Аталган аскердик бөлүктүн командиринин орун басары Мунар Шакенов ал жерде бир айлык аскердик кызмат өтөгөн Арзымбек Абдыкулов генерал-майор Дүйшөнбиевдин тууганы экенин, кызмат убагында ага өзгөчө шарт түзүлгөнүн, аны тартипке чакырганы үчүн өзү жазаланганын айтып чыкты. Ал жагдайды териштирүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылды.
Башкы штаб Дүйшөнбиев менен Абдыкуловдун туугандыгы тууралуу маалыматты четке кагып, Шакеновдун өзүн паракорчулук боюнча айыптап жатат. Бул окуяны аскер прокуратурасы териштире баштады.
Кийинки убакта армияга байланыштуу чуулгандуу окуялар, Башкы штабдын дарегине айтылган дооматтар көбөйдү.
Ош шаарындагы №36806 аскердик бөлүктүн жетекчисинин орун басары Мунар Шакеновдун айтымында, чуулгандуу чыр бир айлык кызмат өтөгөнү келген 38 жаштагы Арзымбек Абдыкуловго байланыштуу чыккан.
Анын маалыматына ылайык, Абдыкулов 13-сентябрдан 13-октябрга чейин армияда болгон жана жетекчиликтен Абдыкуловго Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиевдин тууганы катары өзгөчө шарт түзүп берүү тууралуу көрсөтмө берилген.
Мунар Шакенов Арзымбек Абдыкуловду тартипке чакырганынын, мунун айынан аскер жетекчилеринин каарына калганын айтып жатат:
- Ал келген күндөн баштап эле бизге дивизиянын командиринен "бул бала Башкы штабдын башчысынын иниси, жакын тууганы болот, эми бул жактан эс алып эле кетсин, эч нерсеге мажбурлабагыла, өзү каалагандай жүрө берсин" деген көрсөтмө болгон. Башында биз, офицерлер түшүнгөн жокпуз. “Катарга тизил, андай-мындай кыл” деп айтсак: "Силерге айтылды го, болду да, эмне эле тийише бересиңер? Керек болсо мен генерал-майор Дүйшөнбиевдин иниси болом, ага чалып баарыңардын энеңерди таанытам" деп ачык эле айткан. Бир айдын ичинде ал бир да жолу сабакка катышкан эмес. Жөн эле санитардык бөлүктө жатып, окуу борборунун аймагында чолок шым, манжалары көрүнгөн бут кийим кийип алып эле жүргөн. Тилекке каршы, биздин жогору жакта турган командачылык, юристтерибиз Башкы штабдын башчысына кошоматтанып бизге каршы иш жүргүзүп жатат.
Мунар Шакенов Арзымбек Абдыкуловдун аскердик билетин жокко чыгаруу боюнча прокуратурага 12-октябрда кайрылган. Ошондой эле анда Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөмбиевди "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыптаган. Ал бул окуяга байланыштуу президентке жана Коопсуздук кеңешине чейин кайрыла турганын кошумчалады.
Дагы караңыз Кыргыз армиясындагы кыйраган кыялдарАталган аскердик бөлүктө Мунар Шакеновдун кол алдында кызмат өтөгөн лейтенант Алмамбет Ырыскадыр уулу да прокуратурага кайрылган. Ал арызында №8 мотоаткычтар дивизиясынын командири Талант Эргешов тууралуу "Мунар Шакеновго каршы жалган көрсөтмө бергенге мажбурлады" деп жазган. Алмамбет Ырыскадыр уулунун айтымында, ал бул окуянын айынан өз өмүрүнө кол салууну да ойлонгон:
- Бир топко чейин аябай жаман болуп жүрдүм. Бассам-турсам деле оюма келет. Айла жок, жашаганга, иштегенге мүмкүн болбой калганынан Ош шаарынын аскер прокуратурасына барып "мыйзам чегинде чечип бергиле" деп арыз жаздым. Полковник Эргешов "муну сен жалгыз кылган жоксуң, үстүңөрдөн Шакенов карап турган, ошол көрсөтмө берген, күнөөсү бар, мен билем" деп ушундай нерселерди айткан. Акыркы жолу иш бөлмөсүнө чакырганда “андай эмес” деп айтсам уккан эмес. Кыйкырып, коркуткан.
Бул окуядан кийин Мунар Шакеновду Баткенге которуу, ал эми Алмамбет Ырыскадыр уулун кызматтан төмөндөтүү тууралуу буйрук чыккан.
