Апта окуясы: Бешинчи чакырылыштагы бешөө ишке кирди

Бул аптада Жогорку Кеңеш алгачкы отурумуна чогулду. Депутаттар мандаттарын алып, антын беришти. Президент мурда өзү мүчө болгон КСДПга коалиция түзүүнү тапшырды.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин күттүргөн алгачкы жыйыны болуп, депутаттар мандаттарын алышты, антын беришти. 11-ноябрда президент Роза Отунбаева коалиция түзүү милдетин мурда өзү мүчө болуп турган Социал-демократтар партиясына тапшырды. Ошентип Жогорку Кеңеш өз ишин баштап, коалицияны жана өкмөттү түзүү аракети ырасмий түрдө старт алды.

Алгачкы жыйындын алешемдиктери

Жогорку Кеңештин алгачкы отуруму айрым алешемдиктер менен коштолду. 10-ноябрда эртең менен өткөн мандат тапшыруу аземине “Ата Журт” партиясынан 5-6 гана адам келди. Алардын арасында аталган партиянын жетекчилиги менен тил табыша албай калгандар, атай кетсек мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева, Жылдыз Жолдошевалар бар.

Бул партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев болсо, “Д.Исаева парламентте отурганда барбайм” деп айтып алып, кийин өткөн ант берүү аземине да келген жок. Аны менен кошо ант берүү аземине “Ата-Журт” фракциясынын төрагасы Акматбек Келдибеков, саясий кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаров да келишпеди. Ошентсе да “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаевдин ишениминде, мындай пикир келишпестиктер партиянын жалпы ишине кедергисин тийгизбейт. Ошентсе да Табылды Акеров сындуу айрым серепчилер, бул партиянын ички ынтымагына доо кетип, партия ыдырап баратканын, аталган партия лидерлеринин бири К.Ташиев тилинен мүдүрүлгөнүн айтышууда.

Айрым кызыктуу жагдайлар жаңы депутаттардын ант берүү аземинде орун алды. Маселен, “Ар-Намыс” партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп шайланып келген Турсунбай Бакир уулу ант берип жатып, чөнтөгүнөн кичинекей Куран китебин алып чыга калып, анттын текстине өз сөздөрүн да кошуп жиберди:

- Биссмиллахи-рахмани-иррахиим! Мен, Бакир уулу Турсунбай – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигими билдирип, эч качан өзгөрүлбөгөн Куран китебине жана дайыма өзгөрүп турган конституциянын мыйзамдардын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, Кыргыз мамлекетинин эгемендигин жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин.

Дагы бир кызыктуу жагдай, КСДП курамындагы Галина Скрипкина сыяктуу бир топ орус тектүү депутаттар кыргыз тилинде ант беришсе, “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Нариман Түлеев баштаган бир катар кыргыз депутаттар орус тилинде ант беришти.

Шайлоого нааразы болгондор тынчый элек

Ал арада Жогорку Кеңештин темир тосмосун жээктей “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдары нааразычылык акцияларын өткөрүшүүдө. Алар 7-апрелде мурдагы бийлик 86 баланы атып, акыры өлкөдөн чыга качышканын айтып, “азыр ошол кандуу бийликтин өкүлдөрү парламентке келип алышты”,- деп нааразы. Парламенттин алгачкы отурумунда да 7-апрелде ок жеп жаракат алган бир канча адам жана ошол кандуу окуяда каза болгондордун жакындары Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүштү. Алар “Ата
Журт” партиясынын курамында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин көздөй адамдары бар экенин айтып кыйкырып турушту. Эми “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдары парламенттин кийинки отурумунда митингге чыкмай болушууда.

