Бул маселени былтыр жайында президент Сооронбай Жээнбеков көтөргөн жана кадрларды алмаштыруу ириде аймак аралык ажырымды азайтат деген оюн билдирген. Ротациянын башталышы катары Ысык-Көл облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев Ошко которулган, бирок аймак башчыларын алмаштыруу демилгеси ошол боюнча эле токтоп калган.
Узарбек Жылкыбаев былтыр июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан Ош облусуна ушундай эле кызматка которулган. Бул коомдук-саясий чөйрөдө ротация салтынын жанданышы катары бааланган. «Азаттык» буга байланыштуу Узарбек Жылкыбаевдин пикирине кызыкты.
- Ысык-Көл менен Ош облустарынын айырмасы өтө эле чоң, - деп түшүндүрдү ал. - Мисалы, Ошто Көлгө караганда үч эсе көп эл жашайт. Чек ара, улут аралык мамиле дегендей маселелер бар. Андан сырткары мектеп, бала бакча деген сыяктуу муктаждыктар Ошто көбүрөөк. Жарым жыл иштедим, жаңы жылдан баштап кайсы багытта иштерди алдыга жылдыруу керек экенин аныктап алдык. Азыр элдин көбү айыл чарба багытында иштеп, өндүрүш деле аз экен. Ошондуктан өндүрүш багытын да жандандырсак деп жатабыз. Оштун өзүнүн жайгашкан жери да өзгөчө - Кытай, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешип, тогуз жолдун тоомунда турат дегендей. Ошондуктан жакшы логистикалык борборлорду куруш керек. Биз азыр жашылча-жемиш сактала турган жерлерди эле «логистикалык борбор» дей беребиз да. Туризмди да жолго коюшубуз керек. Тарыхый жайлар көп, негизи Алай, Ош деген сөздөрдүн өзү эле бренд да. Биз былтыр ротацияны жаңылык катары кабыл алдык. Чындыгында укук коргоо органдары, дагы башка кызматкерлер алмашып эле иштеп жатышат. Бул көрүнүш мурунтан эле келе жаткан. Бирок акимчилик, облус жетекчилигинде акыркы он жылдын ичинде токтоп калган. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде жаңылык катары кабыл алынды. Анан ротация кадрларды ар тараптуу өстүрүп-өнүктүрүш үчүн жакшы. Өзүмдө болсо эч кандай өкүнүү жок. Башында эле жакшы кабыл алгам, ошондон тайган жокмун.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында өзү туулуп-өскөн аймактан башка жерде губернатор, аким же кайсы бир тармактын башчысы болуп иштеп келген кадрлар саналуу эле.
Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров былтыркы жылдын жыйынтыгы менен кадрларды алмаштыруу жагы каралып жатканын айтып берди:
- 2018-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү администрациялардын башчыларына баа берүү, алардын рейтингин аныктоо маселеси көтөрүлөт. Анын негизинде кээ бир акимдер ротация болушу мүмкүн. Биз муну жылдын жыйынтыгы менен аткаралы деп турабыз. Бул маселе өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн да актуалдуу. Бүгүнкү күндө өкмөт талдап жатат.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов да жыл жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынарын билдирди:
- Бизде кезектеги ротация жылдын жыйынтыгы менен болушу мүмкүн. Бирок былтыр ротациялар көп эле болду. Кадрлар түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө жөнөтүлдү. ИИМде эми ротация болуп эле жүргөн көрүнүш. Райондук милициянын жетекчилеринен баштап облустарда иштеген жетекчилер дайыма эле алмаштырылып турат. Бирок үй шартына байланыштуу маселелер бар. Барып-келиши, дагы башка акча каражаттары төлөнүп берилет. Анан калса милиция кызматкерлери кайда барып иште десе, буйрукту аткарат, ошол жакка барып иштейт. Анча деле нааразылык болбойт.
