Европалык сынакта украиналык ырчы Орусиянын таламын талашат

Грузиянын "Stephane and 3G" поп ырчылар тобу быйыл Маскөөдө өтө турган “Еврокөрсөтүү-2009” сынагына катышууга беленденүүдө. Солдон оңго: Тако Гачечиладзе, Стефане Мгебришвили, Нини Бадурашвили жана Кристи Имедадзе. Тбилиси, 2009-жылдын 19-февралы.

7-март күнү кечинде Москвада «Еврокөрсөтүү-2009» ырчылар конкурсуна талапкер тандоо болуп өттү. Анын жыйынтыгында Орусия үчүн ат салыша турган орунду украиндик ырчы Анастасия Приходько жеңип алды.
Уккулуктуу мукам үнү бар украин кызы Анастасия Приходько быйыл Орусиянын таламын талашчу ырчы болуп тандалып атат.

Киевде ал ырчы кыз саал мурдараак Украинанын атынан «Еврокөрсөтүүдө» ырдоо укугу үчүн да ат салышкан экен.

Бирок ал жерде Приходько айым орус тилинде ырдагандыгы үчүн (NEWSmusic.ru жазганга караганда) украиндик тизмеден чийилип салынган.

Кайсы бир серепчилердин баамында, Киевдеги ырчыга карата андай терс мамиле «административдик ресурстан пайдаланылып жасалган» жана ага президент Виктор Ющенконун кызы Виталинанын таасири болгон.

Москвада өткөн конкурска баш-аягы 16 ырчы катышты.

Көрүүчүлөр телефон жана SMS аркылуу Приходько үчүн 25 пайыз колдоо көргөзүштү. Жюриде олтурган 11 калыстын алтоо Приходько үчүн кол көтөрүштү.

Ошону менен украиндик ырчы кыз орусиялык талапкерлердин арасынан биринчи орунга чыкты.

Былтыркы «Еврокөрсөтүү-2008» жарышында жеңишке жеткен орусиялык ырчы Дима Билан аны бул жылкы орусиялык талапкер катары кызуу куттуктады.

Анализчилер арасында ырчыларды тандоо учурунда "кетирилген мүчүлүштүк" тууралуу ар кыл кеп айтыла башташты.

Конкурста талапкерди тандоо учурунда саясат аралашып кетти дешет.

Украиндик саргыч көк болуп бөлүнүп-жарылуу таасирин кремлдик бийлик пайдаланды, ал ачык эле Виктор Янукович жаатын коолдоого алып, ушундай кадамга барып атат деген пикирлер айтылууда.

Орун талашкандар арасында да нааразы болгондор чыгууда.

Маселен, өзүнүн «таптаган» ырчысы Валерия экинчи орунду ээлеген продюсер жана ишкер Иосиф Пригожин "Еврокөрсөтүүгө" ырчы тандоону кайра өткөрүү керек деп санайт:

- Ырчы тандоону кайрадан өткөрүп Еврокөрсөтүүгө башка кишини жиберүү керек. Эмне дегенде украин тилинде аткарылган ырдын Орусия үчүн эч кандай тиешеси жок.


Анастасия Приходько айым «Эне» деген ырды орусча, бирок кайталоолорун украин тилинде аткарган.