Конгресс Ак үйдүн Пакистанга жардамды көбөйтүү сунушун кароодо

Барак Обама Хамид Карзай жана Асиф Али Зардари менен 6-май күнү жолукту.

АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Конгрессти Пакистанга берилүүчү акчалай жардамды көбөйтүү сунушун колдоого чакырды. Ричард Холбрук бир аптада эле Конгрессте Вашингтондун аймактагы саясаты боюнча экинчи ирет көрсөтмө берди.
Экстремисттер, өзгөчө Талибан жана “ал-Каида” согушкерлери менен күрөшүүсү үчүн Пакистанга алдыдагы төрт жылда 7,5 миллиард доллар ажыратууну караган мыйзам долбоору учурда Конгресстин кароосунда жатат.

Өткөн аптада эле Вашингтондо АКШ, Пакистан жана Ооганстан президенттеринин үч тараптуу сүйлөшүүлөрү болгон эле. Ак үйдөгү жолугушуунун соңунан жасаган билдирүүсүндө президент Барак Обама бул үч өлкөнүн коопсуздугу өз ара байланышта экенин белгилөө менен Вашингтон Пакистанда өкмөттүн согушкерлерге каршы күрөшүүсү менен бирге демократиялык инститтарга, башка долбоорлорго да колдоо көргөзөрүнө токтолгон:

- Биз Пакистанды талкалоочуларга каршы туруп гана тим болбой, көбүрөөк иш жасообуз керек. Пакистанды кургусу келгендер менен катарлаш туруубуз абзел. Ушундан улам Конгресстен мектептердин, жолдордун, ооруканалардын курулушун туруктуу каржылосун сурандым. Мен Пакистан эли Америка жөн эле терроризмге каршы эмес, биз алардын үмүттөрү менен тилектери тарабында экенибизди түшүнүүсүн каалайм.

Пакистанга алдыдагы төрт жылда 7,5 миллиард доллар жардам ажыратууну караган мыйзам долбоору ушул шейшембиде Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинде талкууланды. Бул акча Исламабад экстремисттерге, өзгөчө Талибан менен “ал-Каида” согушкерлерине каршы күрөшүүсү үчүн ажыратылат.

АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук Сенаттагы угуу учурунда белгилегендей, мурдагы президент Жорж Буштун учурунда Пакистанга коротулган акча азыркы президент Барак Обама сунуш кылып жаткан каражаттын үчтөн бир бөлүгүн эле түзүүчү. Эгер алдыда бөлүнүүчү каражат туура жана натыйжалуу пайдаланылса, Пакистан армиясы козголоңчуларга олуттуу түрдө каршылык көргөзүүчү күчкө айлана алат.

Ричард Холбрук сенаторлордун биринин суроосуна жооп берип, Пакистандагы окуяларда Ооганстанда 2004-жылдан тарта кескин начарлап кеткен кырдаалдын тикелей таасири бар экенин айтты:

Ричард Холбрук


-Бул өз кезегинде Пакистанга кысымды күчөттү жана тескерисинче болду. Биз баарыбыз муну түшүнөбүз. Администрация алмашып жаткан кезде начарлаганы анык болуп калган кырдалды оңдоого аракеттенип жатабыз. Мен бул комитеттин, жалпы Сенаттын колдоосуна, кеңештерине ыраазымын. Анткени биздин бул жердеги душманыбыз, коркунучубуз жана миссиябыз бир.


Сенаттагы талкуу учурунда сенаторлордун бири атайын өкүл Ричард Холбруктан Пакистан Талибанга жана “ал-Каидага” каршы өз чек араларынын алкагында колдон келишинче күрөшүп жатканына ишене алар-албасын сурады. Ричард Холбруктун белгилегендей, ал Пакистандын күрөшүп жатканы анык деп айта албайт, бирок расмий Вашингтон Пакистан менен өнөктөш болуудагы тобокелчиликтерди жакшы билет. Себеби тарыхта Пакистан согушкерлердин бир бөлүгүн кармап, жок кылганы менен экинчи бөлүгүнө жетиштүү кысым көргөзбөгөн учурлар бар экени белгилүү.

Учурда Пакистандын армиясы талиб согушкерлери менен өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө кармашууда. Бул аймактагы кеңири масштабдагы операция өткөн бейшемби күнү, талибдер быйыл февраль айында жетишилген талаштуу тынчтык келишиминин соңунан Сват өрөөнүнүн айланасындагы райондордо да өз көзөмөлүн орнотууга аракеттенгенден кийин башталган эле.

Операцияны баштоосу үчүн Исламабадга Вашингтондон да кысым көргөзүлдү. Пакистан армиясынын кечээги билдирүүсүнө караганда, уруш башталгандан бери аскерлер армиянын жана артиллериянын колдоосунда 700дөн ашуун согушкерди жок кылган, армия 30тай жоокерин жоготту. Ал эми карпайым тургундар арасында кандай жоготуу бар экени белгисиз. Уруш башталгандан бери Сват өрөөнүнүн Пакистандын түндүк-батышынын башка коопсуз аймактарын көздөй жүз миңдеген адамдар качып чыкты.