Украинадагы кечээги президенттик шайлоо “Азаттыктын” таңкы түз обосунда талкууга алынып, Кыргызстандын БШКсынын мурдагы мүчөсү Жеңишбек Акматов жана Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, саясат таанучу Жыргалбек Турдукожоев катышты. Бул эки маектешибиз тең Украинадагы мурдагы президенттик шайлоого байкоочу катары катышып келген.
“Азаттык”: - Жеңишбек мырза, мына президенттик шайлоодо кимдер экинчи айлампага чыгары белгилүү болуп калды. Бул Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен азыркы өкмөт башчы Юлия Тимошенко болуп калат окшойт. Андан кийин үчүнчү көбүрөөк добуш алган ишкер, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Сергей Тигипко көп добуш алганы менен мыйзам боюнча экинчи турга чыга албайт. Сиздин оюңузча, Украинадагы шайлоо эмнени көрсөтүп атат?
Жеңишбек Акматов: - Азыркы шайлоону карап туруп, Украинада 2004-жылдагы саргылт ыңкылап болгондогу шайлоо толугу менен кайталанып жатат десек болот. Мен ошол убакта ЕККУнун атынан эл аралык байкоочу катары катышып келгем. Ошондо деле азыркы талапкерлер катталган эле, Янукович менен Тимошенко бирөө биринчи штабдын башчы болсо, экинчиси башка штабда болгон. Бирок турмушта ар кандай пикир келишпестиктер болгон окшойт, ошол убактагы негизги штабдагы адамдар бүгүн да талапкерлигин койду, бирок эл ошол сценарийдеги эле Тимошенко менен Януковичке добуштарын беришкен экен.
Мына азыркы алгачкы шайлоонун жыйынтыктары боюнча да экинчи айлампага чоңураак айырма менен Тимошенко менен Янукович чыгып жатат. Эми экинчи айлампа мындан да кызык болот болуш керек, себеп дегенде өткөн 2004-жылдагы шайлоодо Ющенко менен Янукович чыгып, экинчи турда Янукович утуп алган. Бирок Жогорку Соттун кийлигишүүсү, жанагы көчөдөгү митинг маселелеринин айынан жанагы жыйынтыктын баары жокко чыгарылып, экинчи турдун кайталанма добуш берүүсүндө гана Ющенко жеңишке жетишти деп таанылган. Ошол ыңкылап шарданы менен жыйынтык болгон. Эми азыркы күндө андай болбойт, элдин добушу эске алынат деген үмүт бар.
“Азаттык”: - Жыргалбек мырза, Украинадагы шайлоолор кандай өткөнүнөн сиздин да кабарыңыз бар, анткени сиз дагы байкоочу катары катышып, ал жерде жашап көрүп келгенсиз. Мына ушул шайлоодо украин калкынын аябай саясий активдүүлүгү байкалды. 70%га жакын калк катышып атат дейт, мунун себеби эмгене байланыштуу?
Жыргалбек Турдукожоев: - Албетте, бул биринчи кезекте Украинада демократиялык өнүгүүнүн нугу абдан жакшы кыйшаюусуз түрдө уланып бараткандыгын далили деп мен ишенимдүү түрдө айта алам. 2004-жылы болгон түстүү ыңкылаптын нугунда өткөн алгачкы президенттик шайлоодо эле ошол демократиялык шайлоо башталган болчу. Ошол себептен Янукович эмес, ошол түстүү ыңкылаптын башында турган лидерлердин бири Ющенко президент болуп шайланган. Ошондо эле демократиялык принциптер Украинада абдан жакшы сакталып, шайлоо ак, чынчыл, акыйкат түрдө өткөн. Ал эми бул шайлоо болсо демократиялык өнүгүүнүн дагы бир тепкичке жеткенин далилдеп турат.
Себеп дегенде ошол убакта президент боло албай калган Янукович абдан күчтүү оппозиция болуп турду, Тимошенкого дагы, өлкөнүн президенти болуп турган Ющенкого дагы. Ошол эле учурда Тимошенко да Ющенко да бир сөз менен айтканда оппозицияга куугунтук көрсөткөн жок, мүмкүн болушунча мыйзамдарды так сактап, демократиялык принциптерди толук ишке ашырууга аракет кылып турду. Мына бүгүнкү шайлоодо Янукович менен Тимошенконун алдыга чыгып, экинчи айлампага өткөндөгүсү - бул дагы ошол шайлоонун акыйкат таза өткөндүгүнүн белгиси.
“Азаттык”: - Украинадагы шайлоодо добуш берип кеткенден кийинки сурамжылоонун жыйынтыгы 1% га жетпеген гана айырмачылыкты түзөт экен. Биздин кабарчыбыз Надыр Момунов Украинадагы шайлоодо байкоо салып жүрдү эле, биз түз эфирдин алдында байланышка чыккан элек, ошол пикирди угуп көрөлүк.
