Бир клеткалуу туңгуч жасалма микроб дүйнөнү жалгыз багат

Америкалык окумуштуулар жасалма жол менен алынган бактерияны тирүү клеткага көчүрүп, аны өлтүрбөй жашата алышты.
Ошентип лабораториялык шартта өндүрүлгөн микроорганизм клетканын кадимки төл бактериясы сыңары жашап жана өнүп кетти.

Крейг Вентер жетектеген АКШлык окумуштуулардын тобу адамдын буйругу менен өнүкчү жалгыз клеткалуу бактерияны синтетикалык жол менен өндүрүштү. Генетикалык жол менен программалганган Mycoplasma mycoides бактериясы тийиштүү бактериясы алып салынган клеткага жайгаштырылып, өлбөй жашап кетти.

Крейг Вентер
Натыйжада, жасалма жол менен алынган дезоксирибонуклеин кислотасы, кыскача ДНК программага ылайык өзүн алып жүрдү же микробдун жаңы түрүнө айланды. Изилдөөнүн чоо-жайы илимпоздор чөйрөсүндө өтө кадыр барктуу “Scince” журналында 21-майда жарыяланды. Бу басылма АКШда чыгат.

Илимий ачылышты изилдөөнүн жетекчиси, доктор Крейг Вентер мындай мүнөздөдү:

- Чынында эле биз биринчи жолу синтетикалык хромосомдон синтетикалык клетканы өндүрүп алдык. Хромосом төрт бөтөлкөдө жыйналган угуттан алынып, башка организмге же реципиент-клеткага көчүрүлдү. Андан соң клеткадагы бактерия синтетикалык генде жайгашкан жаңы клеткага айланды. Жаңы илимий ачылыштын парадигмасы ушундай.

Крейг Вентер баштаган окумуштуулар өндүргөн жасалма бактерияны маалымат каражаттары “Синтия” деп аташты.Синтетикалык ДНКсы бар жасалма бактерия тукумдап жатып, миллиарддан ашкан. Бул деген жасалма ДНК клетканы толук өзү контролдоп башкарды дегенди түшүндүрөт.

“Синтия”, илимпоздордун айтышынча, медицинада жаңы вакциндерди түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Жасалма бактерия ошондой эле бүтүн дүйнөнү азык түлүк менен камсыздоого, бензин менен мунайды алмаштырууга, абаны зыяндуу заттардан тазалоого мүмкүндүк берет.

Доктор Вентер өзү жетектеген топтун акыркы ийгилигин “жаңы компьютердик программаны” пайдаланып “жаңы биологиялык системаны” түзүүгө салыштырды:

-Биз синтетикалык биологияда маалыматты компьютерде пайдалануу менен жаңы программаны жазып, өтө маанилүү биринчи кадамды жасадык деп ойлойм. Бул жаңы биологиялык система биздин ишибизди өзгөрттүүгө мүмкүндүк берди.

Крейг Вентер АКШнын Мэриленд штатындагы өз ысмындагы институтта буга чейин жасалма геномду лабораториялык шартта өндүрүп, аны бир бактериядан экинчи бактерияга көчүргөн болчу.


Кээ бир окумуштуулар Вентердин илимий табылгасы жашоо үчүн коркунучтуу патогендик микробдорду синтетикалык жол менен алууга жол ачкандыктан адамзатка каршы колдонулушу ыктымал деп чочушат. Башка бирөөлөр Вентертин эксперименттери табигый кубулуштарды өзгөртүп, экологиялык системаны жана адамзаттын жашоо жолоюн өзгөртөт дешип, ага каршы чыгышууда. Илимий ачылышты атомду майдалоо же Долли козусуну клондоп көбөйтүүгө теңеп, ага моратий жарыялоону талап кылгандар да бар.