Ага «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген айып коюлду жана ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.
Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден чыкты» деген негизде 13-августта кызматтан алынган. Асановдун айланасындагы соңку окуяларды милициянын жетекчилигиндеги «ич күйдүлүк» катары сыпаттагандар да бар.
Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары болуп сегиз жылдан ашык иштеди. ИИМдин расмий сайтында анын өмүр таржымалы жазылган жерде билими тууралуу такыр маалымат жок. Айрым маалыматтарда ал 1994-жылы ОшМУнун тарых-укук факультетин сырттан окуп бүтүргөнү айтылат. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунда туулуп-өскөн, 53 жашта. Курсан Асанов милицияга жумушка 1990-жылдын башында орношкон жана эмгек жолу ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 6-ротасында башталган.
Курсан Асанов 1994-жылы ушул ротанын командиринин кызматына чейин көтөрүлүп, үч жыл жетектеген. Андан кийин милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүнө которулган.
1997-2005-жылдары ал Ош менен Жалал-Абад облустарында ички иштер бөлүмдөрүндө ыкчам иштер боюнча бөлүм башчы, милиция башчысынын орун басары сыяктуу кызматтарда турган.
Курсан Асанов 2005-2008-жылдардын аралыгында Ош облусундагы эң ири Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүн жетектеген. 2008-жылы Ош шаардык милициясынын 9-бөлүмүн кыска убакыт башкарган. Ал 2010-жылы апрель окуяларына чейин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ош шаардык милициянын жетекчисинин орун басары өңдүү кызматтарда турган.
«Comandante Ku», же Асановдун «жылдызы» кантип жанды?
Курсан Асанов 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. Июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон. Анын «жылдызы» ошол Оштогу кандуу окуяларда жанды. Телерепортаждарда байма-бай көрсөтүлүп, эң ириде «от күйгөн жерге» тайманбай кирип барган күч кызматкеринин жетекчиси катары таанылды.
Журналисттер менен ымалалаша билери, маалымат-маектен качпай турганы белгилүү болду. Ошол кездеги президент Роза Отунбаева Ошко барганда, аны жергиликтүү коомдун кайсы бир бөлүгү жерип да турганда Асанов такай Отунбаеваны жандап жүрдү.
«Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова Курсан Асановду ошол окуяларда таанып калганын айтып берди:
«Мен ошондо бул жигитти жакшы жагынан бааладым. Эң биринчиси - адамдар менен тил табыша билет экен. Ушундай жаны кыйналып, чарчап, ачуусу келип турса да бирөөнү кагып-силкип, үнүн катуу чыгарып урушкан эмес. Мен ошонусун байкадым. Июнь окуясында Ошто Нариманда биринчи атайын операция болуп, ал жерде эки адам каза болуп, 20дан ашык адам ооруканага түшүп, ур-токмок болуп кеткен. Андан кийинки атайын операцияларды Курсан Асанов өзү жетектеп жатты. Анда бир да жолу өлүм же кагылышуу болгон жок. Кийин анын өмүр баянын угуп, башка адамдар менен сүйлөшкөндө уктум. Ошол убакта май айынын аягында, июнь айынын башында аны Бишкекке Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө которуп жиберишкен экен. Ага чейин Курсан Асанов өрт чыгып кетиши ыктымал болуп жаткан маалда эки тараптын тең аксакалдары менен, имамдар, укук коргоочулар, журналисттер менен тил табышып, телеге тынымсыз чыгып, элди тынчтыкка чакырып жаңжалды басып турган дейт. «Кайсы жерде жаңжал чыгып кетүү коркунучу болсо ошол жерлердин баарына өзү күнү-түнү барып турган» деп айтып беришкен».
Бирок Курсан Асановго жана анын эрдигине байланыштуу эки ача маалыматтар ошол кезде эле чыккан. Коогада шаардан качкан чет өлкөлүк ишкерлерди, жарандарды мүлкү менен коштоп чыгарганы, ал үчүн «кызылдай акчага туйтунганы» уу-дуу кеп болгон. Баңгизат соодасы тууралуу сөздөрдө да аты аталган. Курсан Асанов болсо мындай дооматтардын баарын такай четке кагып келген.
Дагы караңыз Курсан Асанов: Эл чагымчылыкка алдырбайт«Азаттык» апрель окуяларынан кийин бийликке келген, июнь коогасында ошол аймактарда жүргөн бир катар адамдар менен байланышып, Курсан Асанов жана анын айланасындагы соңку окуялар тууралуу пикирин билүүгө аракет кылды. Көбү комментарий берүүдөн сылык-сыпаа баш тартты.
