүү кандайча мүмкүн болду? Азыр Сатыбалдыга карата жаңы ишти тергеп жаткан Коррупцияга каршы кызмат эмне дейт? “Азаттыктын” казак кызматы айрым жагдайларды иликтеп көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Қайрат Сатыбалды Үшқоңыр резиденциясын Назарбаевқа сыйға тартқан. Азаттық зерттеуі

Үч-Коңур – ак кар баскан тоо чокуларына чейин созулуп жаткан жашыл дөңсөөлөрү жана шалбаалары бар бийик тоолуу сырт. Табияты өтө кооз. Жайлоо Алматыдан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындан 83 жыл мурун ушул аймакта баш айланткан максапка жеткен Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев төрөлгөн. Чабандын уулу совет мезгилинде жумушчу адистигине ээ болуп, бирок кийин партиялык тепкич боюнча тез эле көтөрүлдү.

49 жашында Казакстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын ээлеп, 51 жашында, СССР тарагандан кийин эгемендүүлүгүн жарыялаган республиканы жетектеген.

Назарбаев өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарып, акырындап жеке адамга сыйынууну калыптандырган, өз укуктарын кеңейткен. Анын жакындары ашкере байыган.

2000-жылы өлкөдө "Биринчи президент жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, анда мамлекеттин биринчи адамынын өзгөчө макамы жана ыйгарым укуктары жазылган. Болжол менен ошол эле мезгилде Үч-Коңур жайлоосунун кадастрдык документтерине өзгөртүүлөр киргизилген. Жер бир нече участокко бөлүнгөн. Кийин Шамалган айылынан жол салынып, газ, электр жарыгы жеткирилген.

2014-жылы, “Биринчи президент жөнүндө” мыйзам кеңейтилгенден үч жыл өткөндөн жана Назарбаевге “элбасы” наамы ыйгарылгандан кийин, анын мүлкүнө кол тийбестик анын өзүнө гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да каралган. Үч-Коңур жайлоосунда ири хансарай курулуп бүткөн. Ал ошол учурда участокторго бөлүнгөн жети гектар жерди эээлеген.

Бул мүлк 2016-жылы Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыга расмий катталган.

2022-жылдын январындагы кандуу окуядан кийин (миңдеген казакстандыктар 2019-жылы отставкага кетип, президенттик ыйгарым укуктарын өз адамы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенине карабай, кеңири ыйгарым укуктарын сактап калган Назарбаевдин саясаттан кетишин талап кылып көчөгө чыгышкан; нааразылык акциялары баш аламандыкка айланып, бийлик күч органдарына ок атууга буйрук берген, расмий маалыматтар боюнча 238 адам каза тапкан), Назарбаевдин туруму алсыраган.

Кыймылсыз мүлк мамлекеттик кадастры жана “Жарандар үчүн өкмөт” порталы “Азаттыктын” суроосуна Үч-Коңур сыртындагы резиденция “Элбасы” фондуна таандык экенин билдирди. Скриншот.

Көп өтпөй анын туугандары чоң кызматтарды таштап кетишкен. Кайрат Сатыбалдыга карата кылмыш иши козголуп, “Алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” сыяктуу бир нече айып тагылган. Экс-президенттин тууганы 2022-жылдын март айында камакка алынган. Тергөө органдары анын мүлкүнө чектөө киргизген.

2023-жылдын апрель айынын ортосунда Кайрат Сатыбалдыга таандык Үч-Коңур сыртында жайгашкан резиденция жалгыз негиздөөчүсү Нурсултан Назарбаев эсептелген “Элбасы” фондуна өткөрүлүп берилген. “Жарандар үчүн өкмөт” мамлекеттик корпорациясынан “Азаттыктын” редакциясына келген жоопко караганда, мүлк белекке берүү келишими боюнча башка менчик ээсине өткөн.

Бирок анын кантип ишке ашканы табышмак.

