Чех тарсаларын Бенедикт XVIнын сөзү муютту

Папа Бенедикт XVI-чы Брно шаарындагы кутпада. 27-сентябрь.

Папа Бенедикт XVI дүйшөмбү күнү Чехиядагы үч күндүк сапарын карытты. Ал Брнодогу сыйынуу маалында кудайды танган адам абийир-намысын жоготоорун айтты.
Папа Бенедикт XVI жекшемби күнү Чехиянын түштүк борбору - Брнодо ачык асман алдында жасаган кутпа сөзүндө “Ой-мүдөөсү жана жүрүм-туруму менен Кудайды чанган адам ариет-намыс дегенди такыр унутаарын тарых көрсөттү” деп, элди Кудай жолуна чакырды. Рим-католик чиркөөсүнүн сөзүн угууга Брного 120 миңдей динзар чогулду. Папаны көрүп, сөзүн эшиткени коңшулаш Польша, Словакия жана Германиядан да адамдар келишти. Чехияда Бенедикттин сөзүнчө, башка өлкөлөрдөй эле карапайым эл радикалдардын
Поп Бедедикт XVI-ны Прага аэропортунда Чехиянын президенти Васлав Клаус күтүп алды. 26-сентябрь.
ишеничти жана үмүттү өчүрчү чабуулдарына дуушар болот.

Байкоочулар Папанын Чехиядагы жолугушуулардагы сөзү коомчулук тарабынан өтө жылуу кабыл алынганын айтышат. Анын жүйөсүн чех публицистти Ефим Фиштейн - Папанын эч бир жерде кумсалык (гомосекуализм), бойдон алдыруу сыяктуу католик чиркөөсү жактырбаган темалар жөнүндө ооз ачпаганы менен түшүндүрөт:

- Рим Папасынын Брнодогу жана Старо Болиславдагы сөзү Чехиянын католик чиркөөсүнүн жетекчилиги тарабынан өтө прогрессивдүү деп бааланды. Анткени, Бенедикт өз сөзүндө кумсалар ортосундагы нике, бойдон алдыруу сыяктуу Рим католик чиркөөсү ынанбаган турмуш чындыктары тууралуу лам дебеди. Папа бүгүнкү адамдын коомдогу моралдык жоопкерчилигине токтолуп, ишенимсиз жашоо жеңил көрүнөт, адам өзү каалагандай жүрө берет, а чындыгында, динсиз адам нукура бак-таалайды эч качан түшүнүп билбейт деди.

Фиштейндин айтышынча, Папа Бенедикт XVIнын сапары чех коомчулугу, анын ичинде интеллектуалдары тарабынан миссионердик сапар иретинде кабыл алынган. Католик чиркөөлөрүнүн башчысынын Европа сапарын Чехиядан баштаганы жана чехтер пир туткан Ыйык Ваславдын ысмын оозанганы демейде токтоо чехтерге аябай жагып, жүрөгүн элжиретти, дейт публицист:

- Себеби, Рим Папасы чех коомчулугунун динге болгон мамилесин жакшы билгендиктен, аны эске алуу менен, Чехияга Европадагы
Папа Бедедикт Прага чиркөөсүндө Иса пайгамбардын сүрөтүнө таат кылууда.
биринчи католик өлкөсү катары визит жасады. Чехиядан соң Британияга барат. Ал Чехияга башка католик өлкөлөрү: Словакия, Польша же Түштүк Германия алдында артыкчылык бергени шексиз. Мына ушул негизден улам, Папа Бенедикт – чехтер пир туткан Ыйык Ваславга жогору баасын берди; Ваславды азыркы жетекчилер үчүн адеп-ахлакты бийик туткан инсандын үлгүсү деп атады.

Рим Папасы кутпа сөздөрүндө Чехияны 40 жыл башкарган коммунисттик бийликти рим-католик жамаатын куугунтуктап, “чиркөөнү үнүн чыгарбай муунткусу келген” деп сындады. Ал динзарларды дин эркиндиги келгенден кийин элдик маданиятка чоң салым кошкон христиан салттарын бекем тутууга чакырды.

Чехия Европадагы өтө секулярдуу же Кудай тааныбаган өлкө. 1991-жылы өлкөнүн 10 миллион элинин 4,5 миллиону чиркөөгө барып, таат кылып турган. 2001-жылкы эл каттоо боюнча, кудайга ишенгендердин саны 3,3 миллионго түшүп кеткен. Праганын STEM агенттиги жакында эл ичинде сурамжылоо өткөргөндө, ар бир экинчи адам Кудайга ишенбесин айткан.

Ватикандын жаңы сайтынын www.pope2you.net биринчи бетиндеги Папанын сүрөтү.
Чехтер арасындагы кудайсыздык эмнеге байланыштуу? Өкмөттүк “ЧТ-6” радиосунун редактору Даниэл Раусов чех элинин бейкудайлыгын эки себеп менен түшүндүрөт. Биринчиси, 40 жылдык коммунистик режимдин кесепети болсо, экинчиси орто кылымдардагы Чехияны жаат-жаатка бөлгөн диний согуштардан улам чех эли динге көп ишене бербей мамиле кылат:

- Чехтердин секулярчыл (дүниябий), Европада эң атеистчил болушунун бир себеби - коммунизм жана 40 жылдык коммунисттик-атеисттик пропаганда. Экинчи себеби, орто кылымдардагы диний согуштар. Католиктер менен протесттанттардын согушу. Ушундан улам чехтер динге бет оту менен берилип, ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышат. Динзар болуп, жаатташып урушкандан көрө, чиркөөдөн алыс, тынч жүрөлү деп чечишкен.

