- Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун көркөм чыгармасы өзгөртүүсүз берилди жана ал "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Максатым – коомдо рухий ордону түптөө
Мен эркин ойлонгон, өз пикирин ачык айткан, ачык туюнткан жазуучумун. Чыгармаларымда окурмандын бүйүрүн кызыткан курч окуяларды кандай чагылдырсам, жашоо-турмушумда да талаш-тартыштан, чыр-чатактан качпаган жиндилигим бар. Бул касиет дээримден болсо керек.
Турмушумда да туйламайынча жүрө албайм. Ким эмне дейт, эл эмне дейт деген түшүнүк мага эбак маанилүү болбой калганын кечээ сот жараянында да түшүндүм. Залда бир туугандарым, мага боор тарткан тилектештер шыкалып отурушту. Баарынын көзүндө “ушул бечараны үй камагына чыгарып коюшса экен” дегендей мени аяган сезимдер турду.
Макул дейли, үйгө чыгып бардым. Эмне өзгөрөт? Баягы коом баягы бойдон тосуп алат да мени. Көп болсо Назгүлгө болгон сагынычым таркап, чер жазыша сырдашабыз, муңдашабыз... Андан арычы?.. Менин абакка келгендеги максатым коомдо бир нерсени өзгөртүү эмес беле?
Тула боюм эле тор ичинде болбосо, ойлорум эркин сабалап, элге тарап жатат. Аларды ооздуктоого темир тордун алы жетпейт. Анан да интернет доорундагы зор мүмкүнчүлүккө ээ 21-кылымдын ыкыбалдуу жазуучусумун. Карт тарыхтан зындан түбүндө, түрмөлөрдө сөөгү чирип, далай ойчулдар, даанышмандар, акындар шорлогонун билебиз. Биздин заманда темир тор артына кабылган мендей жиндиге абактын өзү зор азаттык!
Дагы караңыз Абак күндөлүгү: Кайраттуу адамдарсыз эл бүлүнөтМен түмөндөгөн жүрөктөргө чыйыр издеген, түмөндөгөн жүрөктөрдү ойготкон, ойлонткон, рухий жылуулук тартуулаган элдик талант болгум келет. Сот залында темир кишен салынган колумдан кармап амандык сурашкан замандаштарыма рухий айбат, кайрат, дем-күч бергим бар! Өз өжөрлүгүм менен сырттагы келечектен үмүтү үзүлүп, мүңкүрөп бараткан замандаштарыма ишеничтин отун чачкым бар!
*** *** ***
Эне тилибиздин сулуулугун, мукам, уккулуктуу кудурет-күчкө ээ экенин бешиктеги наристелер туюп, ар бир кыргыз урпагынын тили жатык, жетик чыксын десек, анын байтүп тамырын адабиятта дагы, маданиятта дагы бутак-шактатып байытуу ар бирибиздин адамдык дагы, жарандык дагы вазийпабыз. Бул жаатта адабият менен маданият ишмерлеринин жоопкерчилиги өзгөчө.
*** *** ***
Мен күнү-түнү Адабият менен бир жаздыкта жатам. Менин мындагы жанкүйөрүм да, сырдашым да, муңдашым да Адабият. Экөөбүз чогуу уктайбыз. Түшүмдө да көркөм ойлор коштоп, Адабият ойготот уйкумдан. “Тур, - дейт ал шаштырып, - унутуп кала элегиңде жаз”.
Окторулган ойлор, саптар биринин артынан бири чууруп турса, уктап көр. Секирип турам да, калем-кагаздан жооруган колума дакини орой салып, шып отура калам. Калемимдин дүбүртү аргымак аттын төрт аягындай тынбайт анан. Түнкү саат 03:00дө же 03:00дө ойгоном. Абакта жымжырттык.
