Ревлюциялык кыймылдын талабы Жалал-Абатта да колдоо табууда

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалалабат облусунун айрым тургундары да элдик революциялык кыймылдын «Президент К.Бакиев мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсин!» деген талабын колдошууда. Алардын баамында, өлкө башчысы бийликке келген үч жыл ичинде элге берген мурдагы убадаларын аткарган жок.

Президент К.Бакиев алгач өлкө башчысы катары ишмердүүлүгүн баштаганда эл ага кыйла ишенген. Бирок ушу тапта калк арасында ага нааразы болгондор көбөйүүдө. Айрым тургундар эгер баштоочу адам табылса, аны ээрчип, көтөрүлүшкө чыгууга араң эле карманып турушканын айтышууда.

Чыныгы ысымын айтуудан тартынып, өзүн Айбек Маширов атаган жалалабаттык жаш жигит турмуш начарлап, баалар кымбаттап, түнкүсүн электр кубаты 7-8 саат бою өчүрүлгөнү менен макул болгон жок. Азыртан суук тарткан кышка жарандар толук камдана албады. Отун-көмүрдүн кымбаттыгы жанга батты. Кыргызстан суу башы боло туруп, жарык иштеп чыкканга жарабай жатканы табышмактуу. Март ыңкылабынан берки өзгөрүү көзгө көрүнөөрлүк эмес.

Көчөдөн жолуккан акын Самидин Стамбеков такмазага айланган «бир кыргыз эч нерсе эмес, эки кыргыз чогулса - митинг болот, үч кыргыздын башы кошулса – ыңкылап жасалат» деген сөздү эске салды. Республика бөлөк эл менен коңшуларына күлкү болууда. Адамдар ар түрдүү саясий акциялардан эчак тажаган:

- Өлкөдө бышып жетилген проблемалар жок деп ойлойм. Кемчиликтер, жетишпей жаткан нерселер, экономикалык кыйынчылыктар бар. Бирок булардын баарына жай турмушта, тынч эмгектенип жетиш керек.

Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанова да элдик революциялык кыймылдын «президент кызматтан кетсин!» деген талабын колдогон жок. Анын пикиринде, өткөн үч жылда социалдык-экономикалык багытта өзгөрүү болбоду деген пикир туура эмес. Бул аралыкта мугалимдердин айлыгы 8 жолу үч эсеге көбөйдү. Алардын башка өлкөлөргө болгон агымы сээлдеди. Дарыгерлердин маянасы да көтөрүлүп,өлкө өз күчү менен Камбар-Ата ГЭСин курууда.Бардык тармактарда жаңылануу өзгөрүү бар. Быйыл эле облустун мектептерине миң компьютер берилди.

-Азыркы опозициядагылардын көпчүлүгү мамлекеттик чоң кызматтарга отуруп көрүштү, акыркы үч жылда эч өзгөрүү болбоду дегени туура эмес позиция себеби, эл деле күбө,- деген губернатор орунбасары өнөр жайдагы өсүүлөрдү да мисалга дартты.

Ошол эле учурда Элдик революциялык кыймылдын талабын кубаттай турган жагдайлар көп. Кыймылдын талаптарын жактаган “Ата Мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин баамында, К.Бакиев өлкөнү мындан ары башкарууга моралдык жана саясий жактан да укуксуз. 2005-жылдын 24-мартында берген убадаларын орундады дегенге ынаным жок:

-Талап тоноолордун жыйынтыгын чыгаруу, мурдагы президенттин мүлктөрү жөнүндөгү маселе, Аксы окуясы, жаңы конституция, коституциялык реформа жүргүзүү ушулардын бири да акталган жок, моралдык жактан да саясий жактанда азыркы президенттин өзүнүн сөзүнө турбагандыгын билдирет жана сөзүнө турбаган, бийликтин башында турган адам албетте отставкага кетиш керек. Бирок мунун бардыгы мыйзамдын чегинде, талапка жооп бере турган абалда өткөрүлүш керек. Ошондуктан ревкомдун талабын мен туура деп эсептейм.