ЖК депутаты К. Кадыровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия чечимин депутат Б. Акунов өтө шашылыш, чала иштелген чечим катары баалады.
- Бейшебек мырза, бүгүнкү жыйында СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссиянын чечимин, ишин катуу сынга алышыңыздын себеби эмнеде?
- Бул маселени иликтөөгө парламент комиссияга бир айлык мөөнөт берген. Алар бир айдын ичинде Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамын алууга түрткү болду деп айтылып жаткан бардык жагдайларды текшерип чыгууга тийиш эле. Бирок булар шашып-бушуп эле, бир жуманын ичинде чече коюшту. Мен комиссиянын төрагасына да суроо бердим. Мына ушул депутат айыпталып жаткан Балыкчы окуясы боюнча жер-жерлерге барып жана камалып жаткан кишилер бар, ошол кишилер менен барып сүйлөштүңөрбү, алар эмне үчүн камалып атышканын, эмне айып кылышканын териштирдиңерби? деп суроо бердим. Алар менен комиссия сүйлөшпөптүр. Мындан тышкары ошол Балыкчыдагы шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды деп аткан кишилер менен да сүйлөшсө болмок. “Эмне кылып силерге тоскоолдук кылды? Эмнеңерди кыйратты?” деп сураса болот болчу. Аларга да барышпаптыр.
Ошондуктан, менин оюмча, комиссия чоң эле жетишпегендиктерди кылыптыр. Барып, сүйлөшүп, баарын чечиши керек эле. Экинчиден, жанагы эки депутатка тең (социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү Мирбек Асанакунов жана Кубанычбек Кадыров. ред) кол тийгизилип, жаракат алышыптыр. Экөөнүн тең бул тууралуу медициналык маалымдамалары колдорунда турат. Бирок аларды сабаган кишилерге, сабаган органдын кызматкерлерине эмне үчүн кошо эле иш козгобойт? Аларды депутат кезинде сабап атпайбы... Бул тууралуу да комиссиянын чечиминде бир сөз жок. Бул жеринен да каталыктар кетип калды. Мен өзүм жеке комиссиянын чечимин колдогон жокмун.
- Депутаттык комиссиянын социал-демократчы кесиптешин кол тийбестиктен ажыратууга шашканы эмне себептен болушу мүмкүн?
- Эми анын бардыгын толук айта албаймын, бирок керкисинде да, кемигинде да бар. Бирок анчалык катуу кетиштин кереги жок эле. Мындай учур биздин тарыхыбызда биринчи жолу болуп отурат. Мына коомчулук жакшы билет, 2005-жылы кээ бир жерлерде жергиликтүү администрацияларды басып алып, аким-губернатор, мэрлерди сыртка түртүп чыгарып, өздөрү алардын ордун ээлеп алышкан. Анда деле эч нерсе кылган эмеспиз. Албетте, биздин парламент үчүн жакшы иш болбой калды.
- Бирок комиссия айтып атпайбы, “укугубуз чектелүү болчу, Башкы прокуратура берген маалымат менен гана иштедик” деп...
- Ошол Башкы прокуратура берген материалдарына карап туруп, кошумча дагы иликтесе болмок. Булар аны кылышкан эмес. Бул дагы комиссия ишинин жетишсиздиги.
- Социал-демократчы депутаттын кол тийбестигин алуу ишинин артында саясий буйрутма турат деген пикирлер бар. Сиз кандай дейсиз?
- Парламент деген саясий орган. Мына ошол саясий органдын бир мүчөсүн кол тийбестиктен ажыратып туруп, иши сотко берилип аткан соң, албетте ары жагында саясат жатат.
- Бейшебек мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!