Президент жарлыгы менен 23-мартка мунаса курултайы чакырылды.
Курултайдын болгонунан болору кызык
Жарандык коом менен бийлик ортосунда улуттук диалогду камсыз кылууга багытталган кезектеги саясий иш-чаранын максат-милдети жайында ой бөлүшүү максатында «Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусуна кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, парламент депутаты, «Ак Жол» фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов чакырылган. Анда эмесе кепти Бекташ Шамшиевге узатсам.
- Курултай тууралуу кеп кылар алдында Кыргызстан адам укугунун сакталышы, сөз эркиндиги, демократия орнотуу жаатында мурунку жетишкендиктеринен кайтып, артка кеткени жөнүндө эларалык уюмдардын сын пикирлери көбүрөөк айтыла баштады. Анатай мырза, жарандык коом менен бийликтин ортосунда мунасага келчү проблемаларды талкуулап алуунун мезгили келдиби? Эгер келсе ал кандай маселелер?
Анатай Өмүрканов: - Маселе эчак эле жетилди, деп ойлойм. Жарандык коом менен бийликтин кайым айтышы көбөйүп, тиреши күчөп келатат. Анан муну 23-мартка чакырыштын себеби 24-марттагы элдик революция күнүнө туштап, электр акысынын кымбаттаганынан, жашоонун оорлошунан элди алаксытуу амалында жасап жаткан болуш керек деп ойлойм. Муну К.Бакиев беш жыл илгери деле чакырса болмок.Кеп бийликти бир кишинин ээлеп калышында эмес. Канча убакыт өттү. Кандайдыр бир социалдык жарылуу болуп кетпесин, деп жасалып жаткан иш. Бирок андан эч нерсе деле чыкпайт.
- Ажыбай мырза, жаңырган жылга - Ноорузга улай чакырылып жаткан курултайды мындан беш жыл илгери чогултуш керек эле, деген ой айтылып кетти. Кечиккен жокпузбу?
Ажыбай Калмаматов: - 2005-жылкы элдик революциядан кийин эки жыл “кетсин-келсин” деп көчөдө жүрдүк. Өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төргө илип алдык. Каалаганча жүрдүк, эч нерсе кыла албадык. Анан 2008-жылы жакшылыкка баш коюп, жакшы иштер башталды. Экономикабызда өсүш болуп келе жатат. Сандар деген өжөр нерсе. Мына 2005-жылдан бери бюджетибиз 18 миллиард сом болсо бүгүнкү күндө 60 миллиардга жакындап келатабыз. Жолдор курулуп, башка иштер жасалып жатат. 2009-жылы 24-январдагы кайрылуусунда президентибиз мамлекеттик түзүлүштү, формацияны өзгөртүшүбүз керек, деп айткан. Союздан калган форма менен эле иштей бере турган болсок, система өзгөрүлмөйүн кандай кадрды койбойлу өзгөрүлбөйт деген. Өзгөрүүлөр президенттик институттан башталып, өкмөт структурасы жаңыланды. Борбордук өнүгүү фонду түзүлдү, жаңы агенттик иштей баштады. Коргоо министрлиги, күч кызматтары жаңы реформаларды иштеп жатышат. Көпчүлүккө жагыш кыйын. Бирок ошо 23-мартта чогулушуп туруп 750 шайланган өкүлдөр келишип өзүнүн алгачкы кадамын баштайт. Ойлорун, каалоо-тилектерин айтышат. Президент өзү элге кадыры сиңген адамдарды өкүл кылып жөнөтсөңүздөр бул жерде үзүрдүү, жемиштүү иштейли деген оюн ортого салып жатат.
Келишет-кетишет
- Анатай мырза, Кыргызстандагы саясий кырдаал катуулап жатат. Балыкчыдагы сот, И.Исаковдун 8 жылга соттолушу, Петровкадагы сот нааразылыкты жаратып жатат. Кырдаалды жөнгө салууга курултай таасир көрсөтө алабы? Ал деле буга чейинки иш-чаралардай бийликтин сөзүн сүйлөп, бийликти жактап кетчү иш-чаранын бирөө болуп калышы мүмкүнбү?