Менин гана калемимдин дүбүртү угулат. Жанымдагы саат да тынбай: “Чык-чык-чык!” – дей берет. “Чыкканымда сен эле тилеп жатканың жок, үйдө Назгүл кат жазган сайын боштондукка чыгышымды тиленип олтурат”, – дейм оюнда арамы жок кара саатка. Анын мага тилеги аппак туюлат: жыйырма төрт саат бою: “Чык-чык-чык!” - дейт. Беш айдан бери жаагы басылбай чыгышымды тилейт кургур. Сыртта менин абактан чыгышымды чыдамсыз менен күткөн бир туугандарым, досторум, санаалаштарым сыяктуу жанымдагы кара саат да ак дилден боштондугумду тилегенсийт.
“Чыгам досум! Киши өлтүрдүм беле?.. Казына уурдадым беле?.. Өз оюмду ачык айтканым үчүн жазаланып отурганыма эч өкүнбөйм!” – дедим бүгүн ага.
*** *** ***
Китеп бетин ачпас элибиздин дилине жетер чыйыр издейм. Элибизди канткенде китепке кынык алдырабыз деп көп ойлоном. Анын бир гана жолу – Алп Адабиятты жаратуу (келечекте түптөлө турган кыргыздын улуу адабиятын ушинтип атадым). Китеп окубас элибизди өз эне тили кандай бай, терең, жугумдуу, жагымдуу экендигине таң калтырар Алп Адабиятты жаратсак дейм.
Бир эле учурда эне тилибиз аркылуу дүйнөлүк адабияттын бийик үлгүлөрүн кыргыз тилине оодарып, жумурай-журтка таанытып, жалпы калайык-калкты агартып-көгөртсөк деп тилек кылам.
Улуттук каада-салттарыбызды, ата-бабалардан келе жаткан жөрөлгөлөрдү да унутпай, ар тараптуу өнүккөн, эң башкысы, эркиндикти, мыйзамдуулукту туу туткан эл, өлкө болсок деп кыялданам.
Дагы караңыз Балдардын чындыгын укканга чыдайбызбы?Жакшылык эмне, жамандык эмне, адилдик эмне, наадандык эмне, акыйкаты кайсы, жалганы кайсы? Ушул суроолорго ар бир окурман колундагы Алп Адабияттан жооп тапса дейм. Китептин соңку бетине жеткенде бул дүйнөнүн дагы бир зор ыракаты, зор бакыты, рухий кумары Алп Адабият экенин туйса дейм. Ансыз биз китеп бетин ачпас элибиздин аң-сезимин, эс-акылын өстүрө албайбыз. Жалпы элдин дилиндеги изги сезимдерип ойготуп, ар бир инсанды адилдикке, калыстыкка үндөгөн, ар бир инсандын абийирин, ар-намысын козгогон Алп адабият жаратууга тийишпиз! Менин кыялымдагы Алп адабият эркин ойлоп, өз пикирин эркин туюнткан жаңы муунду, т.а. жан дүйнөсүндөгү кулчулук сезимдин тамырын кырккан муунду тарбиялап өстүрүшү зарыл.
12.01.24
Мен бул күндөрү абакта отурганым менен, сыртта мени эш тутар ар-намыстуу, абийирдүү азчылык бар экенин алардын соцтармактардагы ачык пикирлеринен да баамдап жатам. Алардын колдоосу, тилектештиги кат аркылуу жетүүдө.
*** *** ***
Мен атаандаштыкты сүйөм. Көздөрүн жайнатып бийликке тилемчи болуп отурбай, Жазуучулар бирлиги да ордунан козголсо, намыска келсе дейм. Альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү Жазуучулар бирлиги да издесе дейм. Алп Адабият жөнүндө алар да, мен да бирге ойлонсок дейм.
Окурмандар журтунун жүрөгүнө жетер чыйырды бирге издесек дейм. Алп Адабиятты жараткан авторлордун чыгармалары өмүрү китеп окубаган элибиздин кызыгуусун арттырып, көркөм табитин ойготуп, ар бир үй-бүлөдө китеп текчелер пайда болсо деп кыялданам! Окурмандын сезим-туюмдарын удургутуп, ойготкон, ойлонууга түрткөн, жан дүйнөсүн кытыгылаган көркөм туундуларды жаратсак кандай жакшы. Эне тилибизде китеп сүйүүчүлөрдү таң калтырып, тамшандырып ийер касиетке, кудурет-күчкө ээ, элестүү, жандуу сөздөр, жалындуу сөздөр, ширин сөздөр, курч сөздөр, мурч сөздөр канча-ов!
