Москва Иранга каршы санкцияларды колдошу мүмкүн

Дмитрий Медведев менен Барак Обама Нью-Йоркто жолугушту. 23-сентябрь, 2009-ж.

Орус президенти Дмитрий Медведев Нью-Йоркто Барак Обама менен жолугушуудан кийин Москва АКШнын Иранга каршы санкцияларын колдоп бериши мүмкүн деп билдирди.
Медведев-Обама жолугушуусунда башкы сөз Ирандын талаштуу өзөктүк программасы тууралуу болгонун эки жетекчи бирдей ырасташты. Барак Обама АКШ менен Орусия экөө бирдей Иран тынч максатты көздөгөн өзөктүк энергия булактарын өнүктүрө алат, бирок бул программа атомдук курал даярдоого колдонулбаш керек деп эсептээрин белгиледи:

- Биз өз ара бул проблема дипломатиялык жолдор аркылуу чечилиши керек деген көз карашта экенибизди ырастадык, ошондой эле мен Иран менен бул маселе жаатында абдан олуттуу маанайда сүйлөшүүгө даяр экенимди билдирдим.

Дмитрий Медведев Обаманын айткандарын кубаттап, Тегеран “туура жолго” түшпөсө, Москва ага каршы санкцияларды караштырышы мүмкүн деп кошумчалады.

- Биздин алдыбыздагы милдет – Иран үчүн жай турмуш максатындагы өзөктүк энергия өндүрүүгө жол ачып, ошол эле убакта өзөктүк курал жасай албагыдай сүрөөнчүлүк системасын түзүшүбүз керек.

Орусия президенти андан ары санкциялар жыйынтык берген учур сейрек кездешет, бирок кээде андан башка жол калбайт деп кайталап басым жасай кетти. Айрым байкоочулар Москванын бул маселеде Вашингтонду колдой баштаганы, балким, АКШны Чехия менен Польшада антиракеталык система орнотуу планынан баш тарттырган соодалашуунун жыйынтыгыдыр деген жоромолун айтышууда.

Эмнеси болсо да, Орусия – Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкөнүн бири катары АКШнын Иранга карата санкциялар сунушуна вето коюу укугуна ээ. Кеңешке мүчө беш өлкө жана Германиянын тышкы иштер министрлери шаршембиде Нью-Йоркто чогулушуп, Ирандын бийликтери менен 1-октябрга белгиленген сүйлөшүүлөр тартибин талкуулашты. Барак Обама Москва бул маселеде Вашингтонду колдой турганын дагы бир жолу баса белгиледи:

Мен билгендей, Орусия менен АКШ, эгерде Иран омоктуу сүйлөшүүлөргө жооп бербей, эл аралык коомчулукту өзөктүк курал даярдап атпаганына ынандыра албаса, биз кошумча санкциялар, өтө олуттуу санкциялар киргизишибиз мүмкүн деп макулдаштык”.

Андан сырткары Медведев менен Обама Москванын Европадагы коопсуздук боюнча жаңы система түзүп, НАТО менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ордуна жаңы мекемени пайдалануу сунушун талкуулашты. Азырынча Обама бул сунушту кандай кабыл алганы белгисиз.

Орус президенти учурдан пайдаланып, шаршембиде Улуттар уюмунун башкы ассамблеясында айткан сөздөрүн кайталады: “Баарынан мурда биз эски көз караштарды артта калтырышыбыз керек. Кансыз согуш артта калды деп үмүттөнүп келатабыз, бирок андан дүйнө коопсуз боло түшкөн жок”.

Европалык дипломаттар Москванын сунушун талкуулоого кызыкдар экенин билдиришти. Батыш өлкөлөрү негизинен НАТО менен Европадагы коопсуздук уюмун башка нерсеге алмаштыруунун азырынча кажети жок деген пикирде.