Былтыр күзүндө ошол кездеги финансы министри Адылбек Касымалиев аталган мекемеде ротация системасы башталарын, мунун негизинде аймактык башкармалыктын башчылары алмашарын билдирген. Министрликтин басма сөз өкүлү Гүлмира Түгөлбаеванын айтымында, былтыр айрым бир кызматкерлер алмашкан, бирок ротация аймактык жетекчилерге жете элек. Ал ошондой эле жаңы министр Бактыгүл Жээнбаева да бул демилгени колдой турганын билдирди:
- Жаңы министр «ошол иштерди уланткыла, бирок бардык мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды карагыла, кылдаттык менен мамиле кылгыла, кийин эч кимде нааразылык болбосун» деп тапшырма берди. Ротация жасалышы керек экенин, бул жумушка да оң таасир этип, ошол кадрдын өсүшүнө мүмкүнчүлүк болорун айтты. Кызматкерлер менен сүйлөшүп, ким макул болот, ким макул болбойт - баарынын кызыкчылыгы эске алынат. Былтыр кызматкерлер арасында ротация болгон, жетекчилер орун алмашкан эмес.
Талдоочулар ротациянын жакшы жактары көп экенин белгилешет, бирок ошол эле учурда бул ыкма кодулоонун, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоонун бир амалы болуп калбашы керек экенин эскертишет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча эксперт Бакыт Рыспаевдин пикиринде, айрыкча райондордогу абал эске алынышы зарыл.
- Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн ротациялоодо негизи маселе деле жок, - дейт ал. - Бирок районго келгенде ошол райондун маселесин билген, ар бир айылдын өнүгүү жолун билген жергиликтүү эле адамдын коюлганы туура. Эгер четтен кадр келсе ал район менен, ар бир айылдын тарых-таржымалы менен, кадрлар менен таанышып чыкканча эле бир-эки жыл убакыты кетет, таанышып бүткүчө эле ал алмашып кетиши мүмкүн. Эл да аны кабыл алышы керек. Ошондуктан жергиликтүү эле кадрлардан өтөрү жок. Эгер ошол башка жактан келген кадр жакшы иштеп кетсе, өкмөткө эле жакшы, эгер жаман иштесе өкмөткө эле зыян, ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда да ушундай учурлар көп болгон да.
Былтыр президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүндө, сот, прокуратура тармагында көпчүлүк кадрлар өздөрү туулуп-өскөн аймакта эле иштеп жатканын, мындай көрүнүш ириде кылмыштуулук, коррупция менен күрөшкө залалын тийгизерин билдирген. Ошондой эле ал кадрларды ротациялоо кызматкерлерди адис катары такшалтып, алар барып иштеген жеринде дос, жоро-жолдош, куда-сөөк күтүп, бул аймак аралык ажырымды азайтарын айткан.
- Кадрларды аймактар арасында ротациялоо салтын кадр саясатына киргизе турган мезгил жетти, - деген ал. - Биз ушул салтты жандандырышыбыз керек. Түндүккө келсем «түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти» дешет, түштүккө барсам «түндүктөн көбөйүп кетти» дейт. Райондорго барсаң, милициянын башчысы, прокурор, УКМК ошол райондон отурат, милициянын 80 пайызы ошол райондун балдары. Алар анан кылмыштуулук жана коррупция менен кантип күрөшөт? Бул мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Султан Ибраимов - Чүйдүн кулуну - Ошко барып иштеген, аны бүгүн да жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен гана эстейт. Мындан тышкары кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Акматбек Сүйүнбаевди, Бейше Жапаровду, Арстанбек Дүйшеевди, Корчубек Акназаровду, Рысбек Айдаралиевди, Бекмолдо Ишимовду, Бусурманкул Табалдиевди, Өмүрбек Субаналиевди атасак болот.
Буга чейин кайсы бир коомдук-саясий окуяларга байланыштуу аймактык жагдайга тиешелүү талаш-талкуулар чыккан. Бийлик башчылары бул маселени атайлап козутуп жаткан чагымчыл топтор бар экенин, элди «түндүк-түштүк» деп бөлгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертишкен.