Мамлекеттик басылманын башкы редактору муну журналисттер менен кызматташуудан баш тарткан аймактык аткаминерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге каршылык катары түшүндүрдү.
Бул өлкөдө буга чейин мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтин басым-кысымына каршылык билдирип келген. Бирок адатта мамлекеттик медиа минтип таарынычын ачыкка чыгарчу эмес. Мындан улам аз эле санда чыккан, абал-шарты начар аймактагы кенедей гезиттин айбат көрсөткөнү тажик коомчулугунда кызуу талкуу жаратты.
«Тахти Кубод» же болбосо «Кубод таажысы» Хатлон облусунун Кубодиен районундагы жалгыз басылма. Гезиттин башкы редактору Адолат Сайфуллаева басылманын башкы бети эмнеге актай чыкканы тууралуу «Тахти Кубоддун» экинчи барагында түшүндүрмө берген. Анда муну «ар бир аткаминер өзүн көрө турган күзгү» деп атаган.
Адолат Сайфуллаева «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде аткаминерлердин райондук гезит менен кызматташпай койгонуна ыза болду:
- Бул объективдүү маалыматтын жоктугуна, жергиликтүү журналисттер менен кызматташуудан баш тарткан аткаминерлерге карата каршылык. Бир жылдын ичинде бир дагы жергиликтүү аткаминер райондук гезит үчүн бир сап да жазып койгон жок. Бир жылдын ичинде өзүнүн тажрыйбасы, маселеси менен бөлүшө турган бир дагы мугалим табылган жокпу? Райондук администрациянын бир дагы кызматкери гезитке бир сап да жаза албайбы? Эки адам бүтүндөй бир райондун көйгөйүн жазып, чагылдыра албайт. Ал эми райондо толгон-токой маселе бар. Коомду журналисттер эле жалгыз өнүктүрө албайт да.
Адолат Сайфуллаева анын бул акциясы райондук бийлик жетекчилерине жакпай турганын, бирок ал жергиликтүү бийликтин каарына калуудан коркпой турганын да кошумчалады:
- Мен журналистмин, мен аларга чакырык таштадым. Менин мындай аракетим, гезиттин биринчи бети актай чыкканы райондун башчысына, идеологиялык иштер боюнча жооптуу аткаминерлерге жакпай турганын билем. Мен кимдир-бирөөлөр таарынат, капа болот деп коркпойм. Мен өзүмдүн журналисттик милдетимди аткарышым керек.
Кубодиен райондук администрациясынын «Тахти Кубод» гезити жумасына бир жолу чыгат жана сегиз барактан турат. Ага макалаларды мектепте мугалим болуп иштеген эки кызматкер жумушунан бош учурда жазып турат.
Аткаминерлердин журналисттерге маалымат бергенден качканы, маселелерди жаап-жашырганы тажик медиасы үчүн көйгөйлүү темалардын бири. Министрликтер, мамлекеттик мекеме-ишканалар журналисттер жөнөткөн суроо-талапка көп учурда убагында жооп беришпейт жана аларга берилген суроолор жоопсуз калат.
Тажикстандагы Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын улуттук ассоциациясынын соңку сурамжылоосуна ылайык, маалымат алууга байланыштуу жагдай тажик журналисттеринин дээрлик 96 пайызын канааттандырбайт. Укук коргоочулардын айтымында, маалымат сайттарынын маал-маалы менн жабылып калышы, бийликтин куугунтугу жана опузасы көп учурда журналисттердин өзүн өзү чектешине алып келет.
Сентябрь айынан баштап Тажикстандагы алдыңкы маалымат порталдарынын бири - «Азия-Плюс» ачылбай калган. Маалымат агенттигинин жетекчилери тиешелүү мекемелерге кайрылышканын, бирок өлкөнүн Байланыш кызматы жагдай териштириле турганын билдиргени менен жыйынтык чыга электигин маалымдаган.
«Азаттыктын» тажик кызматынын сайты 2019-жылдын 6-июнуна чейин толугу менен бөгөттөлүп турган. Андан кийин маал-маалы менен жабылып турган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.