Рашт өрөөнүнөн Кыргызстанга кандай коркунуч бар?

Тажикстандын Рашт өрөөнү, бул аймакта куралчан топтун соккусунан аскер автоунаасы кыйрап, 26 аскер мерт болгон.

Тажикстандын Рашт аймагындагы өкмөттүк аскерлер менен мурдагы талаа командирлеринин куралчан топторунун кармашы уланууда. Ушул тапта куралчан топтор тажик оппозициясыбы же Фергана өрөөнүндө туруксуздукту орнотууну каалаган сепаратист күчтөрбү деген суроолор туулуда.
Муну менен кошо мындан Кыргызстандын коопсуздугуна канчалык коркунуч бар деген кооптонуу жаралууда. Кыргызстандын чек ара кызматы буга байланыштуу Рашт өрөөнүнө чектешкен чек араларды кайтарууну күчөттү.

Кысым болсо Кыргызстанга өтө качабы?

Тажикстандын Рашт аймагында жүрүп жаткан кармашты тажик бийлиги расмий түрдө атайын операция деп атоодо. Жергиликтүү саясат талдоочулардын арасында муну тажик бийлигинин оппозицияны биротоло талкалоо аракети катары баалаганы да бар. Ошол эле учурда Рашттагы куралчан топтор тажик оппозициясы эмес, Фергана өрөөнүнө бүлүк салуу менен Өзбекстандын бийлигин кулатууну каалаган күчтөр болушу ыктымал деген пикирлер да жок эмес.

Ушундан улам Рашттагы куралдуу кармаштын Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч бар деген чочулоолор жаралууда. Тажикстандагы кыргыздар жыш жайгашкан Жерге-Тал району бир жагынан Кыргызстандын Чоң-Алай району, бир жагынан Рашт аймагы менен чектешип турат. Жергеталдык журналист Мирзохалим Каримов Рашттагы куралчан топторду тажик аскерлери катуу кысмакка алуучу болсо алар оңой эле Жерге-Тал району аркылуу Кыргызстанга ооп келиши толук ыктымал деп эсептейт:

- Жерге-Тал району тажик бийлиги тарабынан начар көзөмөлгө алынган аймак болуп эсептелет. Аскерлер бар, бирок жетишсиз, ошондуктан куралчан топтор Жерге-Тал аркылуу оңой эле Чоң-Алайга өтүп кете алышат. Булак-Башы, Улуу-Кара-Мык, Кичи-Кара-Мык деген ашуулар бар. Булардан тышкары дагы эки-үч ашуу бар.

Мирзохалим Каримовдун белгилегени боюнча, Рашттагы куралчан топтор үчүн Кыргызстанга өтүүчү дагы бир оңой-олтоң жол Хайит капчыгайы аркылуу Баткенге өтүүчү жол. Бул капчыгай 1999-жылы Баткенге кол салган согушчандардын жолу катары да белгилүү.

О. Молдалиев: сырткы күчтөрдүн максаты - Фергана өрөөнүн бүлдүрүп, Ташкенди кулатуу

Тажикстандын Рашт аймагында аскерлер менен согушуп жаткан куралчан топтордун артында өзбек бийлигин кулатууну көздөгөн күчтөр турат деген пикирди коопсуздук маселелерин иликтеп жүргөн саясат талдоочу Орозбек Молдалиев да билдирди. Ошондуктан эң биринчи коркунуч Өзбекстанга туулат деп белгилейт саясат талдоочу:


- Атайын кырдаалды татаалдаштыра турган сырткы күчтөр бийликке нааразы болгон күчтөрдү пайдаланып, аларды күчөтүп жатышат. Азыр Тажикстанда болуп жаткан окуялар, Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялардын баары Фергана өрөөнүндө кырдаалды туруксуздаштырууга, көбүнчө Өзбекстанга каршы багытталган окуялар. Анткени Тажикстанда да өзбек бийлигине каршы күчтөр көп, Өзбекстандын ислам кыймылы Тажикстанга качып барып, ошол мезгилдеги тажик оппозициясына кошулуп, согушкан. Булардын карама-каршылыктарынын тамыры тээ 1990-жылдарга барат, алардын максаты башынан эле Ташкендеги бийликти кулатуу болчу. Ошондуктан, азыркыдай кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар болуп, ар кандай күчтөрдү көкүтүп жатышат.


Жалпы Борбор Азия аймагына Пакистан, Ооганстан тараптан ар түрдүү коркунучтар туулуп жаткандыгын орусиялык билермандар да айтып келе жатышат. Өткөн айда Кыргызстанга жасаган иш сапары учурунда сырттан келүүчү күчтөргө каршы биргелешип каршы турууга мезгил жеткендигин Орусиянын чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев да эскерткен эле.

Чек араны кайтаруу күчөтүлдү

Ушул тапта Раштта болуп жаткан кармаштын кесепетин Кыргызстанга өткөрбөш үчүн өлкөнү Чек ара кызматы катуу чараларды көрүүдө. Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, Тажикстандын чек ара кызматы менен тыгыз кызматташуу жүрүп жатат, ал эми коркунуч туулат деп божомолдонгон чек араларды кайтаруу күчөтүлүп, атайын аскерлердин көзөмөлү алдында турат:


- Коргоо министрлигинин атайын күчтөрү менен чогуу чара көрүп атабыз. Чек ара аскерлиги Баткен жергесинде, Чоң-Алайдагы чек арада күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Биздин атайын топтор ашуулардын артына чейин барып келип, изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат. Чек ара кол башчысы Тажикстандын чек ара кызматынын башчысы менен күн сайын телефон аркылуу маалымат алышып турат, ушундай эле маалымат алмашуулар кыргыз-тажик чек ара зардалдары тарабынан да жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин Айдаркендеги бир топ ашууларга кар түшүп, жол жабылды, ошондуктан Тажикстандан куралдуу топтор Кыргызстанга өтүп келет деп кооптонууга негиз жок.

Чолпонбек Турусбековдун маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек ара бекеттери ачык, кадимки калыбында иштеп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Тажикстандын Рашт аймагында аскер кербенине кол салуу болуп, расмий маалымат боюнча мындан 26 аскер өлгөн. 22-сентябрда тажик бийлиги аймактагы куралчан топторго каршы атайын операция баштап, 15 согушчан жок кылынганы кабарланган. Операция ошондон бери уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча 6-октябрда Рашт өрөөнүндө тажик Улуттук гвардиясына тиешелүү тик учак кулап түшүп, анын ичиндеги Улуттук коопсуздук кызматынын 22 кызматкери жана учкучтар командасынын төрт мүчөсү мерт болду.

Рашт өрөөнү Тажикстандын чыгышында, Дүйшөмбү шаарынан 200 чакырым аралыкта жайгашкан. 1992-1997-жылдардагы жарандык согуш учурунда өрөөн тажик оппозициясынын куралдуу топторунун очогу болгон.