КАМАККА АЛЫНГАН МҮЛК

Өткөн жылдын сентябрь айында Кайрат Сатыбалды шериктери менен бирге 40 миллиард теңгеге жакын акчаны уурдаган деген айып менен алты жылга эркинен ажыратылган.

Кайрат Сатыбалды борбор калаанын Байкоңур районунун №2 сотунун онлайн отурумунда. 2022-жыл, 20-сентябрь

Астананын Байкоңур районунун №2 сотунун өкүмүндө Сатыбалдынын мүлкү конфискацияланганы тууралуу айтылат. Бирок аталган мүлктүн тизмеси берилген эмес. Кызыктын баары ушул жерден башталат.

“Азаттык” судья Нурлан Баяхметовго кат жазып, өкүмдө Жогорку Соттун ченемдик токтомуна ылайык конфискацияланууга тийиш болгон мүлктүн тизмеси болушу керектигин айтты. Судьядан жооп келди, бирок анда камакка алынган мүлк боюнча так маалымат жок эле.

"Мүлктү конфискациялоо түрүндөгү кошумча жаза боюнча өкүмдүн бир бөлүгү мамлекеттик сот аткаруучу тарабынан каралып жатат", - деп айтылат судьянын жообунда.

"Азаттык" Мажилистин эки депутатынан - Мыйзамдуулук жана сот-укуктук реформа боюнча комитеттин мүчөлөрүнөн сот өкүмүндө камакка алынган мүлктөрдүн тизмеси көрсөтүлбөгөндүгү жөнүндө сурады.

Кабарчылар соттолуучунун аты-жөнүн аташкан жок, бирок иштин маңызын, айыптоо беренелерин түшүндүрүштү.

Дагы караңыз Forbes: Назарбаевдин жакындары дагы байыды

Жактоочулук иши менен алектенген депутат Абзал Куспан өкүмдө конфискацияланган мүлктүн толук тизмеси болушу керектигин айтууда.

"Өкүмдүн соттун чечимине шилтеме кылган бөлүгүндө бардыгы көрсөтүлөт: кыймылсыз мүлктүн аталышы, жайгашкан жери, дареги, мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөнбү же башка жабырлануучулардын пайдасына өндүрүлгөнбү, конфискацияланганбы, башкача айтканда, мамлекеттин менчигине өтүп жатабы. Маалыматтар толук көрсөтүлүшү керек", - деп комментарий берди депутат.

Мыйзам чыгаруучу комитеттин дагы бир мүчөсү, Конституциялык кеңешмеде иштеген Унзила Шапак да ушундай эле пикирде. Ал белгилегендей, өкүмдүн корутунду бөлүгүндө кошумча жаза катары мүлкүн конфискациялоо каралса, тизме берилиши керек. Эл өкүлү Жогорку Соттун документине шилтеме кылууда:

"Конфискациялоо соттолгон же үчүнчү жак мыйзамсыз жол менен алган же мыйзамсыз жол менен алган акча каражаттарына сатып алган мүлккө, ошондой эле кылмыш жасоодо колдонулган кылмыш шаймандарына жана куралдарына жайылтылат".

Соттун өкүмүндө Сатыбалды катталган никеге турбагандыгы, жашы жете элек жети баласы бар экени айтылат. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, соттолгон адамдын үй-бүлөсүнүн жалгыз жашаган жери болсо, анын мүлкү конфискацияланбайт.

Бирок үй-бүлөсүнүн башка турак жайы жоктугуна байланыштуу Сатыбалдынын Үч-Коңур сыртындагы мүлкү конфискацияланган эмес деп айтууга негиз жок. Анткени "Азаттык" буга чейинки иликтөөлөрүнүн биринде маалымдагандай, Астанада Кайрат Сатыбалдынын уулу Исмаилдин атына жазылган хансарай бар.

Ал эми Алматыда 12 жарым гектар жердеги асемдүү хансарай жана бир нече коттеждер Сатыбалданын мыйзамдуу аялы саналбаган, үч баланын апасы Асел Бахтияр кызына катталган.

