Анткени кеңеш ырасмий каттоодон өтө элек. Себеби былтыр кабыл алынган “Диндер жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, 2010-жылдын башына чейин катталбаган бардык диний уюмдар мыйзамсыз болуп калат.
"Мыйзам диний адабиятты цензуралоого жана диний ибадаттарды аткарчу жайларды чектөөгө жол ачат." Акбар Туражонзода
Бийлик оюнубу же чиновниктердин иш билбестигиби?
“Диндер жана диний бирикмелер жөнүндөгү” жөнүндөгү мыйзамга президент Эмомали Рахмон өткөн жылы 26-мартта кол койгон. Мыйзам Тажик парламентинде талкууланып жатканда эле өлкөдөгү беделдүү диний, саясый жана коомдук ишмерлердин катуу сынына кабылган. Борбор Азиядагы таанымал диниятчы, сенатор Акбар
Туражонзода мыйзамда динзарлардын конституциялык укутарын бузган жоболор бар экенин айтып, ага каршы добуш берген. “Бул мыйзам диний адабиятты цензуралоого жана диний ибадаттарды аткарчу жайларды чектөөгө жол ачат” деген эле ошондо Туражонзода.
Диний мыйзамга таянып, бийлик бүгүнгө дейре Тажикстандын Ислам уламалар кеңешин каттоодон өткөрө элек. Кеңеш 1997-жылы жоюлган өлкө муфтиятынын ордуна түзүлгөн. Анын төрагасы Шейх Аманулла Нематзода “Азаттыктын” Тажик кызматына берген интервьюда, Маданият министрлиги өлкөдөгү бардык мечиттер катталып бүтө элегине шылтап, Ислам уламалар кеңешин кайра каттабай жатканын айтты:
- Министрликтин алдындагы Диний иштер башкармалыгы бардык мечиттерди, анын ичинде аймактардагы борбордук мечиттерди каттоого тийиш болчу. Эгер бир райондо 10 мечит болсо, алардын бири башкы мечит болуп, калгандары ага баш ийиши керек. Башкы мечит Ислам уламалар кеңеши алдында жооптуу. Биз Маданият министрлигине кайрылган сайын “Документиңер натуура толтурулган” дешип, бизди катташпайт. Ошентип жүрүп бир жыл текке кетти.
Уламалар кеңеши качан катталары али белгисиз
Ал эми Маданият министри Саидбек Махмадуллоев мечиттердин теңинен көбү катталса гана, алар курултай өткөрсө болорун, ошондо Ислам уламалар кеңешин каттоо мүмкүн экенин билдирди:
-Ислам уюмдары алиге каттоодон толук өтүшпөдү. Ошон үчүн алар Ислам уламалар кеңешин түзө алышпайт.
Ислам уламалар кеңешин эми түзүлгөндөн тарта эле кээ бир эксперттер “өкмөттүн кол баласы” деп сындашкан. Себеби Кеңештин 20 мүчөсүнүн ичине бир катар көрүнүктүү диниятчылар кирбей калган болчу.
Баса, 1993-жылга чейин Борбор Азиянын беш республикасынын мусулмандар жамаатынын муфтияты бирөө болуп, Ташкенде жайгашчу.
Президент Рахмондун 9-марттагы жарлыгы менен Диний иштер башкармалыгы Маданият министрлигинен бөлүнүп, өз алдынча мекемеге айланды. Ошон үчүн мечит-чиркөөлөрдү Маданият министрлиги каттоодон өткөрөбү же жаңы пайда болгон Мамлекеттик комитетпи, азырынча белгисиз.