Мунун алдында Өмүркулов 3-апрелде аталган партиянын кезектеги XVIII курултайы өтөрүн жарыялаган. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган бул партиянын курултайы 6-апрелге белгилеген болчу. Кийинки жагдай партиянын ичиндеги ажырымды ого бетер күчөттү.
Иса Өмүркуловдун соңку билдирүүсүнө байланыштуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү, аталган партиянын парламенттеги депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова 5-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Карамушкина Өмүркуловдун аракети партиянын уставы менен регламентине каршы келерин айтты. Ошондой эле ал былтыр партиянын катарынан чыгарылганын кошумчалады:
- Партиянын регламенти менен уставына ылайык, төрага менен анын орун басарлары гана саясий кеңешти жыйнап, курултайдын күнүн, программасын бекитет. Биздин мурунку партиялашыбыз Иса Өмүркулов легитимдүү эмес. Анткени ал партиянын катарынан чыгарылган. Саясий кеңеште Иса Өмүркуловду чыгарып салгандан кийин 35 мүчөсү бар. Азыр ал көптөрүнүн ишеним каты бар экенин, 3-апрелде курултай өткөрүүгө жетишерлик добуш алганын билдирип жатат. Саясий кеңештин жети мүчөсү форумда отурат, үчөө парламентте, төрт мүчөсү жабык жайларда. Алар көпчүлүк добуш алышы мүмкүн эмес. Бул жөн гана коомчулуктун башын айлантуу, партиянын калган бөлүгүн ажыратуу аракети. Бул «Атамбаевсиз КСДП» долбоорунун уландысы. Бийликтин колдоосу болбосо бул долбоор иштебейт эле, Иса Өмүркулов мындай билдирүү таратмак эмес. Ал партиянын уставын бузду.
Асел Кодуранова болсо кайсы бир күчтөр КСДПны рейдерлик жол менен тартып алууну, бөлүп-жарууну көздөп жатат деген пикирин билдирди:
- «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймылдын демилгечиси болуп Сагынбек Абдрахманов жүргөн. Бирок анын артында башка күчтөр турат. Ага Иса Өмүркулов кошулду. Сагынбек Абдрахманов буга чейин «мен Асылбек Жээнбековго жолуктум, ал мени Иса Өмүркуловго жөнөттү» деп айткан. Кийин болсо «антип айткан эмесмин» деп чыккан. Бул негизи уят нерсе, эркек болгондон кийин айткан сөзүнөн кайтпаш керек. Ким болсо да бул аракеттердин баары мыйзамсыз болуп жатат.
Иса Өмүркулов буга чейин аны партиядан чыгаруу тууралуу саясий кеңештин чечимин тааныбай турганын айткан.
Бул макала жазылып жаткан кезде Өмүркуловго бир канча жолу телефон чалып, байланыша алган жокпуз. ВВСнин кыргыз кызматы менен болгон маегинде ал өзү тууралуу айтылган дооматтардын баарын четке какты. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевди өзү уюштуруп жаткан курултайга чакырарын, отчет талап кыларын билдирди:
- Устав боюнча кезектеги съездди чакыруу туптуура. Кезектеги съездди саясий кеңеш көпчүлүк добуш менен чечет. Ошон үчүн биз ушул жол менен чечтик. Партиянын төрагасы кезексиз съездди чакырганга укугу бар. 3-апрелге баарын чакырам, келип катышсын, ойлорун ошол жерден айтышсын. Өмүркуловгобу же дагы башка бирөөгөбү, сыны болсо толук айтышсын.
КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары, аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Төрөбай Зулпукаров «Азаттыкка» Өмүркуловдун сунушун колдоп добуш бергенин билдирди. Анын пикиринде, курултайдын мыйзамдуулугу боюнча маселени атайын органдар чечет. Зулпукаров ал кандай органдар экенин тактаган жок.
- Негизи бул өтө жаман көрүнүш, - деди ал. - Партиянын тарыхында ушундай окуялар болуп жатканы партиянын мүчөлөрүнө жакпай жатат. Кимдики мыйзамдуу, легитимдүү, кимдики мыйзамсыз, летитимсиз экенин тиешелүү органдар өз ара аныкташат да. Саясий кеңештин көпчүлүгү добуш берип, 3-апрелде съезд өткөрүү тууралуу чечим кабыл алыптыр. Ага чейин 6-апрелде өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган дейт. Мен саясий кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултай 3-апрелде өтсүн деп добуш бердим.
Биз КСДП фракциясынын бир катар депутаттарынан партиянын айланасындагы соңку жагдай тууралуу пикирине кызыктык. Дээрлик көпчүлүгү комментарий берүүдөн баш тартты. Бакыт Жетигенов жаатташуу эмне менен бүтөрүн билбей турганын айтты:
- Бул жерде чыр-чатак аябай эле күчөп кетти. Кантип, эмне болуп бүтөрүн айта албайм. Партиянын аброюна деле залакасын тийгизет. Туура эмес кетип бара жатат окшойт.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев КСДПнын саясий кеңешин эск-президент Алмазбек Атамбаев өз колу менен кураганын эске салды. Партиянын ичиндеги ажырым тууралуу ал төмөнкүдөй оюн айтты:
- КСДПнын тегерегиндеги кырдаал Кыргызстанда партиялар жалаң гана идеянын тегерегинде, идеялаштардын курамында гана түзүлүшү керек экенин дагы бир жолу көрсөттү. «Саясий кеңеш КСДПнын тагдырын чечет» деп жатабыз. Бирок ошол саясий кеңеш жалаң ишкерлерден, кызмат адамдарынан түзүлгөн. «Азыркы бийлик саясий кеңешти башкарып жатат» деп күнөөлөйүн десең алардын баарын Атамбаев өзү топтоп, өзү чогулткан. Бирок менде азыр бир гана ой болуп жатат: эгер Өмүркулов «съезд чакырып, партияны күчтөндүрөм, 2020-жылга шайлоого барам» десе, өз күчүнө ишенсе, бирөөнүн партиясын талашпай, эмнеге өзүнүн жаңы партиясын ачып алып, ошону менен барбайт? Атамбаев тууралуу менин көз карашымды билесиңер, көз карашыбыз, багытыбыз эки башка. Бирок кандай болгон күндө да КСДПны Атамбаев негиздеп, түптөп, убактысын, энергиясын, каражатын короткон. Өмүркуловдун азыркы аракетин болгону Атамбаевди жүдөтүү, ар кандай жолдор менен жолтоо болуу, аны коомчулукка жек көрсөтүү тапшырмасын ийгиликтүү аткарып жатат деп эле түшүндүм. Бирок мен эки тараптын тең жасап жаткан ишин туура эмес көрөм. Эгерде эл колдосо, электоратың болсо, сүйлөгөн сөзүң, иштеген ишиң жакшы болсо анда кайсы партия менен болсо да жеңишке жетсе болот.
КСДП 1994-жылы түптөлгөн жана апрель ыңкылабынан кийин, тактап айтканда 2010-жылдан бери бийликте турат. Өз катарынан эки президент чыгарган. Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп туура бир жыл мурун шайланган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.