Тажикстанга Өзбекстан аркылуу жүк кайрадан келбей калды

Ташкент менен Дүйшөмбүнүн талашы НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүн Тажикстан аркылуу жабдуу иштерин үзгүлтүккө учуратты. Тажик тараптын ырастоосунда, учурда Өзбекстандын аймагында кармалып турган эки миңден ашуун вагондун бери дегенде үч жүзү Ооганстандагы антитеррордук коалицияга багытталган жүк.
Байкоочулардын баамында, Өзбекстандын жүктөрдү кармоосунан НАТОго караганда Тажикстандын өзүнө тийген кесепети оордой.

Тажикстанды көздөй келе жаткан жүк вагондорунун Өзбекстан аймагында кармалып калуусу ушуну менен быйылкы жыл ичи экинчи ирет катталып олтурат. Буга чейин мындай көрүнүш март айында орун алган эле. Анда Өзбекстан тарап жүктөрдүн кармалуусун жазгы суу ташкындар менен жер көчкүнүн темир жолго тийгизген зыянына байланыштырган. Бирок Өзбекстандын түшүндүрмөсүнө канааттанбаган тажик тарап, Дүйшөмбүдөгү өзбек элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Атүгүл тажик премьери Акил Акилов Улуттар уюмунда чыгып сүйлөгөн учурунда өзбек тараптын түшүндүрмөсүн жөн эле “шылтоо” деп атаган болчу.

Кысымдын бир түрү

“Азаттык” радиосунун Борбор Азия боюнча серепчиси Брюс Панниер да жүктөргө байланыштуу кайрадан кайталанып жаткан окуяны Ташкенттин Дүйшөмбүгө жасаган кысымынын бир түрү катары көрөт:

- Өзбекстан Тажикстанда гидроэнергетикалык ири долбоордун курулушуна каршы болгон. Тажикстан болсо беттегенин бербей, курулушту улантууда жана ал курулушка сырттан колдоо да бар. Андыктан, Өзбекстан курулушту жайлатуунун жалгыз жолу - темир жолду жаап, жабдуулар, материалдар Тажикстандын аймактарына жетишин токтотуу деп чечкендей. Азыркы учурда бул ыкма иштөөдө.

“Тажик темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин бири Андрей Тропиндин жергиликтүү “Азия-Плюс” агенттигине 24-майда айтканына караганда, жалпысынан Өзбекстан аймагында 2182 вагон кармалып турат. Алардын 968и түштүктөгү Хатлон облусунун борбору Коргон-Төбөгө, 1214и Дүйшөмбүгө келмек. Бирок “Тажик темир жолунун” өкүлү кармалган вагондордун саны мындан көп болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарган жок.

Себеп бар, бирок ишеним жок

Өзбекстан Тажикстанга багытталган жүктүн кармалуусун бул ирет деле техникалык себептер, темир жолдун адатта селге көп кабылган Термез-Амузанг бөлүгү бузулуп калгандыгы менен байланыштырган. Бирок Тажикстан тарап мындай дооматтарга ынанбады. “Тажик темир жолу” ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Владимир Собкаловдун “Азаттык” радиосунун Тажик кызматына айтканына караганда, алар жүктү башка багыттар аркылуу да ала албай жатышат:

- Расмий түрдө айткандары менен жасагандары төп келбейт. Алар жолду жууп кетти, жүктү Дүйшөмбү аркылуу алгыла деп суранышты. Мен телеграмма жөнөттүм. Мына эки жума болуп калды, мен жүктү алуучулар менен макулдашкан жүктөрдүн да маселеси чечилбей жатат.

Владимир Собкаловдун айтымында, Тажикстан аймагында кармалып калган вагондордун бери дегенде 300ү НАТОнун Ооганстандагы күчтөрү үчүн багытталган жүк, негизинен күйүүчү-майлоочу майлар жана авиациялык отун.

Мындай көрүнүш экинчи ирээт кайталанып жатканынанбы, НАТОнун командачылыгы астындагы Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн (ISAF) билдиргенине караганда, Өзбекстан Тажикстандын түштүгү менен темир жол каттамдарын токтотконуна байланыштуу алар Ооганстанга жүк жеткирүүнүн багытын өзгөртүүсү мүмкүн. НАТО күчтөрүнүн басма сөз катчысы Гоетц Хасске (Goetz Hasske) "Рейтер" агенттигинин кабарчысы менен маегинде жүктөрдүн кармалуусу менен байланышкан азыркы окуяны “аймакта жүрүп жаткан саясий тирештин” туундусу катары мүнөздөдү.

НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнө багытталган, күйүүчү май, азык-түлүк өңдүү аскерий эмес жүгү былтыртан бери Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу да ташылып жаткан.

“Азаттык” радиосунун Борбор Азия боюнча серепчиси Брюс Панниердин айтымында, Өзбекстан – Тажикстан ортосундагы темир жол байланышынын үзүлүшү Ооганстанга Борбор Азия аркылуу жүк жетпей калат дегендик эмес:

- Балким НАТОнун жүгүнүн көбү мурдагыдай эле өтүп жатат. Анын бир бөлүгү гана Тажикстан аркылуу кетет жана азыр темир жол каттамы үзүлгөнүнө байланыштуу токтоп калды. Бул окуядан улам НАТО камтама болгону менен азырынча Борбор Азия аркылуу өтүп жаткан жүгүнүн көбүн эч проблемасыз эле алып жатканы да чындык.

Айрым байкоочулардын пикиринде, НАТОнун Ооганстанга Тажикстан аркылуу кетип жаткан жүгүн тороо менен өзбек президенти Ислам Каримов жүк ташуунун эң ишенимдүү жолу анын өлкөсүнүн гана аймагы экендигин көргөзгүсү келип жаткан болушу да мүмкүн.

Темир жолго Тажикстан Өзбекстан аркылуу гана чыга алат.
Ооганстанга эски совет аймагы аркылуу чыккан жолду АКШда Жеткирүүнүн Түндүк түйүнү (Northern Distrшubution Network) деп аташат. Ага Орусия, Латвия, Грузия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Жүк салынган контейнерлердин айрымдары Казакстанга Латвиядан Орусия аркылуу жөнөтүлөт. Бир бөлүгү Грузия менен Азербайжандан Каспий деңизи аркылуу келет. Казакстандан кийин жүк темир жол менен Өзбекстанга жеткирилет. Андан ары Өзбекстандын аймагы аркылуу эле кургактагы жол аркылуу Ооганстандын чек арасына алынып барылат же темир жол менен Тажикстан аркылуу жөнөтүлөт.

Мындан сырткары НАТО Ооганстанга жүк ташууда Борбор Азиянын аба мейкиндигин да пайдалана алат. Кыргызстандын “Манас” аба бекетиндеги транзиттик борбор, учактарды күйүүчү май менен камсыздоодогу маанилүү түйүн болуп эсептелинет.

Жаңы темир жол


Ал эми ушул жылдын соңуна карата Ооганстандын түндүктөгү Мазари-Шариф шаарын Өзбекстандын чек арасы менен байланыштырган темир жолдун курулушу бүткөрүлөрү күтүлүүдө. Узундугу 75 чакырым келген Мазари- Шариф-Хайратон темир жолунун бир кесими 25-май күнү пайдаланууга берилди. Анын ачылышына 165 миллион доллардык долбоорду гранттык негизде каржылап жаткан Азия өнүгүү банкынын президенти Харухико Курода өзү катышты.

Тажиктердин талабы

Бишкектеги пикет, 27-май, 2010-ж.
Кыргызстандагы тажиктердин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин вице-президенти Кадир Мурифатовдун айтымында, Өзбекстандын темир жолунун Тажикстандын күндөлүк жашоосундагы мааниси чоң:

- Бизге темир жол Өзбекстан аркылуу гана келет. Башка жол жок. Андыктан Тажикстанды чоң дүйнө менен байланыштырган жалгыз жол Өзбекстан аркылуу гана өтөт. Ушундай абалынан кыянат пайдалануу менен Өзбекстан такай жолтоо кылууга аракеттенет.

27-майда Бишкекте Кыргызстандагы тажик диаспорасынын элүүдөй өкүлү Өзбекстандын элчилигин пикеттеп, жакындагы суу ташкын менен жер көчкүдөн жабыр тарткандар үчүн келе жаткан гуманитардык жүктүн өткөрүлүшүн талап кылышты.