Чек арасыз кабарчылар Өзбекстанда беш журналисттин соттолушун айыптады

"Нурчулар" уюмунун мүчөсү деп айыпталган журналисттер сотто. Ташкент, февраль, 2009-ж.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму Өзбекстанда беш журналисттин сегиз жылдан он эки жылга чейин түрмөгө кесилүүсүн айыптады. Бул тууралуу аталган уюм ушул аптада тараткан билдирүүдө айтылат.

Өзбекстандык беш журналист тыюу салынган исламчыл уюмдун мүчөсү болгон жана ошол уюм тарабынан каржыланган журнал чыгарганы үчүн күнөөлүү деп табылган.

"Ирмок" ("Булак") деп аталган журналдын беш кызматкерине карата өкүмүн Ташкенттин кылмыш иштери боюнча шаардык соту 26-февраль күнү эле угузган. Журналисттер: Бахром Ибрагимов, Давран Кабиловго 12, Равшанбек Вафоевге10, Абдулазиз Дадахонов менен Батырбек Эшкозиевге 8 жылдык түрмө жазасы чектелди. Алардын бары жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги коллонияда өтөөсү керек.

Илимий - агартуучулук багыттагы журналдын беш кызматкери Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 244-беренесинин экинчи бөлүгү боюнча "коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч туудурган маазмундагы материалдарды даярдаганы жана таратканы", ошол эле 244-берененин биринчи бөлүгү боюнча "диний экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталисттик жана башка тыюу салынган уюмга катышканы" үчүн күнөөлүү деп табылышты.

Бул беш калемгердин иши түбү Түркиядан чыккан "Нурчулар" уюму менен байланыштырылууда. Өзбекстандын тергөө органдарынын ырастоосунда "Ирмок" журналын чыгаргандар аталган уюмдан каржылык көмөк алып турган.

2007-жылдан тарта 1500 миң эле нуска менен чыга баштаган журнал, айтымда, окурмандар арасында дароо эле ийгилик тапкан, бирок 2008-жылдын августунда бийлик тарабынан жабылган эле.

Учурда бозгунда жашоого аргасыз болгон өзбекстандык укук коргоочу Умида Ниязова журналисттерге тагылган айыптоонун кортундусу менен таанышкан. Ал бизге төмөнкүлөрдү айтты:

Укук коргоочу Умида Ниязова

- Бул иш карама-каршылыктуу. Көз карандысыздыктын башында, Түркиянын таасири Өзбекстанда кыйла эле күчтүү болуп турган кезде "Нур" диний тобу мыйзамдуу деп эсептелчү. Атүгүл расмий басма бул топтун жетекчилеринин президент Ислам Каримовго жолдонгон куттуктоолору жарыяланып туруучу. Алар Өзбекстан боюнча түрк лицейлеринин түйүнүн каржылоочу, башкача айтканда, ушундай мыйзамдуу мамилелер болгон. Кайсыл бир баскычка келгенде мамилелер бузулду, лицейлер жабылды. Айыптоо кортундусунда айтылгандарга караганда, алар (соттолгон журналисттер) "Нур" диний тобунун жолун кармангандар экенин моюнга алышкан, бирок ошол эле учурда билим берүү программалары менен гана алектенүүнү каалашканын, саясий режимге толугу менен лоялдуу экенин айтышкан. Алардын күнөөсү эмнеде экенин түшүнүксүз. Бул топтун мүчөсү болгон күндө да, сегиз жылдан он эки жылга чейин кескидей эмне кылмыш жасаганы анык эмес. Мен чыгарылган өкүм жана берилген жаза алардын аракеттерине ылайык келбейт деп эсептейм.

Умида Ниязова биз менен маегинде соттолгон журналисттер жогорку инстанциядагы сотко аппеляциялык арыз менен кайрылганын, бирок өкүм өзгөрүп кетерине үмүт аз экенин кошумчалады.

Чек арасыз кабарчылар уюму болсо өз билдирүүсүндө "беш журналисттин диний ишеними Өзбекстанда эркин басма сөздүн өкүм сүрүүсүнө жол бербөөгө шылтоо гана экенин, айыптоочу тарап соттун жүрүшүндө аларга каршы далилдерди келтире албаганын" белгилейт.

Аталган уюм басма сөз эркиндиги боюнча 2008-жылкы индексинде Өзбекстанды 173 өлкөнүн ичинен 162-орунга жайгаштырган. Чек арасыз кабарчылардын маалыматына караганда, учурда кеминде дагы үч журналист (Жамшид Каримов, Юсуф Рузимурадов, Мухаммед Бекжанов) түрмөдө же психиатриялык ооруканда кармалууда. Ошондой эле өткөн айдан бери абакта Дилмурод Сайид деген журналист жана укук коргоочу да абакта отурат. Ал опузалоо аркылуу акча өндүрүрүүнү көздөгөн деген шек менен 22-февралда камалган.