13.01.24
Эгемендик доорунда эркин адабият бар дегенибиз менен, отуз жылдан берки бийликтин ээнбаштыгын ашкерелеген, бүгүнкү турмуштун чыныгы жүзүн чагылдырган адабиятты калыптай алдыкпы? Адабий коомчулук демократия, эркиндик, акыйкаттык, адам укугу ж.б. гуманисттик идеяларды даңазалаган көзгө көрүнөрлүк кандай эмгек кылдык?!
Тескерисинче, элдин адеп-ахлак баалуулуктарын талкалап, жемкорлукка, кылмыштуулукка кынык алдырган бийлик системасын түптөгөндөрдүн колунан сыйлык-наам алуудан да жийиркенип коюшкан жок го, түгөнгүрлөр!
*** *** ***
Мен акыйкаттык, чындык, эркиндик үчүн башымды сайган кишимин. Ошондуктан мени бийлик дагы, темир тор дагы, өлүм дагы коркута албайт. Башкача айтканда мен өлүм коркунучун жеңген жиндимин. Өжөрмүн. Ойчулмун. Мен эми Алп Адабиятты жаратар улуу кыял менен уктаган, алп адабият менен жашаган жазуучумун!
Тоталитардык же авторитардык системада курулган бийлик эл массасын бирдей ойлонууга, бирдей сүйлөөгө үйрөтөт. Башкача ойлонуу, башкача сүйлөө мүмкүн эмес аларда. Окшошкон коомдор алар.
Бүгүнкү кыргыз бийлиги да башкача ойлонгондорду кыртышы сүйбөй, куугунтукка алганын көрүп жатабыз. Элдин тилин тишине каттыруу менен митингдерге тыюу салып, соцтармакта өз пикирин билдиргендерге эскертүү кылып, камаганын камоодо. Молдокелер калайык-калкты тозок менен коркуткандай, бийликтегилер да бүт баарын темир торлор менен коркутууну адат кылып алды көрүнөт.
Дагы караңыз Күндөлүк. Абак – улуу ойлордун уясы, учуп чыкканы-чыкпаганы барМендей Алп Адабият жаратуу кыялы бар кайсарды бийлик бүгүн тоотпогону менен, эртең андан моралдык суроо-жооп ала турган рухий күрөш жүргүзчүлөр арбыйт.
Мен элдин да, бийликтин да көзүн ачкым бар. Менин көздөгөнүм бирөө гана – коомдо рухий ордону түптөө. Ал рухий ордонун жолу – эркиндик жолу, мыйзамдуулук жолу. Ал рухий ордо – эркин, илим-билимдүү өлкө, жарандык коом, ар бир адамдын укугу, кызыкчылыгы сакталган, мыйзам аркылуу корголгон демократиялуу мамлекет. Мен ошол рухий ордону курууга бел байлаганмын. Бирок мен эч качан бийлик ордосуна жутунбаймын, тек, рухий лидер гана болгум келет. Ошондой эле мен ар кандай төңкөрүш-тополоңдорго да, күч менен бийлик алмаштырганга да караманча каршымын. Айтмакчы, жана мен айтып өткөн рухий ордонун Руханий Конституциясы да жазылган.
*** *** ***
Акыркы сот процессимде маймылканада отурган беш арестант менен кобурашып отурсам, баары беш маал намаз окугандар экен. Экөөсү киши өлтүрүп камалыптыр. Экөө тең жапжаш жигиттер!
Үчүнчүсү мени сыртыман тааныйт экен. Ютубда бийликти сындаганымды көргөн окшойт. Ошол жигит:
- Отуз жылдан бери ушундай болуп келатканыбыз Алла Тааланын каалоосу, - дейт.