2010-жылы парламенттик шайлоого Курсан Асанов КСДПнын тизмеси менен катышкан. Депутат болуп, колуна мандат тийген. Бирок парламентте көпкө кармалган эмес.
2011-жылы март айында ошол учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев Курсан Асановду ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары кылып дайындаган. Атамбаев анда Асанов тууралуу комментарий берип жатып, «милицияга эл ишенимин кайтарат» деп айткан. Дегеле Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын Курсан Асанов менен мамилеси жакшы экени кайсы бир чөйрөгө жакшы белгилүү болчу.
Убагында Жогорку Кеңеште, коомчулукта Курсан Асановго «Эл баатыры» деген наам ыйгаруу тууралуу да демилге көтөрүлгөн, бирок мындай сунуш көпчүлүктөн колдоо таппай, ара жолдо калган. Ал милициянын генерал-майору деген жогорку наамды 2011-жылы август айында ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын колунан алган.
Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары болуп иштеп турганда чек арада, чыр чыккан жерлерде жүрдү. Парламентте күч түзүмдөрүнө байланыштуу мыйзам долбоорлору каралганда, маселе чыкканда министрликтин өкүлү катары такай катышты. Анын канча министр алмашса дагы бир кызматта былк этпей отурганынын башкы себебин депутаттар менен тил табышып алганы менен байланыштыргандар бар.
Мала кызыл баштыктын «машакаты»
Курсан Асановдун «жылдызы» экинчи жолу Чүй облусунун Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларында жанды. Ошол окуяларда тополоңдун арасында жүрдү.
Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийин «Азаттыктын» колуна тийген видеолордон Атамбаев Асанов менен макулдашкандан кийин гана колго түшүп, тергөөгө барууга ынаганын көрүүгө болот. Мындан улам айрыкча социалдык тармактарда Курсан Асановду көкөлөтө мактап, «министрдин ордуна татыктуу» дегендердин катары калыңдап жаткан.
Бирок «баатырга» айланып бараткан Курсан Асановду 13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин сунушу менен кызматтан алды. Аталган министрлик Курсан Асанов боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн, анын натыйжасында «милициянын кызыкчылыгын сатканы, ишенимден кеткени» аныкталганын жарыялады.
Дагы караңыз Курсан Асановго козголгон иштин чоо-жайыБашкы прокуратура Асановго чогулган материалдардын негизинде «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» деп айыптап, кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Аскер прокуратурасына өткөрүп берди.
Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватованын айтымында, Курсан Асанов Кой-Таштагы иш боюнча далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган.
«Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын Курсан Асановдун мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу бизге келип түшкөн. Курсан Асанов 7-8-августтардагы өз аракеттери менен министрдин талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбай, министр менен макулдашпастан, укугу жок туруп өз алдынча чечим чыгарган. ИИМдин өздүк курамын коркунучта жана башкаруусуз калтырган. Мындан тышкары Жазык-процессуалдык кодекстин талаптары сакталбай, иш боюнча мааниси бар далил буюмдарды жана башка документтерди тергөө органдарынан жашыруу аракети болгон», - деди Башкы прокуратуранын өкүлү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
ИИМ Курсан Асанов тууралуу кеңири билдирүү тараткан. Анда Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев сүйлөшүү жүргүзүп жатканда, Асанов ортодон «жыра тартып аралаша калды» деген мазмундагы доомат айтылган. Мындан улам милициянын министри Курсан Асановго «ич күйдүлүк» кылды деген пикирлер да бар. Алардын бири Оштогу талдоочу Төлөгөн Келдибаев.
«Бул жерде көрө албастык, ичи тардык болду, - дейт ал. - Курсан Асанов милицияда көрсөткөн эрдиги, кесипкөйлүгү, тажрыйбасы, дипломатияны пайдалана билгени менен белгилүү. Ошто, Баткенде чек арадагы окуяларда дипломатиялык жолдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кан төгүүсүз, курал колдонбой Атамбаев менен макулдашты да. Бул Курсан Асановдун жетишкен ийгилиги. Анын иши бийликтин, милициянын кадыр-баркын сактап калды. Болбосо катардагы бир топ адам жабыркап калмак».
Ич күйдүлүкпү?
Ушул тушта Курсан Асановду «саткын», «чыккынчы» катары көрсөткөн, атайын даярдалган видеолор тарап жатат. Анда Асанов Атамбаевдин үйүнөн чыккан мала-кызыл баштыкты алып алганы тартылып, анын ичинде баалуу буюмдар, акча болгон деген өңдүү кептер желдей тарады.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева атактуу баштык тууралуу «Азаттыкка» комментарий берген. Анын айтымында, Атамбаевди кармап кетип баратканда жансакчысы көтөрө чыккан баштыкта Атамбаевге тиешелүү мүлктүн документтери болгон жана ошол түнү таанымал баштык президенттин жактоочусу Сергей Слесаревге берилген.
