Москвада эң ири базар үч айга жабылды

11-июлда Орусиянын Федералдык миграция кызматы Черкизов базарынын жабылышына байланыштуу Мосвада ишсиз калган мыйзамсыз мигранттарга убактылуу жашап турууга уруксат берүү өтүнүчтү четке какты. Мындай өтүнүч менен 10-июлда Орусиянын коомдук палатасы кайрылган. Анда базардын жабылышынан улам миңдеген мигранттар ишсиз жана документсиз калганы айтылат. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын ырасташынча, Черкизов базарынын жабылышынан улам 100 миңге чукул киши ишсиз калган.
Москвадагы ири Черкизов базарын жабуу иштери өкмөт башчы Владимир Путиндин «күнөөлүүлөрдү камоо керек» деген сөзүнөн соң башталды. Орусиялык массалык маалымат каражаттарынын кабарлашынча, теги азербайжан Телман Исмаиловго таандык базар кампасынан текшерүү маалында жашыруун алынып келинген, 2 миллиард долларга бааланган буюм-терим табылган. Исмаиловдун адвокаты Павел Астахов кармалган товарлар базарда соода кылган 10 миңдей кишиге таандык болгонун айтат.

Москванын Черкизов базары жайгашкан Чыгыш округунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Татьяна Петрованын айтымында, андан бери тартип бузган 187 чет элдик кармалган. Федералдык миграция кызматы 29-июнь, базар жабылган күнүдөн бери төрт чет өлкөлүк атуул өлкөдөн чыгарылган, 300гө чукул кытай жана вьетнам атуулдары азыр уактылуу камакта. Көбү 7-июлда Черкизовдун жабылышына байланыштуу нааразылыгын билдирип Щелковск жолун тосууга аракет кылган маалда кармалышкан.

Ири базарда соода кылган кыргызстандыктардын абалын билүү үчүн “Азаттык” үналгысы Кыргызстандын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча бөлүмүнүн Москвадагы өкүлү Шамил Асанбеков менен байланышты:

Ш.Асанбеков: Кыргыздардын проблемасы жок дейт, биз ал жерде иштеген диаспора жетекчиси менен сүйлөштүк. Жумушсуз калгандары болсо башка жактан иш издеп жатышат. Ал базарда 10-15 миңдей тажик, кытай жана башкалар иштешчү экен. Биздин жарандар Черкизовдо сатуу болушчу. Кара жумушта иштегендер аз.

“Азаттык”: Москванын башка базарларында жагдай кандай? Кыргызстандыктардын абалы кандай?

Ш.Асанбеков: Ошол гана базар жабылууда. Анда соода кылгандардын абалы оорлоду. Кытайлыктар көп экен. Ишсиз калган тажиктер, өзбектер кеталбай жүрүшөт. Кыргыздар учурда баары иштешет. Биз ишсиз калгандарды жумушка орноштурууда жардам берүү үчүн аракет көрүп жатабыз.

Орусиянын Миграция кызматы тараткан маалыматка ылайык, экономикалык кризистен улам четтен келген мигранттардын саны 13 пайызга кыскарган.

Мигранттардын көбүн Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Молдова жана Украинадан келгендер түзөт.