Даниэл Раусов сыңары эле Ефим Фиштейн да чехтердин динге поляктардай ашыкча берилбөө себебин орто кылымдардагы дин согуштары, элди күчтөп чокунудурууларга байланыштуу деп боолгойт:

- Чех эли башка Европа элдеринен өзгөчө динсиздиги менен айрымаланышат. Бул чехтердин тарыхына байланыштуу. Адегенде чехтер христиан ортодокс динине, андан кийин католик динине чокундурулган. Диний реформа болуп, гусистик кыймыл 100 жыл бою бүтүндөй Европаны солкулдаткан. Андан соң эл күчтөп жатып католик дининен чыгарылып, кийин кайра католицизмге өтүшкөн. Биринчи республика учурунда ( 1918-38-жылдары) чехтер кайра протестанттыкка өтүшкөн. Бул тарых - эл ичинде динге болгон тескери мамилени жаратты, ишенбөөчүлүккө алып барды. Мурдакы Рим Папасы Иоан Павел II үч ирет Чехияга келгенде чехтер коңшулаш поляктардай такыба динчил эмес экенине көңүл бурган. Бирок чехтерде граждандык жоопкерчилик күчтүү экенин, атап айтканда, эмгекчил, чынчыл, жарандык иштерде активдүү жана дилгир экенин, бул сапат динзарлыктан кем эмес дөөлөт, деген Папа Иоанн. Азыркы Папа-Бенедикт XVI чех элинин өзгөчөлүгүн эске алды көрүнөт, өз миссиясы менен Чех Республикасына, чех элине башка европалыктардан артыкчылык берди. Мунусу менен, Рим Папасы чехтерди Рим чиркөөсүнө кайра кайтаргысы келди деп ойлойм. Ошон үчүн, Бенедикт XVI Европага жасаган биринчи визитин Чехиядан баштап жатат.

Даниэл Раусовдун пикиринче, STEM агенттигинин сурамжылоосу адамдардын чиркөө менен байланышып, диний жактан уюмдашууну каалашапаганын күбөлөйт. Бул жалаң эле динге эмес, саясый уюмдарга да таандык көрүнүш экенин айтат чех журналисти:

- Менимче, адамдар сурамжылоого жоп беришкенде, алар чиркөөгө байланышкысы келбегенин, диний жактан уюмдашууну сүйбөгөнүн айтышкан. Саясатта да ушундай. Алсак, өлкөнү башкаруучу эки чоң партия: Элдик граждандык партия-ОДС менен Социал-демократтык партиянын ар биринде 20 миңден гана мүчөсү бар. Коммунисттик партияда-60 миң. 1949-жылы Компартия башка атаандаш партияларды жок кылганда, анын катарында 1 миллион адам болгон. Саясый партиялардагы мүчөлүк кандай аз болсо, чиркөөдө да ошондой. Бирок да Чехияда
чиркөөгө баргандардын саны саясый уюмдардын мүчөлөрүнөн бир топ көп.


Журналист Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Чехияны секулярдуу Европанын жүрөгү деп тандап алган деп боолгойт жана Папа Бенедиктин мына бул сөзүнө өзгөчө маани берет:

- Папанын сөзүнүн негизги мазмуну - илим жана дин куштун эки канатындай адамзатка бийик учууга мүмкүндүк берет деген сөзүндө жатат. Бул сөз мурдакы Папа Иоан Павел IIнин айткан сөзүнө үндөшүп кетет. Бенедикт релятивизм, чечмелеп айтканда, адеп-ахлактык нормаларды, ыйман түшүнүгүн тануу Европада абсолюттук чындыкка айланып баратканын, эгер релятивзм бардык нерсени танса, өзүн да акыр аягында танаарын айтты. Ошентип, Папа Бенедикт Европаны түпкү маданий жана диний насылдарына кайтууга чакырды. Прагадагы Карл атындагы университет XV-кылымда алгач негизделгенде, теология (дин таануу) негизги сабак болгонун эске салды. Европа материалдык жактан жакшы өнүккөнү менен эзелки руханий ордун алдырууда. Бирок материализм адамга руханий насил-нарктарды алмаштыра албайт. Ошон үчүн, Папанын айтымында, адамдар динге келип, ыйманын оңдоп, ыйман, адеп-ахлак жөнүндө ойлонуш керек.

Папа Бенедикт XVIнын Чехиядагы визити өлкө мурдакы Чехословакиядагы коммунисттик бийликти кулаткан “Баркыт ынкылабынын” 20 жылдык мааракесине даярданып жаткан учурда жасалды.

Чехиянын чукул кырдаалдар кызматынын маалымдашынча, Рим Папасы Брнодо сүйлөп жатканда эсин жоготуп койгон 18 адамга жардам көрсөтүлгөн. Полициянын бир кызматкери аттан жыгылып, доктурга жаткырылган.