Б. Бешимов: Жаңы тарыхыбызда биз азыр өтө коркунучтуу этапка өтүп баратабыз

Кыргыз-өзбек чегиндеги талаштуу жерлер такталып бүтө элек кезде, өткөн айдын этегинде Жалал-Абаттын Ноокен районуна караштуу Чек деген айылга Өзбекстан чек ара бекетин орнотуп, бул жер Өзбекстанга тиешелүү деп жарыялады. Буга нааразылык иретинде кыргыз тарап Ташкенге нота жолдоду, бирок ага өзбек тарап расмий түрдө жооп бере элек. Чек арадагы мындай кырдаалга байланыштуу ЖК депутаты, СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
- Бакыт мырза, эки тараптын чек аралары такталып бүтө электеги өзбек тараптын мындай аракети эч кайсы мыйзамга, эч бир эл аралык эрежеге сыйбастыгы белгилүү. Кошуналардын бул кадамын сиз кандай баалайсыз?

- Эми Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда азыр жүздөн ашуун талашта турган жерлер бар. Чек айылындагы окуяны Фергана өрөөнүндөгү мындай кырдаалдын башталышы катары карасак болот. Мындай курч маселелер мындан ары да сөзсүз көтөрүлөт. Ошо чек ара чырларынын негизинде азыр тараптардын ортосунда мындай кичи бир согуш чыгып кетиши да ыктымал. Ошону эске алышыбыз керек. Анан бизде азыр түзүлгөн бийлик системасы жер-жерлерде ошондой маселелерди учурунда чечкенге дарамети жок. Андан тышкары Өзбекстан менен болгон мамилебиз курчуп да баратат. Чек ара маселесине, суу-энергетика, миграция маселелери да кошулду. Бул маселелерди биздин фракция буга чейин канча жолу көтөрдү. Бирок мамлекет, өкмөт тараптан буга тиешелүү мамиле жасалбай жатат, тиешелүү саясат түзүлгөн эмес. Фергана өрөөнүндө Кыргызстандын коопсуздугун кантип сактайбыз деген өзүнчө бир саясат болуш керек.

- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча өзбек тарапка бир аз кечигип болсо да нота жөнөттү. Бирок ага азырга чейин расмий жооп келе элек. Ошол эле учурда Кыргызстандын жетекчилиги бул боюнча унчуга элек. Сиздин оюңузча, мындай учурда кыргыз тарап кандай чараларды көрүшү керек эле кошуналардын бул мамилесине карата?

- Биринчи иретте Кыргызстандын өзүнүн ички абалы өтө күчтүү, коргоо системасы бекем болуш керек. Анан чек ара маселесин жеринде чече турган, ошол маселени көтөрүп чыгып, биздин улуттук кызыкчылыкты коргой турган жергиликтүү бийлик бар. Биринчи кезекте ошолор кыйкырып чыгып, мындай бир чакырык салыш керек эле да. А бирок эмне үчүн андай болбой жатат? Анткени биз ылдыйдан өйдөгө чейин “лаппайлик” бир системаны түзүп алганбыз. Алар улуттук кызыкчылыкты экинчи-үчүнчү орунга коюп, биринчи орунга эптеп өзүнүн ордун сактап калууну коюп жатат. Ошондуктан жер-жерлерден туура эмес маалымат келип атат, абалды жакшы, терең түшүндүрбөйт. Анан маселе качан бышып жетилип, жарылганда эле чыгып калышат. Мына сиз Чек айылын айтып жатасыз, Петровка деле ошондой болбодубу.

Мен аналитик катары 15 жылдан бери Фергана өрөөнүндөгү кырдаалды анализдеп жүрөм. Фергана өрөөнүндө биз чек ара, жер, суу маселелерине байланыштуу кошуна мамлекеттер менен согуш абалына барышыбыз да ыктымал. Анан ошол маселелерди абдан зирек, анан салмактуу кабыл алып, ошого жараша даярдык көрүшүбүз керек, алдын алганга аракет кылышыбыз керек. Менин оюмча, биз бир нерсени эске бекем тутуп жүрүшүбүз керек. Азыркы учурда биз коңушлар менен өтө татаал мамиледебиз. Ошондуктан Фергана өрөөнүндө Өзбекстан, Тажикстан менен көп талаш-тартыштар чыгып кетиши ыктымал. Чек ара аймактарында жылдан-жылга чыр-чатактар көбөйүп баратканын статистика да көрсөтүп жатат. Ошондуктан биз армиябызды, башка күч органдарыбызды өтө бекемдешибиз керек. Тилекке каршы биз анын ордуна коррупцияга батып кеттик. Биз чек ара кызматкерлери менен сүйлөшкөнүбүздө офицерлер өздөрү да бул система толук коррупциялашып кеткени тууралуу арызданышкан. Ошондуктан биринчи иретте биз өзүбүз өтө бекем болушубуз керек. Менимче, биз азыр Израилдикине окшош милитаристтик бир система түзбөсөк, кийинки жылдарда эгер коркунуч чындап босогобузга келип калса биз туруштук бере албайбыз.

-Чек айылына байланышкан маселе өтө олуттуу экенине карабай Жогорку Кенеште да ушул убакытка чейин бир да сөз болбогонун, бир да депутат аны козгоп чыкпаганын кантип түшүнсөк болот?

- Чек маселеси чыгып калганда биринчиден, парламент тыныгууга чыкты депутаттар шайлоочулар менен жолугушканы. Бирок ошого карабастан жетекчилик бул маселени козгош керек эле. Парламент өзгөчө бийликтин бутагы болгондо аны сөзсүз көтөрөт эле. Тилекке каршы андай эмес да. Баардыгы бир кишинин гана көзүн карап турат да, “эмне дейт экен” деп. Ошондой система бизди ушундай абалга алып келди. Биринчиден, парламенттин азыр өзүнүн орду жок, биздин коомдо. Экинчиден, аткаруу бийлигинде тартип жок. Үчүнчүдөн күч органдары улуттук коопсуздукту коргоонун ордуна башка иштер менен алек болуп жатат. Ошондуктан Чек айылындагыдай абал азыр башталышы эле. Биз азыр өзүбүздүн жаңы тарыхыбызда өтө коркунучтуу этапка өтүп баратабыз. Кыргыз мамлекетине азыр чоң коркунуч келди. Маселен, Искра, Петровка ошол эле Чек айылындагы окуялар, чек арадагы чыр-чатактар... Ушул маселелер бизге коңгуроо катары болуп жатат. Бирок биз аны жакшы кабыл албай жатабыз.

- Рахмат маегиңизге.