Кундуз Жолдубаева ошондой эле «Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына маалымат берип турган» деген сөздөрдү четке какты:
«Курсан Асанов биз менен кызматташып, маалымат берген эмес. Бул жөн гана ага жалаа жабуу. Асанов 8-августта сүйлөшүүнүн жыйынтыгына жетишти. Ошондон кийин коомчулукта анын бедели көтөрүлүп, «чыныгы элдик генерал» деген сөздөр айтылды. Мүмкүн кээ бирөө көрө албастык кылып жаткандыр. Сүйлөшүүдө Курсан Асановдун ролу чоң болду. Асанов үчүнчү кабатка көтөрүлүп, «Алмазбек Шаршенович, мен Курсан» деп айтканда Алмаз Шаршенович ага ишенди. Анын сөзүнөн, жүргүзгөн маегинен сүйлөшүү ийгиликтүү болушуна кызыкчылыгы бар экени сезилип турду».
Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, коомчулукта ар кандай күдүк ойлор жаралбашы үчүн Курсан Асановдун иши ачык-айкын териштирилиши керек.
«Курсан Асанов - көптөрдөн айырмаланган генералдардын бири, - деди депутат. - Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлору талкууланганда, ал кесипкөйлүгүн көрсөтүп, өкмөт, президенттин аппараты менен тыгыз иштеди. Кыргызстандын мекенчили, өлкөдөгү тынчтыктын баасын билген адам. Азыркы түшүнбөстүктөр убагы келгенде иреттелет. Ал киши өзү деле «бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деп айтып калат. Ошондуктан бул ага сыноо болду. Ал өзүн актоого, далилдерин колдонууга толук мүмкүнчүлүк түзүлүп берилиши керек. Кыргызстан мындай кадрларды пайдаланышы керек. Негизи акыркы жылдарда Кыргызстанда мамлекеттик кызматта, саясатта ич күйдүлүк, ичи тарлык, кара мүртөздүк өзүнчө бир тенденция болуп калды, көбөйүп кетти. Курсан Асановдун ишине байланыштуу күмөн саноо болбошу үчүн болгон маалыматтын баары ачык айтылышы керек. Ич күйдүлүктөн эмес, жалаң гана кызматына байланыштуу гана маселе көтөрүлүшү керек».
«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Кыргызстанда болуп жаткан соңку окуялар бардык органдардагы, өзгөчө күч түзүмдөрүндөгү кризисти ачыкка чыгарып жатат деп эсептейт. Анын пикиринде чачылган элди бириктирген жетекчи да, лидер да жок болуп жатат.
«Милициянын кызыкчылыгын саткан деген негизде кызматтан албайт, - деди укук коргоочу. - Андай мыйзам жок. Тергөө бүткөнгө чейин бардык эле күч түзүмдөрү мыйзам боюнча абдан так маалымат бериши керек. Балким дагы башка ыкчам маалыматтар бар. Ушундай кыска убакыттын ичинде, эки күндө баарын аныктап койду деп ойлобойм. Бизде азыр күч түзүмдөрүндө эле эмес, бардык мамлекеттик органдарда ушундай болуп жатат. Акыркы окуяларга байланыштуу бизди эл аралык маалымат каражаттары, саясатчылар эмне деп гана талкуулап жатышат? Баарынан да «альфачылардын» абалы өкүнүчтүү. «Операцияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, барымтада калгандарды бошоткон жалгыз адам маалыматтарды берип турган» деп чыгып атат. Азыр генералдар ушундай деңгээлге жетсе, бул мамлекеттин көрүнүшү».
Курсан Асанов өзүнүн айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу учкай билдирүү тараткан. Анда «жеке кызыкчылыгын көздөгөн, өзүнө пиар жасаган» деген дооматтарды четке каккан.
«Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылыш үчүн күчүмдү жана өмүрүмдү аяган эмесмин. Мага байланыштуу маселе кийин ачылат деп эсептейм. Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын», дейт ал өз билдирүүсүндө.
Өмүр бою милицияда иштеген Курсан Асанов эл арасында колунда бар аткаминер катары белгилүү. Былтыр кызын эң кымбат тойканалардын биринде шаан-шөкөт, чоң салтанат менен турмушка узатканы, жалгыз уулунун урматына күтүрөтө эл чакырып, көкбөрү тарттырганы тууралуу видеолор тараган.