Анатай Өмүрканов: - Ошо бийликтин сөзүн сүйлөп, ураа-ураа менен эле тарап кетишет. И.Исаковду айтып кетпедиңби. Мен да анын сотуна катыштым. Коюлган чоң-чоң айыптар сотто далилденген жок. Анан үйдү айтып атасың. Орунбасарлары берген экен, өзү уккандан кийин алып коюптур. Ушул да күнөөбү? Бул жерде саясий кысым, куугунтуктун жыты жыттанып турат. Мына Ажыбай мырза айткандай, баары сонун делинет, ураа делинет. Анан тарап кетишет. Бирок иш ордунан жылбайт.
- Ажыбай мырза, бийликтин дарегине көп эле сындар айтылып келатат. 2 жыл ичинде саясий куугунтукка кабылгандар саны 98 адамга чыкканын Топчубек Тургуналиев айтып жатат. А.Акаевдин 15 жылдык бийлиги тушунда андайлардын катары 11 киши болгон экен. Андан сырткары карабашын калкалап чет өлкөгө кетишке мажбур болгон саясатчылар, журналисттер көп болууда. Ушулар курултайда талкууланып, бийлик менен жарандык коомдун ортосунда улуттук диалог болот, деген ишеним сизде барбы?
Ажыбай Калмаматов: - Сиз абал курчуп кеткенин айтып кеттиңиз, абал татаалдашып, курчуп кетип баратат, дедиңиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө абал курчуп баратат. Европа өлкөлөрүндө деле иш таштоо, нааразылыктар болуп атпайбы. Бизде 2006-жылга караганда абал жакшы жолго коюлуп келатат, деп айтсам болот. 2006-жылы түз чыгып эле “бир айдан кийин бийликти тапшырасың, үч күндөн кийин бийликти тапшырасың”, деп калышпады беле. Бүгүн антип чыккан оппозиция жок. Чыныгы оппозиция болсо элдин таламын талашып жүрмөк. Элдин абалы жакшы жагына өзгөрүлүп келатат. Пенсия, жөлөкпул деп коебуз, ошолор аз-аздан чечилип жатат.Анан бир күндө эле аны компьютер аркылуу ишке ашырып койсок, анда коммунизмди куруп алабыз го. Куугунтук, журналисттер сабалып, өлтүрүлүп жатат, деп атасыздар. Былтыр дүйнөдө 400 ашуун журналист өлтүрүлүптүр. Кыргызстанда экөө өлтүрүлдү. Анын бирөө Алматыда киши колдуу болду. Ар кандай болушу мүмкүн. Көзү ачык болуп мындай болот деп айтышыбыз да кыйын. Анатай акем курултай чоглулуп, кыйкырып-кыйкырып тарап кетет, деп жатат. Анатай акем деле көзү ачык эмес да. Мүмкүн деп айтса деп ишенет элем. Курултайда жакшы тилектер айтылып, жакшы иш болот, деп ойлойм.
Оозуңа май, айланайын
- Орус агайындарда жакшы сөз бар, “сиздин айтканыңыздай болсо бал менен гана чай ичип калабыз”, деген. Ошондой эле болсун. Курултайда коомдо топтолгон проблемаларды ачык айтып, ийри олтуруп түз кеңешүү болсун деген тилек баарыбызда эле бар. Анткен менен факт деген да өжөр нерсе. Адам укугу, сөз эркиндиги, демократия жаатындагы проблемалар үйүлүп, алардын төө бастысында калганыбызды жалаң эле өзүбүз эмес, эларалык уюмдар ачык эле айтууга өтүшпөдүбү. Аны кабыл алыш-албаш бийликтин иши. Анатай мырза, коомдо бийлик менен жарандык коом ортосунда диалог болуп жатабы?
Анатай Өмүрканов: - Ажыбай мырзага айтып коеюн. Кеп генерал И.Исаковдун качан аскердик наамды кимден алгандыгы жөнүндө эмес, саясий куугунтук жөнүндө болуп жатат. Ал кыргыз үчүн күйгөн азамат деп эсептейм. Анан жарандар менен бийлик ортосунда диалог болсо мындай тирешүү болбойт эле. Эл менен ымала түзүү, мунаса түзүү жок болуп жатпайбы. Оппозиция ким деп Ажыбай мырза суроо коюп атпайбы. Оппозиция эл болуп жатпайбы. Бюджет көбөйдү, тигил көбөйдү, бул көбөйдү деп айтып жатпайсызбы, эл азыр ачка олтурат. Жарык кымбаттаганы анын абалы дагы оорлойт. Айылдагы элдин жашоо-шартын бу Акүйдөгү киши экрандан көргөндөй көрүп турушу керек. Анын күйүтү, кайгысы менен болуп, ырын ырдап турушу керек. Байланыштын үзүлүп калганы ушундан билинип жатат.
