Жогорку Соту президенттик шайлоо учурунда Балыкчыдагы окуяларга байланыштуу камакка алынгандардын баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.
Антишке негиз берчү жагдай катары Жогорку Сот Балыкчыдагы окуялар боюнча кылмыш иштери шаардык сотто жакын арада териштириле тургандыгына байланыштырууда. Жогорку Соттон акыйкат издегендердин аракети тууралуу кепти улантабыз.
Президент шайлоо учурундагы Балыкчы окуясына тиешеси бар делинген 19 кишиге кылмыш иштери козголуп, алардын 14 Балыкчы шаар сотунун токтомуна ылайык камакка алынган. Алардын арасынан Гүлмира Жамгырчиеванын баш коргоо чарасы бир айдан кийин өзгөртүлүп, сыртка чыкпоо тууралуу тилкат алынып, боштондукка чыгарылган. Оор ахывалда ооруканага жаткырылган Канатбек Сопиевдин тагдыры Жогорку Сот коллегия мүчөлөрүн кайдыгер калтырбай, башка жакка кетип калбоо жөнүндө тилкат алып аны камактан бошотуу жөнүндө чечим чыгарылган.
Канатбек Сопиевдин абалы өтөле оор экенин анын жактоочусу Шабдан Абдыкасымов айтып берди: “Бөйрөгүнөн начарлап, кечөөкүгө караганда бүгүн абалы начар. Мээси шишип, заарасы чыгышы кыйындап, абалы начарлагандын үстүндө. Мурда да оорусу бар экен. Анан ошол кармалган күнү да таяк жеп, сабалган окшойт. Ошол күчөтүп ийген окшойт. 12 жыл мурун да ушинтип бөйрөгү иштебей калып, аман калган экен”, деп айтты камактан ооруканага которулган К.Сопиевдин жактоочусу.
Канатбектин бир тууган эжеси Галия Сопиеванын маалымдашынча, иниси камакка алынгандан бери мурдагы оорусу күчөп, каражанынын кайгайы менен алек. “Өткөндө эле 10 күн кишенделип ооруканада жатып чыккан. Ал эмне, киши өлтүрдүбү?! Эмнеге ушнчалык зомбулук болуп жатат?” Г.Сопиеванын бул суроосуна азырынча жооп боло элек.
Жогорку Сот Балыкчы окуяларына тийиштиги бар делинип, камакка алынган он эки адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндөгү адвокаттардын өтүнүчүн четке кагып, Балыкчы шаардык сотунун 25-июлдагы токтому менен Ысык-Көл облустук сотунун 7-августтагы аныктамасын өзгөртүүсүз калтырды.
23-июлдагы президенттик шайлоо учурунда Балыкчыда массалык тартипсиздикке жол берген, бийлик өкүлдөрүнө каршы чыгып, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү аракетин жасаган деп айыпталынып жаткан 19 адамга каршы козголгон кылмыш иштери бир айдын ичинде соңуна чыгып, өткөн айдын жыйырма үчүндө Балыкчы шаардык сотуна өткөрүлүп берилген. Азырынча соттук териштирүүлөр качан башталары тактала элек. А бирок камалып жаткандардын адвокаттарынын ырасташынча, коюлуп жаткан оголе оор айыптардын далилдери жетишсиз, айныксыз фактылар менен бекемделген эмес. Аны адвокат Асантур Молдогазиев минтип ырастайт: “297-берененин негизин Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн өзгөртүү, аны жокко чыгаруу аракети түзөт. Жактоочу катары айтайын, андайга эч бир негиз жок”.
Актоочу Айбек Жанузаков 23-июлдагы шайлоо учурунда бийликке каршы чыкты деп айыпталынып жаткандарды камакка алуу мыйзам талаптарына кайчы жасалганын Жогорку сот коллегиясында белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 103-беренесине ылайык айыпкердин өздүгү, иштеген иши, жашы, ден соолук, үй-бүлөлүк абалы, башка жагдайлар каралган эмес”, дейт А.Жанузаков.
Балыкчы окуялары боюнча камоолор мыйзам негизинде жүргүзүлгөнүн мамлекеттик айыптоочу Шабидин Шейшеналиев ырастап, кимдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктай тургандыгын белгилөө менен чектелди.
“Бөгөт коюу чарасы эки айга чейин берилген, 25-сентябрга чейин,- деп ырастады Ш.Шейшеналиев Жогорку сот коллегиясында. – Мен дагы айтып кетем. Азыр иш сотто жатат. Ошондуктан аталган айыпкерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө эч кандай негиз жок, деп эсептейм”.
Мамлекеттик айыптоочунун жүйөөсү Жогорку сот коллегия мүчөлөрүнөн колдоо таап, ооруканада араңжан жаткан жалгыз К.Сопиевден башкаларынын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчтөрү четке кагылды. Ал эми Балыкчыда болсо 23-июлда шайлоо учурунда ички иштер кызматкерлери алып кеткен 4 кишини бошотуу талабы менен чогулган отуздай адамдын кыйласына кылмыш иштери козголуп, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 139, 233, 297-беренелери боюнча айып коюлган. Ушу тапта 13 адам камакта, калгандары сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат берип суракта жүрүшөт.