Энесайдагы кыргыз балбаны

Красноярск шаарындагы Сайдоморов Надырбек жаш болсо да бокс боюнча бир топ ийгиликтерге жетишип, кыргыздар үчүн сыймык жаратууда.
Сайдоморов Надырбек Кожоназарович 1993-жылы Красноярск шаарында туулган. Надырбектин ата энеси Красноярскиге, Союз мезгилинде эле келип отурукташып калышкан. Атасы Сайдоморов Кожоназар Өзгон районунун Шерали айылынынан, 1988-жылдан бери Красноярск шаардык ички иштер бөлүмүндө кызмат кылып келет. Апасы болсо үй кызматкери.

Азыркы кезде Надырбек Красноярск шаарындагы № 42 орто мектебинде 10-класста окуп жатат. 1- класстан 3 - класска чейин Кыргызстанда Ош шаарындагы Бөкөнбаев орто мектебинде окуп келген. 4- класстан баштап бокс менен машыгат. Жаш болсо да ал бокс боюнча бир топ ийгиликтерге жетише алды.

Красноярск шаарында болуп өткөн мелдештерде 7 жолу, Красноярск крайы боюнча 3 жолу, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш федералдык округдары боюнча 1 жолу, 2008-жылы февралда Барнаул шаарындагы мелдештерде 1-3 орундарды жеңип алган.

Баардыгы болуп 67 жолу оюн өткөрүп, 51 жолу жеңиш менен аяктаган. Ал эми 11 жолу 2 орунду, 5 жолу 3 орунду камсыз кылып, ата энесин бир да жолу уятка калтырган эмес.

Спорт боюнча мастерликке кандидат, 2014-жылы өтө турган Олимпадага катышуу үчүн жаштар арасында резервде турат. Мындай чет жерде, Россиянын аймагында жүрүп, спорттук аренада чоң-чоң жеңиштерди жаратып келе жаткан Надырбекке, өзүн кыргызмын деп эсептеген ар бир инсан сыймыктанбай кое албайт.

Азыркы кезде Надырбек Россиянын биринчилиги үчүн өтө турган чон мелдешке кызуу даярданып жаткан кези.

Муратов Амирбек, Красноярск шаары