Ошол эле 10-ноябрда Бишкек шаардык биринчи май райондук соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоо боюнча арызын карап, аны канааттандырган жок. Бул партия парламенттик шайлоодо коюлган беш пайыздык чекти кошумча тизмесиз эсептөөнү талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген. Эми бул партия Жогорку Сотко арызданмакчы болууда.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодо 145 миңден ашык добуш топтогон. Башында негизги тизме боюнча беш пайыздык чек 142 миңдин тегерегинде белгиленип, кошумча тизме чыккандан кийин бул тосмо 150 миңге чыгып кеткен. Ошондон бери “Бүтүн Кыргызстан” партиясы нааразычылык акцияларын маал-маалы менен уюштуруп келатат.

КСДП - коалиция түзүү аракетинде

11-ноябрь күнү президент Роза Отунбаева коалиция түзүү милдетин мурда өзү мүчө болуп турган Социал-демократтар фракциясына тапшырды. Президентин чечимине ылайык, эгер баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй 15 күн ичинде КСДП коалиция түзө албаса, анда коалиция түзүү боюнча кийинки милдет “Ата Мекенге” өтөт. “Ата Мекен” фракциясы да 15 күн аралыгында коалиция түзө албаса, анда парламенттеги фракциялар өз ара аракеттенип, дагы 15 күн бою коалиция түзгөнгө далалат жасашат. Анда да коалиция түзүлбөсө, президент кайрадан парламенттик шайлоо белгилеши керек. Бирок президент Р.Отунбаева, биринчи жолкуда эле КСДП коалиция түзөт деген ишенимде экенин айтууда.

12-ноябрь күнү Социал-демократтардын лидери А.Атамбаев коалиция түзүү боюнча “Ата Мекендин” төрагасы Ө.Текебаев менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул эки эски өнөктөштөр азырынча толук келише албай, сүйлөшүүлөрдү улантмак болуп таркашты.

Социал-демократтар буга чейин “Республика” партиясы менен биригүүгө даярдыгын билдирген. Орусияга ыктайбыз деген “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентаризмди колдогону менен ошол системаны алып келген “Ата Мекенди” кыртышы сүйбөй турат. Берки жээкте болсо күчтүү президенттик башкаруу алып келебиз дешкен “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” бар. Брок бул эки партия тең шайлоонун жыйынтыктары чыккыча кадимкидей жоошуп, парламенттик башкарууда деле иштеп көрөбүз дегендей ойлорду айта башташты. Кыязы бул эки партия кан төгүлгөн бийлик алмашуудан кийин өзгөргөн башкаруу системасын оңой-олтоң өзгөртүү такыр мүмкүн эмес экенин эми гана сезип, шайлоо маалындагы эйфориядан чыгышкандай.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Исмаил Исаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Социал-демократтар, “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары катышкан коалиция түзүлүп калуу ыктымалдуулугу көбүрөөк экенин айтты:

- Оптималдуу вариант - албетте биринчи биздин идеялашыбыз, мурдатан бери биз менен бирге күрөшүп келген “Ата Мекен” партиясы менен бирге болсок, алдыга койгон максаттарды аткарганга жакшы болот эле. Ошону менен бирге азыркы өткөн партиялардын ичинен бизге программасы жакыныраак, парламенттик башкарууга дагы көз карашы бирдей партия, бул албетте “Республика”. Ушул үч партиянын тегерегинде сүйлөшүүлөр жүрүп атат жана ушул үчөө бириксе деп эл да күтүп турат.

Коалиция боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөр бир партиянын көбүрөөк, бирөөнүн азыраак добуш алганы анча маанилүү эместигин, бардык беш партия негизинен бирдей күчкө ээ экенин көрсөттү. “Ата Мекендин” лидерлери муну жакшы түшүнүп тургандыктан, бийликте чечүүчү күчкө ээ болмоюн коалициядан баш тартышаарын айтышууда. Президент Роза Отунбаева да эгер Социал-демократтар 15 күн ичинде өкмөт түзө албаса, коалиция түзүү милдетин башынан үзөнгүлөш, идеялаш “Ата Мекен” партиясына тапшырарын билдирди.