Дагы караңыз Кымырылган акча Казакстанга кайта баштады

МЕНЧИКТИ ӨЗГӨРТҮҮ МЫЙЗАМДУУ БОЛГОНБУ?

Өткөн жылдын ноябрь айында Коррупцияга каршы кызмат Сатыбалдага карата жаңы кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Аталган мекеме Сатыбалды жана аны менен байланышы барлардын миллиард доллардан ашык мүлкү мамлекетке кайтарылганын маалымдады. Тергөөнүн аяктаганы расмий жарыяланган жок.

Мындан келди, кылмыш жазасына тартылган жана экинчи иш боюнча шектелип жаткан адамдын мүлкү башка адамдын менчигине өтүп кеткен. Юрист-депутаттар бул мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө - тергелип жаткан адамдын камакка алынган мүлкү башка адамга берилбеши керек дешет.

Депутат Абзал Куспан:

Абзал Куспан

"Тергөө тарабынан чектөө болсо, алар муну кыла алышпайт. Бул өз атынан ээликтен ажыратуу деп аталат. Менчиктен атайылап ажыратуу. Сатып алынганбы же белек кылынганбы, баары бир".

Эгерде мындай аракеттер жасалган болсо, анда алар мыйзамсыз деп табылып, прокуратура Конституциянын 83-беренесинин талаптарына ылайык иш алып барышы керек деп эсептейт депутат Куспан.

Депутат Унзила Шапак

"Эгерде жаран соттолуп жатса, анда белгилүү бир чектөөлөр болот. Аракеттерге чектөөлөр болот. Эгерде мүлк [конфискацияланууга тийиш болгон] өкүмгө киргизилсе, анда [аны белек кылууга, сатууга] мүмкүн эмес. Эгерде киши шектүүлөрдүн катарына кошулса, анда мүлкү камакка алынып, санкциялар колдонулат", - деп түшүндүрдү Унзила Шапак.

Санкцияга кабылган резиденция кандайча “Элбасы” фондуна өткөнү тууралуу расмий органдар эч кандай түшүндүрмө бере элек. “Азаттык” Сатыбалдага карата козголгон ишти иликтеп жаткан Коррупцияга каршы кызматтан маалымат сурады. Мекеме маалымат берген жок.

"Колдо болгон маалыматтар расмий жарыяланат, калганы тергөөнүн сыры", - деп билдиришти. Алматы облусунун прокуратурасынан “мүлккө ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү фактысын текшеребиз” деген жооп алдык.

“Азаттык” Элбасы фондуна жана Нурсултан Назарбаевдин кеңсесине да кайрылды. Кеңсенин басма сөз кызматы аларда "Элбасы" фонду тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

ҮЧ-КОҢУР ЖАЙЛООСУНА САПАР

“Азаттыктын” тасма тартуу тобу ээси алмашкан резиденцияны тасмага тартуу үчүн Үч-Коңур сыртына барышты. Жайлоого баруучу жол көзөмөл-өткөрмө бекетине такалат экен. Анын жанында "Жеке менчик" деген жазуу турат. Күзөтчү резиденцияга бара жаткан жолдогу дарбазаны ачып-жаап туруптур.

Ал “Азаттыктын” кабарчыларына өткөнгө болбой турганын айтып, чакан тамга кирип кетти.

Үч-Коңурга карай кеткен жол. Алматы облусу, 2023-жыл, 23-май

Кабарчылар резиденцияга чыйыр жол менен жөнөштү. Резиденцияга тегиз асфальтталган жол алып барат. Артында хан сарай турган, курчалып тосулган аймакка чейин беш чакырым. Бир канча убакыттан кийин тасма тартуучу топту "Нива" үлгүсүндөгү унаа кууп жетти. Рулда өткөрмө бекетте турган күзөтчү экен.

Ал бул "жеке менчик эмес, улуттук парктын аймагы" экенин айтып, журналисттердин артка кайтышын талап кылды. Күзөтчү “бул кандай улуттук парк?” деген суроого жооп берген жок. Өз жолуна түшүп кетти.

