Тажикстанда шайлоо планга ылайык өтүп жатат

Тажикстандын Бадахшан чөлкөмүндө кар калың жаап, жол жабылды. 6-февраль, 2010-ж.

ЕККУнун байкоочулары Тажикстандын маалымат каражаттары парламенттик шайлоо өнөктүгүн өтө солгун чагылдырганына нааразы. Парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо 28-февралда өтөт.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму буга дейре Тажикстандагы бир да шайлоону демократиялуу өттү деп тааныган эмес. Европалык байкоочулар бул ирет Тажикстандык маалымат каражаттары шайлоо өнөктүгүн кандай чагылдырып жатканына терең нааразы. Анын себептерин “Азаттыктын” тажик кызматынын веб-редактору Салимжон Аюбзода төмөнкүдөй түшүндүрөт.

- ЕККУнун миссиясы дегеле Тажикстанда шайлоо кампаниясы жүрүп жатканы таптакыр сезилбегенине нааразы. Билдирүүдө гезит, телерадионун баарында шайлоо темасы анча-мынча сөз болуп, Рогун ГЭСинин акцияларын сатуу иши башкы беттерди ээлеп жатканы айтылат. Экинчиден, миссиянын пикиринде, бардык саясий партиялар элге өз программа, максатын жеткирүүдө бирдей мүмкүндүк алган жок. Президент Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы байма-бай сөз болуп, калгандары көмүскөдө калды. Шайлоо өнөктүгү жаңыдан башталганда, айрым талапкерлер тууралуу түрдүү маалымат жазып, окурмандарынын бүйүрүн кызыткан көз карандысыз басылмалар соттолуп, ири өлчөмдөгү айыптар тагылгандан кийин азыр көпчүлүгү сактанып, шайлоо темасына үстүртөн гана кайрылып калышты.

Кесиптешибиз Салимжон Аюбзоданын айтымында, баары бийликтегилердин планы боюнча өтүп жаткан шайлоо жыйынтыгында парламентке ашып кетсе 2-3 жаңы саясатчы кошулушу мүмкүн.

Бул ирет европалык байкоочулардын оң баасына татыган көрүнүш – Борбордук шайлоо комиссиянын курамына өлкөдө катталган сегиз саясий партиянын жетөөнөн өкүлдөр киргени болду. Депутаттык мандат үчүн күрөштө, эксперттердин баамында, тажик президенти Эмомали Рахмон башында турган Элдик-демократиялык партия жеңээри айкын. Мурдагы жылдардай эле, коммунисттер менен Исламдык кайра жаралуу партиясына бир нече депутаттык орун тийээри күтүлүүдө. Шейшембиде Душанбедеги маалымат жыйынында саясий өнөктүк кандай өтүп жатканын Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзоали Болтуев маалымдап, айрым жерлерден арыздар түшкөнүн кошумчалады.

- Кээ бир жерлерден арыздар түштү. Хамадон шайлоо округунан, маселен, талапкер мени каттабай коюшту деп арызданды. Ал чогулткан 500 кол туура эмес топтолгон деп табылган экен. Согд облусундагы Пянжакент округунан жергиликтүү бийликтер кайсы бир талапкерлерди колдоп атат деген нааразы кат түштү.

Исламдык кайра жаралуу партиясынын штаб башчысы Вохидхон Косидинов: “Кээ бир аймактарда жергиликтүү шайлоого талапкерлерди каттатууда кыйынчылыктар болду. Ар кандай тоскоолдуктар жасалып, мыйзамда каралбаган ашыкча документтерди талап кылган учурлар болду”, - деп билдирди кабарчыларга. Тажик парламентинин төмөнкү палатасы 63 депутаттан турат. Алардын 41и бир мандаттуу округдардан, калган 22си партиялык тизме боюнча беш жылга шайланат.

Тажикстандагы эки башкы оппозициячыл кыймыл – социал-демократтар менен Исламдык кайра жаралуу партиясы ушу күндөрү токтобой жааган калың кар, катуу сууктан улам алыскы аймактарга жете албай жаткандыктан, шайлоону жазга жылдырууну сунуштаган, ал сунуш өткөн жок. Оппозициячылар жер-жерлерде бийликчил партия эл менен коомдук жайларда, чоң залдарда жолугушса, алар көчөдө сүйлөшүүгө аргасыз экенин айтышат.