Абу Давуд деген ат менен таанымал Парвиз Саидрахмонов менен Абу Усама Нораки деген ысымды алып жүргөн Тожидин Назаров террорчулукка айыпталып, аларга Дүйшөмбү менен Москвада издөө жарыяланган.
Убагында Абу Давуд өлдү деген да маалыматтар чыккан. Алардын шериги экени айтылган теги тажик өзбек жараны Рахмат Акиловду Стокгольм соту былтыр өмүр бою эркинен ажыраткан.
"Азаттыктын" тажик кызматы бийликтеги ишенимдүү булактарга таянып, Парвиз Саидрахмонов ушул тушта Сириянын чыгыш-батышындагы Африн шаарындагы түрмөдө отурганын жазып чыкты.
Атын атабоону өтүнгөн бийлик өкүлү Дүйшөмбү Саидрахмоновду бир тууган карындашы менен чогуу мекенине экстрадициялоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтып берген. Ал ошондой эле Тожидин Назаров Сирия өкмөтү көзөмөлдөгөн Дейр-эз-Зор шаарында абакта кармалып турганын айткан. Тажик бийлиги аны "Ислам мамлекети" террорчул тобуна азырган эң кооптуу адам катары сыпаттаган.
Дагы караңыз Швед соту Акиловду өмүр бою абакка кестиБуга чейин Швециядагы тергөөчүлөр Саидрахмонов менен Назаровду мындан эки жыл мурда Стокгольмдогу терактка байланыштуу камакка алынган теги тажик өзбек жараны Рахмат Акиловдун шериктери деп билдирген. Акиловду былтыр сот өмүр бою эркинен ажыраткан.
Швециянын атайын кызматтары өзбекстандык жаран бул чабуулга жалгыз даярданбаганын билдирген. Тергөөнүн жоромолуна ылайык, Акилов кандуу чабуулга тиешеси бар бир нече киши менен байланышта болгон.
Рахмат Акилов 2017-жылдын 7-апрелинде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа менен элди тебелетип, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Кол салууда Швециянын үч, Британия менен Бельгиянын бирден жарандарынын өмүрү кыйылып, 15тен ашык киши жаракат алган. Акилов кол салуудан кийин качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн мойнуна алган.
Дагы караңыз БУУ: ИМдин бөлүм башчысы - тажик жараныШвецияда өмүр бою абакка кесилгендер адатта 16 жылдай гана түрмөдө отурат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин Акилов Өзбекстанга депортация болору кабарланган.
Акилов Швециянын тарыхындагы эң кандуу террордук чабуул деп мүнөздөлгөн кол салуу боюнча соттолгон жалгыз адам. Соттук териштирүүлөрдө ага каршы жүздөн ашык адам көрсөтмө берди.
Ал аялын жана төрт баласын Өзбекстанга калтырып, Швецияга курулушта иштөө үчүн келгени кабарланган. Швед бийлиги 2016-жылы анын башпаанек сураган арызын четке кагып, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Бирок ал талапка баш ийген эмес.
Соңку бир канча жылда Стокгольм менен катар эле Барселона, Лондон, Берлин жана Ницца сыяктуу Европадагы шаарлардагы кол салуулардан ондогон жайкын тургундардын өмүрү кыйылды. Бул теракттардын дээрлик баарына "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.