Улуу майрамды Убактылуу өкмөт башчы Москвадан тосту

Москвадагы майрам салтанаты

Улуу Жеңиштин 65 жылдык майрамына арналган Москвадагы расмий иш-чараларга Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева да катышып, биртоп жолугушууларды өткөрүп кайтты.
«Бийликтин конституциялык эмес жол менен алмашылышына» кабатырланган КМШ мамлекет башчыларынын каадалуу жыйындарына жаңы бийлик жетекчиси катышкан жок.


Жардамга уруксат, революцияга жок

Кыргызстан тууралуу кеп болгон каадалуу жыйындардын текши баарында өлкөнүн туруктуу абалга түшүшү, мыйзамдуу бийликти орнотуу зарылдыгы айтылат. Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Москвадагы жолугушуусунда “бийликтин конституциялык эмес жол менен алмаштырылышына” кабатырлангандык билдирилип, жакындан жардам көрсөтүү маселеси козголду.

А бирок, бийликти мыйзам жолу – шайлоо аркылуу алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн постсоветтик Борбор Азия республикалары караманча куржалак калышканы да көпчүлүккө маалым. Ошондон Кыргызстан жолою коңшуларда деле кайталанып калыш ыктымалдыгы 7-апрелдеги окуялардан соң Батыш басма сөзүндө байма-бай талкууланып келатат.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Кыргызстан менен алака-катыш жасап келаткан өлкөлөр, өзгөчө Күнкорсуз шериктештигине мүчө мамлекеттерден азырынча жардамдан башка сөз чыга элек.

- Көңтөрүш болду да. Ошол көңтөрүштү КМШга кирген мамлекеттер да кабыл алышы керек. Жаңы өкмөттү тааныш керек деп. Ал болгон жок.

Убактылуу өкмөт башчынын Кыргызстан мүчө болгон эларалык уюмдардын жыйындарына катышпай калышынын себеп-жөнүн саясат таануучу Александр Князев экинчи бир жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Бул Орусиянын, мүмкүн Казакстандын Белорусияга карата ишаарасы.

Антсе да Роза Отунбаеванын Москва сапарын кыйла жагынан натыйжалуу деп айтса жарашат. Москвадагы майрамдык салтанаттарга катышууга барган өкмөттүк топтун мүчөсү Эдил Байсаловдун маалымдашынча, Р.Отунбаева Орусия жетекчилиги менен жолугушуп кайтты.

- Натыйжалуу жолугушуу болду. Д.Медведев 9-майда мамлекет башчылары, башка иштеринин көп болгонуна карабастан, Р.Отунбаевага көп көңүл буруп, убакыт да берип, Кыргызстан жөнүндө кабардар экенин көрсөттү. Бекем болсоңор туруктуулук болот, Россия жардамын аябайт, бир туугандык мамилебиз бар. Өзгөчө 9-май, деп ишендире алды. 25 миң тонна солярка, 2,5 миң тонна үрөн берип, дагы биртоп маселелерди чечүү боюнча жумуш жүрүп жатканын айтты.

Жардам го берилет, чыдай тургула дейби?

Кыргызстандагы абалдын калыбына келиши чөлкөм коопсуздугу менен туруктуулугуна таасир көрсөтөрүн Орусия президентинин Кыргызстан элине жолдогон кайрылуусунда да ырасталды. Бийликти бир эмес эки ирет күч менен алмаштыруунун түпкү себеби барып-келип эле өлкөнү бир үй-бүлөнүн башкаруусун жоюуга барып такалат. Убактылуу өкмөт болсо “жаңы демократиялуу башкаруу органы калыптанганда” бийликти “толук бойдон өткөрүп” бере тургандыгын башынан эле айтып келатат. Профессор Акылбек Жуманалиевдин пикиринде, “революциячылардан” жалпы элдин күткөнү деле ушул.

- Мыйзамсыз жолдор менен саясат жүрүп атат. Бирок бул убактылуу. 5 айдан кийин парламентти шайлайбыз, президентти шайлайбыз. Анан туура эле жолго түшөбүз. Эми чыдай туруш керек.

Кыргызстандын “укуктук талаага” кайтып келиши экинчи революциядан кийин бираз кечигибирээк болгону турат. Жаңы Конституция долбоору 20-майга чейин такталып, жалпы элдик референдумдан өтүп, парламенттик башкарууга ык койгон жаңы системанын оюн эрежелери такталган соң шайлоо жарыштарына жол ачылмакчы.