Биз Арзымбек Абдыкуловдун өзүнөн комментарий алдык. Ал “Райымберди Дүйшөнбиев менен тууган жана анын атын пайдаланган” деген сөздөрдү негизсиз деп билдирди. Армияда убактысынын басымдуу бөлүгүн санитардык бөлүктө өткөргөнүн төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Ал жерде эми негизинен 25-30 жашка чейинки балдар экен. Кадимкидей дене тарбия көнүгүүлөрүнө, эртең мененки тамактан кийин автоматты чачып кайра кураштыруу дегендей сабактарга катышып жаткам. Алтынчы күнү форма жууп, футбол ойноп жана башка көнүгүүлөрдү жасап калчубуз. Ошондо мен аскердик бөлүктүн командиринен: "Жолдош полковник, эми менин жашым улуу, балам 14кө чыгып калды, бирок шартка байланыштуу кызмат өтөгөнү келдим, бул жердеги жаш балдардын ар кандай сөгүнгөнү, кээ бир сөздөрү катуу тиет экен, ошондуктан жаман-жакшы айтышпай, анча-мынча медпунктта жүрүп турсам болобу?" деп сурангам. Ал жерде фельдшер бар. Ага буту-колу жооруп жана башка болгон балдар барат. Туура, менин юридикалык билимим жок. Ошол фельдшерге жардам берип, суу-пуусуна каралашып, ошол жерде жөн эле отурдум. Мен эми “мындай элем, тигиндей элем” дегидей ата-энесинин колунан жаңы эле чыгып армияга барган 18-19 жаштагы бала эмесмин да?
Дагы караңыз Кырсыктан арылбаган кыргыз армиясыАрзымбек Абдыкулов генерал-майор Райымберди Дүйшөмбиев менен туугандык байланышы жок экенин айтып жатат. Жашы бир топ болуп калганда армияга барган себебин прокуратурада кызматка орношуу аракети менен түшүндүрдү:
- Ал экөөбүз бир райондон - Ноокенден болобуз. Арыз жазып жаткан Мунар Шакенов да Ноокенден болот. Мен Ноокендин Кочкор-Ата шаарынан, Шакенов Сакалдыдан, Дүйшөнбиев Бүргөндүдөн болот. Куда-сөөк, тууган-тааныштык байланышыбыз жок, мен ал кишини жеке тааныбайм. Мунун баарын прокуратура иликтеп жатат. Түшүнүк кат жазып бердим. Интернеттен кайра-кайра эле чыгып жатканы мага психологиялык жактан оор тийип жатат. Мен тазамын. Учурунда 2-категориядагы аскердик билет алгам. 2019-жылдан баштап жаңы мыйзам ишке кирет, анда 2-категориядагы аскердик билети барлар кызматка алынбайт. Ошондуктан 1-категориядагы аскер билетин алууга мажбур болдум. Кийинки жылы 40ка чыгам. Эгер билет албай калсам анда мен таксист болушум керек же соода кылганга мажбур болом. Ошонун негизинде мыйзамда көрсөтүлгөн 50 миң сом акчасын төлөп, армияга баргам. Азыр жумушум жок. Бирок 2008-жылдан 2011-жылга чейин прокуратурада иштегем. Ал учурда аскердик билеттин категориялары каралчу эмес. Прокуратурага кайра жумушка орношсомбу деген ой болуп жаткан.
2-ноябрда айрым маалымат каражаттары Башкы штабдан Арзымбек Абдыкуловду Башкы чалгындоо башкармалыгына офицерлик кызматка алуу тууралуу 17-октябрда буйрук чыкканы тууралуу жазышты. Абдыкулов бул маалыматты да жокко чыгарды.
Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева №36806 аскердик бөлүктөгү жагдай боюнча "Азаттыкка" комментарий берди. Анын айтымында, Мунар Шакенов "акча алат жана башка мыйзамсыз, уставга жат иштерге барат” деген мазмундагы арыздар түшкөн:
- Ал кишинин (Арзымбек Абдыкуловдун) Башкы штабдын башчысына эч кандай тиешеси жок. Жердеши эле болуп, атын пайдаланып, атына жамынып жаткандар толтура. Биз өзүбүз деле иликтеп жатабыз, бирок анда айтылгандар аныкталган жок. Абдыкуловго санитардык бөлүктөн маалымдамалар берилиптир, ошонун баарын текшерип жатабыз. Маалымдаманы ким берген, мөөр кантип коюлган - анын баарын текшерип жатабыз. Бизге "майор Мунар Шакенов бизден акча алып жатат, антип-минтип жатат" деген арыздар түшкөн. Мындай арыздарды биз иликтей баштаганбыз. Ооба, мунун баары аныкталды. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Ал жерде 300дөй адам болгон, алар ар кайсы аймактан, райондон келгендиктен, аларга барып түшүнүк кат алып жаткандыктан кичине кармалып калып жатабыз. Мындай түшүнүк каттар бар, анча-мынча жетишпегендерди чогултуп жатабыз. Анын жанындагы эле офицерлер да “ушундай болгон” деп түшүнүк каттарын жазып беришкен.