“Ата Мекен” өз талабын коюуда

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдиргендей, алар коалицияда реалдуу күчкө ээ болмоюн партияны убактылуу колдонууга бергилери келбейт:

- Акаев, Бакиевдер кызмат бергенде, биз барган эмеспиз. Кимдер кызматка чуркап барганын кыргыз эли жакшы билет. Биздин негизги максат – жүргүзүп аткан реформалар ийгиликтүү болуп, артка кайткыс болушун каалайбыз. Эгер биз фракцияга кирсек, бир гана шарт менен киребиз. Мына ошол реформаларды жүргүзүүдө “Ата Мекен” партиясы чечүүчү ролду ойношу керек жана таасири болушу керек. “Ата Мекен” партиясын эптеп тигил же бул министрлик, акимдик кызматты алыш үчүн тигил же бул топко убактылуу пайдаланууга биз бербейбиз.

“Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов болсо “Ата Мекен” менен анчалык деле пикир келишпестиктери жок экенин айтып, биригип калуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Ошентсе да ал Социал-демократтар, “Ар-Намыс” жана “Республика” үчилтиги да мүмкүн экенин жашырган жок. Негизинен бул партия беш партия тең катышкан кеңири коалиция түзүү сунушун билдирген.

Орусиячыл партиялардын деми сууй түштүбү?

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов кеңири коалицияга беш пайыздык чектен өтпөй калган “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар”, “Замандаш” партияларын кошуу сунушун айтууда. “Ата-Журт” партиясы да кеңири коалицияга макул экенин, бирок оппозицияда калуу да жаман эместигин билдирүүдө.

"Ар-Намыс" партиясынын жетекчиси Ф.Кулов жана Орусия президенти Д.Медведев.
Саясат талдоочу Табылды Акеровдун баамында, эгер Социал-демократтар фракциясы “Республика” менен “Ата Мекен” кошулган коалиция түзүүгө аракет кылса, анда спикерлик орунду Өмүрбек Текебаевден эч ким талашпайт. Андыктан азыр А.Атамбаев менен Ө.Бабановдун ортосунда премьер-минисрлик орунга ким отурушу керектиги боюнча гана оор сүйлөшүүлөр жүрүүдө:

- Үч партиянын негизинде бир коалиция түзүлүшү мүмкүн. Алар КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” партиялары. Ушул үч партия өкмөттүн негизин түзөт деп ойлойм. Бул жерде эң негизги маселе, премьер-министрлик маселеси өтө оор негизде өтүшү мүмкүн. Азыр А.Атамбаев менен Ө.Бабановдун ортосунда премьерликти чечүү маселеси турат. Эгерде ушул маселе чечилсе эле анда коалиция түзүлдү деп айтсак болот.

Ушул тапта бийликте чечүүчү күчкө ээ болуу дымагы ар бир фракцияда бар. Аны “Ата Мекен” партиясы да жашырбай айтууда. Бирок ошол дымагы күчтүүлөр кызмат бөлүшүүгө келгенде тил табыша алабы, кеп ушунда калды. Коалиция түзүү милдетин алган Социал-демократтар “Ата Мекен” менен “Республиканы” ийге келтире турган болсо, келаткан шейшембиге чейин булар коалиция түзүп, парламент төрагасы менен премьер-министрди аныктап коюшу толук ыктымал.

Ал арада аркы жээктеги эки партия менен да сүйлөшүүлөр уланары шексиз. Кокус биринчи вариант ишке ашпай калса, Социал-демократтар “Ата-Журт”, “Ар-Намыс” партияларынын тамырын тартып, ар кандай варианттарды карап көрөт. Эгер 15 күн ичинде булар келише албаса, анда “Ата Мекен” партиясы деле ушундай тагдырга туш болушу мүмкүн. Ошо себептүү кандай болгон күндө да КСДП коалиция түзөт, болочок өкмөт КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” партияларынан куралат деген пикирлер талдоочулар арасында көбүрөөк.