Украина cаясый-экономикалык «мега-кризистин» кырында

Украина. Банктардан аманат акчаларын ала албаган Киевдин тургундары

Нааразы шопурлардын жол буумайы, акчасын алалбаган аманатчылардын банктарды акмалоосу, полициянын өкмөттүк энергокомпанияны тинтүүсү, президент менен премьердин таймашы Украина үчүн кадыресе көрүнүш.

Президент Виктор Ющенко менен премьер-министр Юлия Тимошенконун түгөнбөгөн тиреши Украинанын саясый элитасын жаатка бөлүп, өкмөттүн тыштан жардам алуу аракетин текке кетирүүдө. «Саргылтым ынкылап» учурунда колтукташ жүргөн санаалаштардын «кочкор сүзүшүн» жана Украинадагы саясый-экономикалык кырдаалды польшалык серепчи Евгениюс Смоляр «чоң алаамат» же «мега-кризис» деп мүнөздөйт:

- Украин элитасы кризис менен саясый да экономикалык да деңгээлде күрөшүүгө такыр жөндөмсүз болууда. Алар улуттук кризис учурунда мини-кризиске каршы чараларды колдонууда. Бул мега-кризис.

Евгениюс Смоляр - Варшавадагы Эларалык байланыштар борборунун башчысы.

Мега-кризис элдик толкундоолорду жаратып, Чыгыш Европа менен Россия ортосундагы стратегиялык жактан маанилүү 46 миллион элдүү өлкөдө Москванын таасирин күчөтүшү этимал деп чочушат серепчилер. Мындай кооптонуу тегин эмес.

Акыркы жумаларда салыкты азайтууну талап кылган шопурлар Киев-Одесса канжолун буушту. Киев мэриясынын соодагерлерге жаңы күркө сатуу планы да катуу нааразылыкты жаратты. Херсон комбайн заводунун жумушчулары маяналарын төлөп берүүнү талап кылып, шаардык мээрияны ээлеп алышты. Майда шаарларда акысын төлөй албай, суусуз жана токсуз отургандар да арбын.

Львовтук ишкер Андрей Лалак жана башка ондогон аманатчылар бир айдан бери BM банкын акмалап жүрүшөт. «Биз күчсүзбүз. Мага окшогондордун акчасы берилбесин деген кутум бардай. Мен бизнес кылышым керек. Ал үчүн кеңсе сатып алайын дегем. Минтип колум байланып отурам», дейт банктан 11 700 долларын ала албай жүргөн чакан ишканасы бар Андрей Лалак.

Украинанын өнөр жай жыйымы январда 34 процентке кыскарды. Бул 1991-жылдан берки эң жаман көрсөткүч. Жумушсуздук өсүп, улуттук акча - гривнанын куну качууда.

Украиндер экономикалык каатчылыкка чыдабай бир күнү толкушу мүмкүн дешет байкоочулар. Вашингтондогу Брукингс институтунун илимпозу, АКШнын Украинадагы мурдакы элчиси )Стивен Пайфер жыл Украина үчүн өтө татаал болушу мүмкүн деп боолгойт:

-Украиндер, ырас эле, туңгуюкттан жол тапканга жөндөмдүү. Бирок, жарга улам каптала берсеңиз, этият болбой каласыз. Бул жыл украиналыктар этият болушпаса, зор кыйынчылыктарга кабылышы этимал же коркунучту азайтчу ыңгайды колдон чыгарышы мүмкүн.

Стивен Пайфердин сөзүнчө, президент кеңсеси - өкмөт, Ющенко-Тимошенко арасындагы эрегиш Украинанын эларалык аброюна да зыян кылууда.

Ющенко менен Тимошенконун чатагы былтыр Эларалык валюта корунан 16, 4 миллиард долларлык кредитти алуу боюнча сүйлөшүүгө бир кыйла тоскоол болду. Кор ноябрда 4, 5 миллиард берди. Бирок, өкмөт бюджеттин тартыштыгын 5 процент деп пландаган соң, февралга убада кылган 1, 9 миллиард долларды токтотуп койду.