Саясий куугунтукка каршы күрөшүү комитети (СаККК) камактагы А. Жекшенкуловду, С.Аргынбаевди, Э.Бөлөкбаевди саясий туткун катары тааныган чечимин жарыя кылды. Аталган комитет бул маселеге эл аралык уюмдарды көңүл бурууга чакырып, бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.
Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, Башкы прокуратурага токтом чыгарууга берилди. Бул маалыматты аталган саясаттын жактоочусу Асел Аргынбаева билдирди. Жактоочу Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча эми Бишкек шаардык сотуна кайрылган жатат.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго түрк ишкери Сервет Четинди өлтүрүүгө катыштыгы бар жана тапанчасын мыйзамсыз түрдө башка бирөөгө берген деген эки айып тагылган. Ал 9-мартта камакка алынган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы А.Жекшенкуловго байланыштуу эч кандай комментарий беришпестигин билдирди.
Талдоочулар болсо Аликбек Жекшенкуловго карата козголгон кылмыш ишин анын саясий ишмердиги менен байланыштырууда. Алардын пикиринде, аталган саясатчы “Акыйкат үчүн” кыймылын түзүп, БЭКтин активдүү лидерлеринин бири катары бийликти катуу сынга алган оппозициядагы салмактуу саясатчы болгондуктан, бийлик аны президенттик шайлоо алдында убактылуу болсо дагы четтетип туруу үчүн камакка алды.
Саясий куугунтукка каршы күрөшүү комитетинин баамында, “Болуш” бейөкмөт уюмунун башчысы Сапарбек Аргынбаев менен “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин камакка алынышы, БЭКтин мүчөлөрү Исмаил Исаковго, Эмил Каптагаевге, Иса Өмүркуловго кылмыш ишинин ачылышы бийликтин ачыктан-ачык саясий куугунтугу болуп саналат.
-Саясий куугунтукка каршы күрөшүү комитети Аликбек Жекшенкуловго, Сапар Аргынбаевге, Эркин Бөлөкбаевге саясий туткун деген баа берди. Булардын күнөөсү деле жок. Алар бийликке каршы саясий активдүү болушкандыгы үчүн эле камакка алынып, көз көрүнөө кысым болуп жатат, -деди СаКККтын мүчөсү Качкын Булатов.
Аталган комитет оппозицияга саясий куугунтукту токтотууну талап кылып, бул маселеге олуттуу көңүл бурууга эл аралык уюмдарды чакырууда.
Коопсуздук комитетинин абагында жаткан Сапарбек Аргынбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу маселе 19-майда Бишкек шаардык сотунда караларын анын жактоочусу Асел Аргынбаева айтты.
“Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев 27-апрелде, Сапарбек Аргынбаев 26-апрелде Петровка айылындагы окуяга байланыштуу кармалышкан. Аларды Коопсуздук Комитети камакка алып, Кылмыш Кодексинин “улуттар арасына от жагуу”, “тартипсиздик уюштуруу” беренелери боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде тергеп жатат.
-Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзүп жатат. Мен ойлом тергөө бардыгын караштырып, ким канчалык күнөөлү же алардын кимисинин катыштыгы жок деген чечимин чыгарат,- деп билдирди "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Талант Исаев.