АКШнын мамкатчысы Казанда болду

АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Москвадагы жолугушууларынан кийин Татарстандын борбору Казан шаарында болуп кетти.
Учактык аба майданына сый конок келип түшөрү менен аны Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев тосуп алды. Европадагы ири мечиттерден болгон Кул-Шарифке кирерде Клинтон айымдын башына жоолук салып тосушту. Ал жерде мусулман адаты боюнча баш кошуп аткан жаш жубайдын тоюна күбө болгон.

Андан соң ошол эле жердеги Благовещенский соборго да барган. Ал жерде да Клинтон айымдын башына жоолук салып тосушкан. Ошол эле күнү жумурият башчысы Минтимер Шаймиев менен, Казан университетинин студенттер менен жолугушкан.

Калк арасында «Эмне үчүн Казанга?» деген суроо көп болгондуктан Клинтон айымдын сапарын анын чачпагын көтөрүшүп жүргөндөр, ал жумурият калкы ар кошкон эл, бир нече динге таат кылса да бир ынтымакта жашашат – ошол кызыктырат деп чечмелешүүдө.
Мындай ойду АКШ мамкатчысына жардамчылардын бири Филип Гордон айткан:

«Татарстандын ички өнүгүүсүнөн улам, ал жумуримятта диний лидерлер, жаш мусулмандар өкүлдөрү жана жарандык уюмдар өкүлдөрү менен жолугушуп, кийин аны башка өлкөлөрдө пайдалануу максатында барды мамкатчы».

Серепчилер арасы болсо мынча даражалуу коноктун Казанга барышы Ак үйдүн бир эле Кремль менен эмес - көп кырдуу коомдук дипломатия жолуна түшкөндүгүнөн деп айтышат.

Кийинки эл каттоо жыйынтыгы боюнча Татарстанда 3 миллион 800 миң калк жашайт. Алардын 53 пайызга чукулу мусулман Динин, 39 жарым пайызы православие динин карманышат. Ошого карабай ар улуттагы жарандар ынтымакта жашашарын айтышат.

«Казан - көп улуттун шаары. Ар кыл диндер чыр чатагы жок жашашат. Майрамыбыз бир. Мен бир жолу орус патриарх, татар имам жана жөөт раввини бирге баарлашып басып баратканын өз көзүм менен көрдүм» - дейт маселен Миргалим атту карыя.

Өлкөдө адам укугу тебеленип атышын Казан шаарынын тургуну Байрамова айткан:

«Орусияда адам укугу тебеленип атышын Клинтон билеби? Билим берүү боюнча жаңы мыйзам негизинде саны аздык кылган элдердин балдары эне тилинде билим алууга болбошун билеби? Христиан дини ырасмий динге айланып, мектептерде анын окутула баштаганын билеби? Эгерде мунун баарын билсе анда Кошмо Штаттары аны жоюу үчүн кандай чара көрөт?» - деп суроо коет.

Ал эми «Назависимая газетага» Ян Гордеев жазганга караганда, «15-октябрь - 1552-жыл Иван Грозныйдын колу Казан кандыгын жеңген күн катары эскерилет». Ошол эле учурда Татарстанга президент Барак Обаманын администрациясынын кызыга башташы саал мурдараакта болгон.

Үстүдөгү жылдын жайында Обама Москвага ырасмий иш сапары менен келгенде, бир жолу сүйлөгөн сөзүндө Казанды атай кеткен. Экспертер ошол жолу америкалык лидердин кокусунан Казанды атап атпашын жана ал ишарат экенин анализчилер сайып көргөзүшкөн. Азыр Казан шаарынын тарыхында биринчи жолу америкалык тышкы иштер саясатын жетектеген Хиллари Клинтон келип олтурат деп каңкуулашкандар да бар.

Орусиялык саясый анализчи Андрей Пионтковский болсо: «Бул жолу Шаймиев тышкы саясат боюнча ой жорутуусу абдан кылдат болот», - деп эскерет.

Кайсы бир серепчилер жок, Москва кайра өзү Казанды мамлекеттин үчүнчү ордо калаасы деп атады. Эл аралык мусулмандар кинофестивалын өткөртүп атат. Кыйраган мечитин кайра курууга уруксат берди. Казан шаары 2000-жылы ЮНЕСКО аркылуу дүйнө мурастарынын бири дедиртти, ошол себептүү америкалык бийик даражалуу конокко Казанга барууга Кремлдин өзүнөн уруксат болгон дешет.

Эмнеси болсо да АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон айым европадагы узак иш сапарын: Лондон, Цюрих, Дублин, Белфаст жана Москвадан кийинки көз көргөзүп өткөн шаар – Казан болду.