Ал арада "Азаттыкка" Оштогу №36806 аскердик бөлүктө бир айлык аскер кызматын өтөп кеткен айрым жарандардын кайрылуулары келди. Анда аталган аскердик бөлүктүн юристи Мирбек Кадыралиев аларды Мунар Шакеновго каршы көрсөтмө бердирип жатканы тууралуу доомат айтылат. Маселен, Нур Абдыманап уулу мындай деди:
- Юрист Мирбек Кадыралиев мага телефон чалып, "силер кызмат өтөп жаткан учурда Шакенов тарабынан кандайдыр мыйзам бузуу болгонбу, эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо түшүнүк кат жазып бере аласызбы" деп айтты. “Алайдамын, бара албайм” десем “анда сизге барышат” деп үйүмдүн дарегин алышты. Бирок келишкен жок. Мунар Шакенов менен биздин взводдун командири Алмамбет Ырыскадыр уулунун эч кандай жаман жагын көргөн жокпуз. Бизге алар эң жакшы лекцияларды өтүштү. Болгон күчү, болгон билими менен бизге кызматты түшүндүрүп беришти. Мен түшүнүк катка ушуну эле жазып бермекмин. Андан башка мыйзам бузуу, курал-жарак сатуу дегендер болгон эмес.
Биз №36806 аскердик бөлүктүн юристи Мирбек Кадыралиев менен байланышканыбызда, ал комментарий берүүдөн баш тартты:
- Сизге алар туура эмес маалымат берип коюшса керек. Сиз №36806 аскердик бөлүктүн командирлерине кайрылыңыз. Ошолор маалымат бере алат. Мен маалымат бере албайм.
Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов бул окуянын моралдык жагына басым жасады жана эгемен кыргыз армиясында тарыхында мындай окуялар буга чейин болбогонун белгиледи:
- Бул окуяны эми прокуратура органдары текшерип, укуктук баа берсе керек. Бирок мунун моралдык жагы бар да. Ошол арызданган офицерлерди булар жарга такап, анан алардын башка аргасы калбай калганынан ушуга барды го деп ойлойм. Өлкөнүн эгемен тарыхында кенже офицерлер эң жогорку жетекчиси тууралуу ушундай деп айтып чыкканын биринчи жолу угуп жатам. Мындай окуялар буга чейин болгон эмес. Бул кооптуу көрүнүш. Себеби, моралдык жагы бар. Армияда командирлер кол алдында иштеген офицерлерге үлгү болушу керек. Тилекке каршы, үлгү болгондун ордуна тескери жагын көрсөтүп жатканы өтө кейиштүү. Мен Райымберди Дүйшөмбиевди тааныйм, менин кол алдымда өскөн. Чек ара кызматын жетектеп турганда анын карьерарасына салым кошком. Бул жигит албетте, кызматын сактап калыш үчүн, өзүнө сөз тийгизбеш үчүн ушундай жолду тандап алгандыр. Ошондуктан “тууган эмес, тиешем жок” деп айтып жаткандыр. Армияда эртең менен тургандан кечинде жатканга чейинки тартиптин баары так жазылган. Азыр эми Башкы штабга тиешелүү өтө эле көп окуялар болуп кетти. Ошонун баарын териштирип, бир тыянак чыгара турган мезгил деле келди.
Райымберди Дүйшөнбиев Ош шаарындагы №36806 аскердик бөлүктөгү жана буга чейинки башка аскер бөлүктөрүндө катталган бир катар чуулгандуу окуялар, өзү тууралуу айтылган дооматтар тууралуу такыр эле комментарий бербей келет.
Өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн командачылыгы, тактап айтканда Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөргөн. Анда соңку кездери аскердик кылмыштардын көбөйгөнүн, мыйзам бузуу фактыларынын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугун сынга алып, күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү аракет кылууну тапшырган. Жээнбеков бул жолугушууда аскердик жетекчиликтин ишин жетишсиз деп баалаган.