Азиза Абдрасулова: Президент алмашкандан Кыргызстан оңолбойт экен

Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү 23-мартта Бишкекте ички иштер министри М. Конгатиев менен жолугушуп, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Ал жерде болгон сөз жөнүндө Азаттыкка “Кылым шамы” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова айтып берди.
-Жолугушууда министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылуудан башка кандай маселелерди көтөрдүңүздөр?

-Негизи бир маселе менен бардык. Министр мырзага: өзүңүз каалоңуз менен кызматыңызды тапшырыңыз, сиз канчалык аракет кылганыңыз менен ушул структураны оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрүңүз болбой атат. Структура оңолбостон күндөн-күнгө милиция кызматкерлеринин иши начарлап баратат деген бир гана маселени койдук.

-Бей өкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнө бут тосуу фактылары боюнча министр мырза өзүнүн кандай жүйөөлөрүн айтты?


-Жолугушууда негизинен министр мырза мындай актанып, же болбосо биздин айткан далилдерибизге жооп берүүгө аракет кылган жок. Абдан кылдат укту айткандарыбызды. Акырында кыска гана өзүнүн жасаган иштерин жана мындан ары жасайын деген пландарын гана кыскача айтып өттү.

Сөзүнүн акырында бул менин иштен кетишим президенттин чечимине байланыштуу, мен андай чечимди кабыл ала албайм деген жооп узатты. Биз министр кызматтан өз каалоосу менен кетип калууга даяр эмес экен деген ойдо калдык.

-Азиза айым март ыңкылабына мына бүгун төрт жыл толуп отурат. Мурдагы үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы болуп, мына ушул ыңкылапты ишке ашырган эл бүгүнкү күнү да кайра эле ошондой бир үй-бүлөнүн башкарып жатканына нааразы. Айтсаңыз, ыңкылаптын кандай максаттары ишке ашпай калды?

-Март ыңкылабынын бир кемчилиги болгон экен да. “Өлүп көрүптүрмүнбү” дегендей биз ыңкылап жасап, президентти жумуштан кетирип, экинчи президентти алып келип көргөн эл эмес экенбиз. Акаевдин бийликтен жадап, акаевдик укук бузуулардан, үй-бүлөлүк башкаруудан жадаган эл Акаевден кутулуунун гана айласын издеген экенбиз. Ал эми Акаевден кутулгандан кийин ким келет, кандай башкаруу болот, ошол кийинки келген адам элди кандай башкарат деген суроону өзүбүздүн алдыбызга коё алган эмес экенбиз да.

Ал эми бүгүнкү күндө болсо, эң биринчиден мен укук коргоочу катары конституциялык жол менен бийлик алмашканын көздөйм. Экинчиден, ошол кийинки келген инсан ким болот. Ошонун командасы ким, ошол элге кандай программа тартуулайт деген жагдайга өтө чоң көңүл бурушубуз керек экен. Бир президентти экинчисине алмаштырып коюу менен Кыргызстан оңолбойт экен. Мен ошого көзүм жетти.

-Азыркы бийликтин тушунда мурдагы бийликтин тушундагыдан дагы кырдаал, саясий экономикалык абал начарлады деген пикирлер бар да. Мисалы, сөз эркиндигинин кысымга алынышы. Ошол учурда акыркы мына өзүңүздөр бир топ маселе көтөрдүңүздөр, бей өкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл кылуу боюнча мыйзам долбоорлору иштеп чыгарылды. Мына ушул жагына сиз кандай карайсыз?

-Албетте, ошол Акаевдин убагындагы жетишкендиктердин, баалулуктардын көпчүлүгүн бүгүнкү күндө жоготуп алдык. Шайлоо жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди бюирок анын терс жагына киргизилди. Тынч пикеттер жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.

Бүгүнкү күндө пикет, митингдерди өткөрү таптакыр мүмкүн болбой калды. Ошол эле убакта буюртма киши өлтүрүүлөр, буюртма кол салуулар көбөйүп кетти. Аттуу-башттуу адамдар дайынсыз жоголуп алар табылбай атат. Эми Кыргызстандын демократиялык эң баалуулугу бул- өнүккөн жарандык коом. Өнүккөн жарандык коомго дагы кол салуулар болуп атат да. Жарандык коомдун өкүлдөрү биз, таптакыр сүйлөбөй оозубузду жаап отуруп калышыбыз керек болуп атат. Бул дагы терс көрүнүш.

-Азиза айым 27-мартта оппозиция дагы нааразылык чарасын уюштурган атат жалпы Кыргызстан боюнча. Жарандык коом бул акцияга катышабы?

-Эми мен жалпы жарандык коомдун атынан сүйлөй албайм. Мисал үчүн мен ушундай өңүттөгү акцияларга кандайдыр бир талаптар менен катышмакчымын. Ноокат окуясын адилет иликтөө боюнча. Же болбосо жарандардын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу боюнча, энергетикалык кризис боюнча.

Жарандарыбыздын чет мамлекетке чыгып иштеп, ошол жакта кыйналып жүргөндүктөрү боюнча мен ушундай бир талаптарды коюп катышат болчумун. Ошол эле убакта жарандардын эркин жыйындарга болгон укуктарын калыбына келтирүү деген талаптар менен ошол жыйынга барып катышууга мен өзүм даярмын.

Ал эми башка жарандык коомдун өкүлдөрү балким чечишсе керек ар кимиси өзүнүн түздөн-түз катышуусу боюнча.