Ташкендин темир жол блокадасы Дүйшөмбүнү майтарабы?

Тажикстандын Ривот кыштагын Өзбекстан менен бөлгөн чек арадагы атайын казылган аң. 2-апрель, 2010

Өзбекстан Тажикстанга өткөрбөй жаткан вагондордун саны эки жарым миңге чукулдап калды.

Тажик өкмөтүнүн билдиришинче, Өзбекстандын темир жол блокадасынан Дүйшөмбү тарткан чыгым 100 миллион долларга чыкты. Ташкендин Тажикстанга кеткен бирден бир темир жолду

Дүйшөмбү темир жол чатагын жөндөөгө көмөктөшүүнү сурап, АКШга, Германияга, Японияга, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кайрылса да азырынча майнап жок.

тосуусу жарды өлкөнүн экономикасын ого бетер татаалдантууда. Бул жагдай Тажик өкмөтүн Өзбекстанды айланып өтчү темир жолду куруу боюнча долбоордун үстүнөн иштөөгө мажбурлоодо.

Тажикстан-Өзбекстан чек арасында. 11-март 2010

Өзбекстандын темир жолду тосуусу коңшулаш эки өлкө ортосунда акыркы жылдары ырбап бараткан суу ресурстары жана электр энергиясы менен камсыздоого, атүгүл шпиондук айыптоолорго байланышкан чатактын уландысы.

Ырасмий Ташкен “сейсмологиялык проблемаларга жана суу ташкындын кесепетинен” темир жолдун 11 чакырымдай бөлүгүн пайдалануу коопсуз болуп жатканын, аны оңдогонго “финансылык-техникалык каражаттар тартыш” экенин айтып актанууда. Бирок Тажик тараптын жумушту өзүбүз бүткөрөйлү деген өтүнүчүн четке каккан.

Ташкен Тажикстанга жүк тарткан вагондорду тосууну 2009-жылы Дүйшөмбү Рогун ГЭСинин курулушуна киршикенде баштаган. Өзбек тараптын ырасташынча, ГЭС курулса, суу тартыш болуп, өлкөнүн пахта чарбасы зыян тартат. Ал эми 330 метрлик плотина 10 баллдык жер титирөөгө чыдабайт экен.

Тажик жетекчилиги ГЭСти курууга Өзбекстандын кыш айларында көгүлтүр отунду жана электр энергиясын түрдүү шылтоолор менен бербей койгону түртүп жатканын айткан. Ташкен өз территориясы аркылуу Тажикстанга Түркмөнстан жана Кыргызстандан келген электр энергиясын да өткөрбөй койгон.

Рогун ГЭСин курууга зарыл совет доорунан калган эски жабдуу-техникалар. 2009

Өзбекстан февралдан тарта ГЭСти курууга зарыл материалдарды, эксваторлорду жана жабдууларды да өткөрбөй жатат. Тажик бийликтеринин айтышынча, НАТОнун Оооганстандагы аскерлерине деген 300дөй вагон жүк да кармалууда.

Ташкен темир жол пайдаланууга кооптуу дегени менен азык түлүк жүктөлгөн вагондорду өткөрүп турат. Дүйшөмбү темир жол чатагын жөндөөгө көмөктөшүүнү сурап, АКШ, Германия, Японияга, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кайрылса да азырынча майнап жок.

Дүйшөмбүлүк эксперт Самуддин Дустов Өзбекстандын темир жол блокадасы түздүн түз Рогун ГЭСин курууга каршы багытталган деп боолгойт:

- Тажик өкмөтү кыйын абалга кабылган себеби: Рогун долбоору кандай татаал проблемалар менен байланышканын көрө билбеди. Тажикстандын Рогунду жалпы элдик долбоор деп жарыялоосу да чоң мүшкүлдү алып келди. Өзбек акылмандары Тажикстанга каршы ойлоп тапкан буроолордун бири туруктуу экономикалык блокада болууда.

Дүйшөмбү бу жагдайда альтернативдүү жолдорду издөөдө. Өткөн аптада Тажикстан жана Ирандын өкүлдөрү эки өлкөнү Ооганстан аркылуу туташтырган темир жол долбоорун талкуулашты. Чыгышта Кытайга, батышта Түркмөнстанга чыккан темир жолду куруу маселеси Тажик парламентинде да талкууланды.

Талдоочулардын айтышынча, Тажикстанды Кытай же Ооганстан аркылуу тыш дүйнөгө чыгарган темир жолду бүткөргөнгө азы беш жыл керек. Анын үстүнө Ооганстандагы кырдаал качан бир жаңсыл болору белгисиз.