Надыр Момунов: - Биз ошол шайлоо участкаларынан эми эле келдик, бардыгы болуп Украинада президенттик шайлоого эң акыркы маалымат боюнча 70 пайызга жакын эл катышты. Биз Донецк облусунда мониторинг жүргүздүк, эми бул жакта байкоочулардын көз карашында шайлоо калыс өттү дегенге болот. Бул жакта Виктор Янукович алдыга чыгып, ага 70-80% добуш берип атышат.
“Азаттык”: - Тимошенконун акыбалы кандай?
Надыр Момунов: - Эми мына биринчи турда белгиллүү болуп калды. Мисалы чыгыш Украинада Януковичтин позициясы күчтүү болуп, биринчи орунда келе жатат, биринчи үч талапкердин арасына Тимошенко кирип атат, бирок Тигипко дагы чыкты.
“Азаттык”: - Жеңишбек мырза Украинадагы шайлоого катышкандан кийин сиз эми БШКнын мурдагы мүчөсү катары Кыргызстанда акыйкат, калыс шайлоо өткөрүү үчүн кандай иштер жасалды деп айта аласыз?
Жеңишбек Акматов: - Бул жерде шайлоонун акыйкат, таза өтүшүнө биринчи укуктук база керек. Азыр кандай өзгөртүүлөр киргенинен кабарым жок. Бирок теле аркылуу көрүп атканыбызга караганда, буларда дагы өркүндөп аткан экен. Булардын шайлоо мыйзамы абдан так, ачык, даана жазылган. Ошондуктан көбүнчө участокторунда абдан тынч, биздегидей кыйкырык сүрөөндөрдү көргөн эмес элем. Эң негизги мен өткөн шайлоодо барып көргөн киши катары ошол жактан ала турган эки нерсени айтып кетсем, буларда бизге окшоп шайлоо комиссиясына чектөө койбойт, кээ бир шайлоо участкаларында 28-30 га чейинки кишилер бар.
Экинчиси, бизде эң чоң оору - шайлоо күнү кошумча тизменин түзүлүшү. Бизде жанагы “айлампа” дегендеги көптөгөн ыплас нерселер ушул кошумча тизме аркылуу бүткөрүлөт. Ал эми Украинада кошумча тизмеге ошол жерде жашаганыңды сот аркылуу тастыктаганда гана шайлоо бюллетени берилет. Мен ушул норманы ошол жактан үйрөнүп келип, биздин Шайлоо кодексине биздеги мыйзамчылар менен түшүндүрүп, ушуну киргиздик эле. Бул жанагыдай бурмалоолорго бөгөт коет экен, бизде шайлоо таза өтпөгөнүн билесиздер да. Бирок “Ак жол” өткөн жылы ушул нормаларды кайра алып салып, илгерки Акаев, Иманбаев (БШКнын мурдагы төрагасы) убактагы каалаганы келип участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысына паспортун көргөзүп, кошумча тизмеге кире берет деген илгерки тамтыгы чыккан норманы кайра киргизип коюшту. Эми кечээ теледен айтып жатат, быйылкы жаңы норма үйүндө добуш бергендер үчүн шайлоо участкасына келе албайт деген врачтын справкасы керек деген дагы норманы сот чечиптир. Бул эми талаш маселе болуп атат, бул дагы бурмалоолорго бөгөт коючу бир рычаг деп эсептейм.
“Азаттык”: - Азыркы иштеп жаткан президент Ющенко ошол жанакы түстүү ыңкылаптан кийин Украинада колбаса, же болбосо май жөнүндө эмес, сөз эркиндиги, тандоо эркиндиги жөнүндө кеп кылышыбыз керек деген сөздү айтыптыр. Анткени мына Кыргызстан дагы түстүү ыңкылапка окшогон бийлик алмашуусун башынан өткөрдү эле. Жыргалбек мырза, Кыргызстан 2005-жылкы элдик толкундун күчүн демократиялык жаңылануу нугуна бура алдыбы?
Жыргалбек Турдукожоев: - Кесе эле айтыш керек, эч бурулган жок, Кыргызстанда акыркы эки шайлоо башкача айтканда, 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоо, өткөн жылы өткөн президенттик шайлоо - бул 2005-жылы өткөн ыңкылап дейбизби, март окуялары дейбизби, ошонун талаптары эч аткарылбай тескерисинче кеткенин толук аныктады. Бизде Жеңишбек мырза айткандай, мыйзамдардын базасынын жоктугунан эмес, ошол мыйзамдардын сакталбаганынан, биз кабыл алган чет өлкөлүк, эл аралык милдеттенмелердин сакталбаганынан шайлоолор ыпылас өтүп, ошого бийлик кызыкдар болуп, каалаган партиясын же каалаган кишисин өткөргөнгө бүт баардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап келгенин өз көзүбуз менен көрдүк. Кыскасы 2005-жылдагы марттын талаптары бизде көмүлүп, шайлоо эмес эле демократия жайлоо болуп калды десек жаңылышпайбыз.
“Азаттык”: - Рахмат сиздерге!