27-мартта Вашингтондогу кыргыз элчилигинин алдында кыргызстандык жарандар нааразылык акциясын өткөрүштү. "Ата Мекен" партиясынын АКШдагы бөлүмү жана кыргыз диаспорасынын демилгеси менен Кыргызстандагы митингдерге тилектештик катарында уюштурулган бул иш чара "Бакиевсиз шайлоого” деген чакырык менен өттү.
Вашингтондун Жоржтаун бөлүгүндөгү Массачусетс авеньюда кырка жайгашкан элчиликтердин арасында Кыргызстандын желеги илинген имараттын алдына отуздай мекендештер чак түштө чогулушту. АКШдагы саясий оппозициянын өкүлдөрү, "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү, студенттер, Филадельфия, Нью-Йорк шаарларында иштеген кыргызстандык жарандар эки өлкөнүн желектери менен катар "Демократиянын мекени коркунучта", "Диктаторлукка жол жок", "Бакиев саясий террорду токтот", "Ойгон, Кыргызстан!", "Бакиев кызматтан кетсин", "Массалык маалымат каражаттарына бирдей укук", "Бакиевсиз таза шайлоого", "АКШнын базасы чыгарылды, эми кезек демократиядабы?" деген сыяктуу кыргыз, англис, орус тилиндеги көрнөктөрдү кармап, жөө адамдар басчу кууш жолдо кырка тизилип турушту.
Түндүк Каролина штатынан атайын келген "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов чогулгандардын максатын мындайча түшүндүрдү:
- Ушу Кыргызстанга эркиндик, демократия келээр бекен?.. АКШда жашаган кыргызстандыктар дагы ар дайым Кыргызстанды ойлойт. Кыргызстанда дагы жакшылык болуп, демократиялык процесстер келээр бекен деген жакшы үмүт менен Кыргызстандын бийликтерине өз оюбузду айтып коёлу, Кыргызстандын элине жеткирип коёлу деген эле максат. Башка максат жок.
Оппозициячыл саясатчы ошондой эле жеке өзү "Бакиевсиз шайлоого" деген чакырыкты колдобой тургандыгын, президенттик шайлоого катышууну каалагандардын бардыгына мүмкүнчүлүк берилиши керек, Бакиев шайлоого бара берсин, бирок шайлоону таза өткөрүү керек, деген пикирин кошумчалады.
Вашингтондогу саясат изилдөөчү Алишер Хамидов болсо мындай оюн айтты:
- Кыргызстандагы азыркы режимдин авторитардык жолун токтотуу үчүн, кыргызстандыктарга Америкада демократияны колдой тургандар барбыз дегенди билдирүү максатында чыктык. Андан сырткары менин пикиримде, ушул митинг Кыргызстанда жашаган элдерге түрткү болуп калат.
Эшик алдына чогулган элге карата манаайын билуу максатында элчиликке баш баксак, Кыргызстандын АКШдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Замира Сыдыкова өз ордунда жок болуп чыкты. Ал эми түштөнүүдөн келаткан элчинин орун басары Арслан Анарбаев көчөдө чогулгандар менен учурашып: "Азыр элчи өлкө ичинде иш сапарда. Мен эмне айтаар элем?.. Мен дагы биздин элчиликтин башка өкүлдөрүндөй эле мекендештердин, жердештерибиздин нааразычылык оюн, каршылыгын билдирүү укуктарын сыйлайм. Элчилик болсо оппозициянын Бишкектеги митингинде койгон талаптары менен таанышпыз" - деген оюн "Азатыкка" айтып, элчиликтин кенсесине шашылды.
27-мартта Кыргызстандагы бириккен саясий оппозиция расмий бийликке беш талап койду. Мэриленд штатынын тургуну Абдыкаар Сыдыков тараптар бири-бирине мындай талап коюу жолу менен эмес, сүйлөшүү, акылдашуу аркылуу тунгуюктан чыгуунун жолун издеши зарыл деген ойдо.
Ал ошондой эле өлкө президенти Курманбек Бакиев бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берсе, анын жеке өзүнө, элге да жакшы кадам болот эле деген ишенимин билдирди:
- 2005-жылы жалпы эл ишеним менен Бакиевди бийликке алып келдик элек. Эми жаманбы-жакшыбы колунан келишинче иштеп берди. Бул киши ушунчасында ыраазы болуп, элден дагы ыраазычылык сурап кетип калышы керек. Тынчтык жолу менен таза шайлоо өткөрүп, бийликти башка адамга өткөрүп берсе Бакиев ошондо тарыхта калат.
