Үчүнчү президент ким болот?

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасы Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги жөнүндө болууда.
“Учур” гезитине “Качанга чейин тезектин түтүнүнө ышталабыз” деген ат менен “Ак жол” партиясынын төрагасынын орунбасары Элмира Ибраимованын президент Курманбек Бакиевге, ошону менен бирге эле “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнө кайрылуусу басылды. Буга удаа эле “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин: “Атамбаевге ат көтөргүс жоопкерчилик ыйгардык” деген аталыш менен кабарчынын суроолоруна берген жооптору жарык көрдү. Ал өз сөзүндө оппозиция биригип бир талапкер катары Алмаз Атамбаевди, дублер катары генерал Исмаил Исаковду алып чыгышканын, президенттикке көргөзүү менен А. Атамбаевдин тагдырын эмес, өлкөнүн тагдырын өзгөртүү, үй-бүлөлүк-криминалдашкан системасыз, эркин атаандаштыкка негизделген тең салмактуу коом түзүү идеясын көтөрүп жатышканын айткан.

Ал эми белгилүү парапсихолог Мелис Карыбеков мындан 3 жыл мурун Мелис Эшимканов менен сүйлөшүп калганын, ошондо журналист Мелис парапсихолог Мелистен: “Үчүнчү президент ким болот?” деп сураганда “Алмаз Атамбаев болорун айтканын”, ошону менен бирге эле Кулов Акаев тушунда Бишкек шаарынын мэрлигинен отставкага кетип, президенттикке ат салышмакчы болгондо анын иниси Марсел Куловго: ”Кулов президент болбойт. Ага кылмыш иши ачылганы калды, түрмөгө олтурат” деп айтканы ж.б. жооптору жарыяланды. Мелис Карыбековдун “Вечерний Бишкек” гезитинин 2006-жылдын 29-мартында айтып бергендери да окурмандарга орус тилинде сунуш кылынган.

Парапсихолог Бакиев менен Кулов экөөнөн реформатор чыкпастыгын, булар бир режимден экинчи бир режимге өтүүгө жардам берчү көпүрөнүн гана милдетин аткарарын белгилеген. Чыныгы реформатор 3-президент болмокчу. Ал шайланган бир жылдан кийин эле эл өзгөрүүнү өз жонтериси менен сезе баштайт. Жаңы лидер бул – элдин тилеги. Эл тилегинен келген адам өлкөнүн багытын толугу менен жаңылайт, бир аз жыл өтпөй Кыргызстан Борбор Азия өлколөрүнүн ичиндеги экономикасы эң эле бакубат өлкөгө айланат. М. Карыбеков Кыргызстанда эч качан жарандык согуш болбой тургандыгын да кошумчалаган.

Гезит андан ары карай аттуу-баштуу айрым саясатчылардан оппозициянын акыркы чечими тууралуу ойлорун сураган.

Мамлекеттик ишмер И. Абдуразаков: - Президенттик шпайлоо абдан чыңалган кырдаалда өтөт. Менимче Атамбаевдин тарапкерлери анын бардык артыкчылык-кемчиликтерин эсепке алса керек.

ЖК депутаты И. Өмүркулов: - Эгер эртеңки шайлоого кайдыгер мамиле жасап, акчага сатылып, келечегибизге кол шилтесек тарых алдында жууса кеткис, кечиримсиз иш кылган болобуз.

Генерал М. Ниязов: - Бизге бүгүн жөнөкөй шайлоо эмес, тандоо керек. Азыр бийлик болобу, оппозиция болобу, эл болобу, Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн баарыбыз жооптуубуз.

БЭКтин штаб башчысы А. Бекназаров: - 25-апрель күнү өтчү Курултайда Алмаз Атамбаев ырасмий түрдө президенттикке көрсөтүлөт. Не бар, не жок деп И. Исаковдун талапкерлигин дублер катары алып чыктык. Буюрса шайлоого даярдыкты баштадык. 10-майдан баштап чечкиндүү саясый кадамдарга өтөбүз.

БЭКтин саясый кеңешинин мүчөсү Т. Тургуналиев: - Эң негизгиси Бакиевди шайлоого жеткирбеш керек, аларды оодарбасак, сөзсүз түрдө шайлоо жыйынтыгын бурмалайт.

“Айат пресс” гезити К. Бакиев менен А. Атамбаевдин саясаттагы салмагын билүү максатында айрым атуулдарга суроо салганда “Градиент” фирмасынын деректири Эмир Сарпашев “Экөө тең президенттикке татыктуу адамдар, экөөнүн тең бирдей шансы бар” деп, журналист Эрнис Асек уулу “Кимиси күчкө салса, шайлоодо ошол жеңип чыгат” деп, кинорежиссер Жали Сооданбек “Бакиев менен салыштырганда албетте анын тажрыйбасы чоң. Кийинки убактарда Бакиевди ага-тууган, бала-чакалары бузгансып атат. Эл да нааразы. Бакиев баары бир аксап атат. Эгер Атамбаев болуп калса ийгилик” деп, журналист Жаныбек Жанызак “Жеке пикиримде Атамбаев алсыз саясатчы. Экөөнү салыштырганда Бакиев ушул турушу менен жеңип кетет го, он пайызы Атамбаев болсо, калганы Бакиевде” деп жооп беришсе, коомдук ишмер Б. Ааматов “ Атамбаевдин кандидаттыгына мен каршымын” деп, публицист Б. Кылычбеков “ А. Атамбаевдин оппозиция тарабынан көрсөтүлүшү туура. Президенттикке татыктуу кадр. Ал эми элдин көбү кимди шайлаарын билип калышты. Бул ирет эл татыктуусуна добуш берерине ишенем” деп жооп беришкен.

Гезиттин бул санына таланттуу кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Кинону товар катары сатканды үйрөнсөк” деген ат менен интервьюсу жарык көрдү. “Белгисиз маршрут” аттуу кинотасмасы аркылуу белгилүү болгон кинорежиссер азыр “Арманым – Лира”аттуу фильм тартууга киришкенин сөз кылган. Темир андан ары тилекке каршы дагы эле мурдагы түшүнүктөрдөн арылалбай, кинону товар катары сатканды үйрөнө албай келатканыбызга кейиген. Ал Акжол Бекболотов деген жаш режиссер болгону 800 долларга кино тартып, ар кандай эларалык фестивалдарга катышып, алган байгеси 2400 долларга жеткенин, ошол эле учурда мен укмуш деп көкүрөгүн койгулап жүргөн режиссерлор миллиондогон акча коротуп, же тартканы элге жакпай, же киреше апкелбей олтурганын мисалга алат. Бүгүн жеке киностудиялардын мүмкүнчүлүгү мамлекеттин көзүн карап, механизмин өзгөртпөй, совет доорундагы бойдон калган “Кыргызфильмге” караганда алда канча жогору экендигин ачыкка чыгарган.

Ушул эле санга “Абактагы азаптуу ойлор” деп аталган рубрика алдында “шпион” деп кармалып, УКК абагына жатып чыккан акын кыз Жыпар Арыкованын сандан санга жарыяланып келаткан муңдуу баянынын үзүндүсү уланган.