Түркия: сабырдуулукка карай бир кадам

19-сентябрда дээрлик бир кылымдан бери жабык болуп турган армяндардын чиркөөсүндө диний жөрөлгө уюштурулду. Бул окуя Түркияда башка диндерге сабырдуулуктун өсүп баратканынын белгиси катары бааланууда.
95 жылдан кийин Түркиянын чыгышындагы Акдамар армян чиркөөсүнүн коңуроосу алгачкы жолу үн катып, диний жөрөлгөгө өлкө ичинен жана дүйнөнүн туш тарабынан келген миңдеген армяндар катышты.

15-августта Түркиянын Карадеңиз жээгиндеги Трабзон шаарынын жанында грек ортодокстордун Сумела аттуу кечилканасында 88 жылдык тыныгуудан кийин алгачкы жолу дуба окулуусуна уруксат берген түрк өкмөтү, бул жолу кошуна Армения менен салкын мамилелерди калыбына келтирүү үчүн Акдамар аралындагы чиркөөдө диний жөрөлгө уюштурду. Бирок даярдалган кресттин бюрократиялык себептерден улам өз маалында чиркөөнүн тамына орнотулбай калышына нааразычылык билдирип, Армениянын патриархы Етчмиадзин, армян ортодокс чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү жөрөлгөгө катышпай коюшту. Алардын бул чечимине Стамбулдагы армян чиркөөсүнүн өкүлү капа болду:

- Биз бул жерге жүрөгүбүздү кудайга ачуу үчүн келдик. Эшиктерибизд ачып, “келгиле, бирге дуба окуйлу” дедик. Келбегендер үчүн да биз дуба окуйбуз.

Армения менен Түркиянын ортосундагы мамилелер 1915-жылы Осмон империясынын маалында болгон кайгылуу окуялардан улам бузулуп кеткен. Армяндар ошол кездеги окуяларды Түркия “тукум курут” деп таанышын талап кылып келсе, Түркия бул тапатарды четке кагып келет.

Бийликтеги АК партиянын өкмөтү Армения менен мамилелерди калыбына келтирүү иштерин баштады. Анын алкагында 2007-жылы Акдамар аралындагы Сурп-Хач чиркөөсү оңдолуп, музейге айланды. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өткөн аптада Стамбулда болгон Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жыйынында өкмөттүн аталган чиркөөдө диний жөрөлгө уюштурулуусуна уруксат берүүсүн мындайча ачыктады:

- Бул иш жүзүндө түрктөрдүн сабырдуулугунун белгиси болуп эсептелет. Бул сабырдуулукту биз башкалардан да күтөбүз.

Эрдоган өкмөт башчы болгон 8 жылдан бери Түркия кошунасы Грекия, Орусия, Сирия жана Иран менен мамилелерин кыйла оңдоп алды. Бирок Тоолуу Карабак жаңжалы жана “геноцид” маселесине байланыштуу Армения менен мамилелер оң жагына чечилбей келатат.