Колдоруна түрдүү көрнөктөрдү кармагандардын арасында "Ойгон, Кыргызстан!" деп англисче жазып алган Нурдин деген жаш жигит кыргыз эли пикет-митингдерден тажаганын, бирок эл кайрадан чогулуп чыгууга мажбур болуп жатканын мындайча түшүндүрдү:
- Биз кайрадан кыргыздарды чакыралы, чогулалы, кайрадан кыргыз мамлекетин өзгөртөлү деп чыгып жатабыз.
Чогулгандардын арасында Вашингтонду көрөлү деп келип, бул митинге кабылып калгандарды да кезиктирдим. Алардын бири, өз аты-жөнүн айтууну каалабаган айым АКШга жакында эле конокко келген. Анын көз карашында, алдыдагы президенттик шайлоодо кимди тандоо элдин колунда, бирок өлкөдө абал күндөн-күнгө оорлоп, жаштар өз мекенин таштап, мына минтип Америкага чейин келип иштөөгө мажбур болууда:
- Эл чечет да. Эл кандай чечсе, ошондой болсун. Бакиев калабы, жокпу, билбейм... Эгер калып кала турган болсо элдин турмушун оңдосун...
Нью-Йорк шаарынан өз ой-пикирлерин билдирүүгө атайын келген студенттер Бактыгүл менен Гүлбакыт "Массалык маалымат каражаттарына бирдей укук" деген жазууну көтөрүп алышкан, алар Кыргызстандагы нааразылык митингине чыккан мекендештери менен бирге экендиктерин, бизди айрыкча түйшөлткөн нерсе мекенибиздеги массалык маалымат каражаттын чектөө, журналисттердин коопсуздугу дешет.
"Кыргызстанда айрыкча массалык маалымат каражаттарын абалы, эркин ой билдирүүнүн деңгээли начарлоодо. Ушул максат менен бул жерде бул көрнөктү кармап турабыз" - деген Бактыгүлдүн сөзүн Гүлбакыт: "Мамлекет маалымат алууга шарт түзүүсү керек. Биз маалымат мейкиндигинде жашап жатабыз жана бардык адамдар эмне болуп жатканын билип турушу керек" - деп кошумчалады.
Кыргызстанда саясий куугунтуктун күчөшү, адамдардын ар кайсы өлкөдө баш паанек сурап жатканы көңүлдү чөгөрөт, ким эле өз мекенин таштап кеткиси келсин дейт кийинки маектешибиз:
- Эгер өз мекенимде мага жакшы болсо эмнеге мен качам, эмнеге мен кетем?.. Баш паанек суроого мажбур болсо, демек анын себеби бар. Мен деле барбай жүрөм, анын өз себеби бар,- деди кандайдыр бир себептер менен Кыргызстанга бара албаган Зина аттуу жердешибиз.
Саясий оппозициянын дагы бир өкүлү Кубатбек Байболов үй-бүлөсү менен Вашингтон шаарына көчүп келгени айтылды. Бирок ал бул митингге өзү келе албастан үй-бүлө мүчөлөрүн жибергенин санаалаштары тастыктады.
Бул нааразылык митингин Чикаго, Лос-Анжелес шаарларында жашаган кыргыз журтчулугунун өкүлдөрү да колдоорун "Ата Мекен" партиясынын АКШдагы бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Жээнбеков ырастады. Ошондой эле бул митингге келген мекендештерине элчиликтин кызматкерлеринин мамилеси өзгөчө жылуу болгонун жашырбады:
- Ушул элчиликте иштеп жаткан кыздарыбыз, жигиттерибиз кызыгып, керек болсо кирип чай ичкиле деп чакырды. Биз аябай ыраазы болдук. Бул аябай жакшы нерсе. Мурда мүмкүн мындай пикет-митинге келгендерди чай ичкиле деп чакырбаса керек эле.
Ошентип Вашингтон шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин алдында бир саатка созулган митингдин катышуучулары жадыраган жаз күнүнө жүздөрүн тосуп, колдоруна көрнөктөрүн көтөрүп, сүрөткө түшүп, бири-бири менен коймаарек тарта маектешип турушту. Ал эми америкалык атайын жашыруун кызмат, полиция сакчылары элчилик жайгашкан имараттын тепкичинде митинг башталгандан аягына чейин туруп, дипломатиялык кызматтагы жана көчөдө турган кыргызстандык атуулдардын коопсуздугун камсыз кылышты.
Мен болсо демократиянын мекенинде дагы демократия коргоого муктажбы деген ойдо өз жолум менен кеттим.