Күзөтчү "Азаттыктын" журналисттерин токтотууга аракет кылган унаа Назарбаевге таандык "Дүние Агро" компаниясына катталган. Алматы облусу, 2023-жыл, 22-май

Беш чакырымдай жолду жөө басып өтүп, Назарбаевдердин хансарайынын тосмосуна чейин жетти. Тосмону бүт чеги боюнча камералар орнотулуптур. Аймакта эки күзөтчү жүрүптүр. Тосмодон өтүүгө мүмкүн эмес экен.

Сатыбалдынын менчигинен "Элбасы" фондуна өткөн аймакта хансарайдан бөлөк да бир боз үй, эки жалаң кабаттуу үй, тик учак аянтчасы жана унаа токтотуучу жай да бар экен.

Күзөтчүлөр тосмого жакындап келип, тасма тартууну токтотууну талап кылышты.

"Бул жерде эч ким жок, эч ким жашабайт. Баарын өчүргүлө", – деп, бирөө сарайды көздөй жөнөдү.

"Азаттыктын" кабарчылары аймакты карап чыгышты. Хансарайдан алыс жайгашкан имараттар жер кадастры боюнча Сатыбалдынын бейрасмий жубайы Асел Бахтияр кызынын наамында таризделген.

Үч-Коңур сыртындагы медресенин мурдагы имараты. Мүлк Сатыбалдынын “аялы” Асел Бахтияр кызына катталган. Алматы облусу, 2023-жыл, 23-май.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы өткөн жылы мурда медресеге таандык мүлккө киргизилген чектөөнү алып салган. Кыязы, аталган имараттын курулушу токтоп калган окшойт - муну Google Earthте сакталган сүрөттөрдөн байкаса болот. Ал эми бул кооз жайлоодогу башка үйлөр жана миңдеген гектар жерлер жөнүндө эмне дейбиз?

"КОНФИСКАЦИЯ"

Үч-Коңурдагы тогуз миң гектардан ашуун жер Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевдин компанияларына таандык экенин бир жыл мурун “Азаттык” аныктаган. Буга чейин бул ишканалар Кайрат Сатыбалдынын менчиги болгон.

Болат Назарбаевге таандык жердин чегин көрсөткөн спутник сүрөтү. Скриншот Google Earthтин жардамында жасалган

Алматы облусунун прокуратурасы экс-президенттин жакындарына (алардын аты-жөнү айтыла элек) таандык 4569 гектар 12 жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын “Азаттыкка” билдирди.

Бирок Үч-Коңур сыртындагы хан сарай Нурсултан Назарбаевге таандык, анын тегерегиндеги миңдеген гектар жерлерге али да анын жакындары ээлик кылат. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында хан сарайдын кожоюну алмашканда, сырттагы жерлерге ээлик кылган компаниялардын негиздөөчүсү да алмашкан.

9412 гектар жердин ээси жана 1300 гектарга жакын жердин ижарачысы төрт компания - Steppe AgroMeat (мурда "Дүние Агро" деп аталган), Qaz Agro Centre ("Айсам Ко. ЛТД"), Breeding company ("Луна Трейд") жана Prime Capital reKarasay болуп саналат. Алардын акыркы кожоюну Болат Назарбаев болгон. А

зыр аларга Болат Назарбаевдин уулу Нурбол Prime Capital Holding өнөктөштүгү аркылуу ээлик кылат.

Үч-Коңур жайлоосундагы дээрлик тогуз жарым миң гектар жер Болат Назарбаевдин уулу Нурбол Назарбаев ээлик кылган компанияларга таандык.

Акыркы бенефициардын алмашканына карабай, Коррупцияга каршы кызмат жана сот хансарайдын сыртындагы 10 миң гектар жерге чектөөлөрдү киргизип, камакка алган. Алар мамлекетке кайтарылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

“Азаттыктын” казак кызматынын сайтына жарыяланган макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.