- Эй, үкам! – дедим. - Эмне, Алла Тааланын кыргызда өчү бар бекен? Кыргызстанды коррупция сазына батырып, жумушсуз калган элди тентитип, сот системасы калайык-калкты сыздатсын деген экен да ээ? – дедим какшыктап. Анда да оозу кыйшайбай:
- Баары Алланын буйругу, Алланын каалоосу, - деген анын сөзүн жанында отургандар да кубаттап-коштогонун көрүп, жолуң болгур кыргыз Кудайдын өзүн да жеткен адилетсиз, ташбоор, кара ниет кылып алганбы деген ойго кеттим...
Элдин басымдуу бөлүгү караңгы, түркөй экенин таасын чагылдырган көрүнүш бул! Элдин рухун, дилин агартпасак ушул! Элдин аң-сезимин, билимин өстүрсөк, кылмыштуулук азаймак. Дүйнөдө кайсыл эл билимге жетсе, ошол өлкөдө кылмыштуулук азайып, түрмөлөр бошогонун качан ойлонобуз?!
Учурда кылмыштуулук жөнүндө кабарларды мамлекеттик телеканалдар күнү куру эмес какшагандан эле кылмыштуулук азайып кетсе кана! Өлкөдө кылмыштуулукту азайтуунун бир гана жолу – элибизди агартып, көгөртүү. Илим-билим, маданиятка, адабият, искусствого көңүл буруу!
15.01.24
Дүйнөнүн көп элдери өздөрүнүн оозеки адабиятын сактап кала алган эмес. Бизде куштун кош канатындай оозеки адабият да, жазма адабият да бар. Оозеки адабиятыбыздын башаты – “Манас” дастанын жана кенже эпосторубузду айтуучулар, төкмөлөр, чечендер, дастанчылар муундан-муунга жеткирип келишкен. Ошол оозеки элдик чыгармаларда элибиздин кулк-мүнөзү, ой-кыялы, мүдөө-тилеги, басып өткөн тарыхы жатат. Дүйнө адабиятындагыдай эле мазмунунда адилеттүүлүк, адилетсиздик, ак менен каранын күрөшү чагылдырылган. Айткылачы, ошол элдик адабиятыбызды кылымдан-кылымга улантып келген манасчылар, ырчылар, акындар, дастанчылар жарандык коом эмей ким? Демек, дээринен эркиндикти сүйгөн кыргыздарда жарандык коом мурда да болгон жана мындан ары да боло бермекчи.
Дагы караңыз Жаран болуу – адам болууга тепкичУчурда караңгы, түркөйдүн көбү жарандык коомду Батыштын акчасына жалданган бузукулар деп ойлошот. Бирок таптакыр андай эмес. Ошол жарандык коом (манасчы, ырчы-акын, дастанчы, жомокчу, чечен, эл арасындагы даанышмандар ж.б.у.с.) бар болгону үчүн биз өз жүзүбүздү жоготпой, эл, улут катары сакталып калдык.
*** *** ***
Оозеки элдик адабиятыбыздын өзү – чоң адабий институт, академия. Тек биз аны толук аңдап-билбей, маанисине жетпей келебиз, аттиң!
Бүгүн жарандык коомдон сетиркеген сабатсыздар элдик адабиятка үңүлгөн болсо, андан демократия үчүн болгон күрөштү, жеке басар бийликке каяша айтып, каршы турган элдин мүнөзүн баамдамак. Өспүрүм куракка жеткендеги Манастын ордо ойнунда ээнбаштыгы эле эмнени туюнтпайт. Өзү кырдуу курбулары менен чүкө атууда Манас жаңы талап, жаңы эреже киргизип, ортодогу ханды мээлеп атууга экимет таштаганы демократия тууралуу ишарат эмеспи! Жарандык коомду элге бузуку көрсөткөн күчтөр элдик адабиятка назар салган болсо бүгүнкү жарандык коомдун милдетин аткарган алдыңкы катмар так ошол элдик оозеки адабиятыбызда жашап келгенинен кабардар болмок. Алар да адамдын эркиндигин, ар-намысын, укугун, мүлкүн коргошкон. Эненин, Аялзаттын таламын талашкан феминисттери да болгон. Кедей-кембагал, каратаман калкты тебелеп-тепсеп, барын өкүм зордук менен тартып алган бийликти айыптап ырдаган...
16.01.24