Жашасын, демократия!
- Бийлик менен оппозициянын диалогу өткөн жылы жазында болбой калган. Андан кийин ал жөнүндө кеп деле болбой калды. Бийлик өзүнчө, оппозиция өзүнчө болуп жатат. Экөөнүн ортосунда диалог болуп жатабы же Ажыбай мырза, азырынча биз бийликтин эле монологун угуп жатабызбы?
Ажыбай Калмаматов: - Азыр мен оппозициянын кичине чаң чыккан жерди дүрбөлөңгө салуу аракетин гана көрүп жатам. Ал эми бийлик жаатын ала турган болсок. Мына биз Жогорку Кеңеште ар бир айда элге чыгабыз. Жыл башында Баткенге барып келдик. Ал жердеги элдин турмуш-шарты кандай экенин өз оозунан угуп кайттык. Аныбызды айрымдар ал жерге губернатор болгон мурунку спикерибизге жардам бериш үчүн барышты деп айтып чыгышты. Элди таштап койду деш туура эмес. Кыргызстандын 5 миллион ашуун калкынын ар бири Акүйгө келе албайт да. Анан мына 23-мартта айылдардан келген өкүлдөр чогулуп, ортолук проблемаларды чогуу чечсек деген тилек болуп жатат. Ошондой эле бизде демократия жок, эркиндик жок дегенге мен айтып кетейин. Кудайга шүгүр, бизде эркиндик да, демократия да бар. Мына бул жерде Анатай акем келип өзүнүн сөзүн сүйлөп атат. Өткөндө Топчукем келип кетсин, бийликти тапшырсын деп кетти. Аны эч ким атып жиберген жок. Кудайга шүгүр, көчөдө калпагын кийип алып “түбөлүк революционер” болуп жүрөт.
Анатай Өмүрканов: - Ажыбай мырзанын сөзүнө кошумча. Бизде демократия А.Акаевдин тушунда эле бар болчу. Кыргыз деген илгертен ачык айтып келген. Ачык айтуу анын каны-жанында бар.
- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм!
Жарандык коом менен бийлик ортосунда улуттук диалогду камсыз кылууга багытталган кезектеги саясий иш-чаранын максат-милдети жайында ой бөлүшүү максатында «Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусуна кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, парламент депутаты, «Ак Жол» фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов чакырылган. Анда эмесе кепти Бекташ Шамшиевге узатсам.
- Курултай тууралуу кеп кылар алдында Кыргызстан адам укугунун сакталышы, сөз эркиндиги, демократия орнотуу жаатында мурунку жетишкендиктеринен кайтып, артка кеткени жөнүндө эларалык уюмдардын сын пикирлери көбүрөөк айтыла баштады. Анатай мырза, жарандык коом менен бийликтин ортосунда мунасага келчү проблемаларды талкуулап алуунун мезгили келдиби? Эгер келсе ал кандай маселелер?
Анатай Өмүрканов: - Маселе эчак эле жетилди, деп ойлойм. Жарандык коом менен бийликтин кайым айтышы көбөйүп, тиреши күчөп келатат. Анан муну 23-мартка чакырыштын себеби 24-марттагы элдик революция күнүнө туштап, электр акысынын кымбаттаганынан, жашоонун оорлошунан элди алаксытуу амалында жасап жаткан болуш керек деп ойлойм. Муну К.Бакиев беш жыл илгери деле чакырса болмок.
Бул жерде бөлүштүрө турган эч нерсе жок.
- Ажыбай мырза, жаңырган жылга - Ноорузга улай чакырылып жаткан курултайды мындан беш жыл илгери чогултуш керек эле, деген ой айтылып кетти. Кечиккен жокпузбу?
Ажыбай Калмаматов: - 2005-жылкы элдик революциядан кийин эки жыл “кетсин-келсин” деп көчөдө жүрдүк. Өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төргө илип алдык. Каалаганча жүрдүк, эч нерсе кыла албадык. Анан 2008-жылы жакшылыкка баш коюп, жакшы иштер башталды. Экономикабызда өсүш болуп келе жатат. Сандар деген өжөр нерсе. Мына 2005-жылдан бери бюджетибиз 18 миллиард сом болсо бүгүнкү күндө 60 миллиардга жакындап келатабыз. Жолдор курулуп, башка иштер жасалып жатат. 2009-жылы 24-январдагы кайрылуусунда президентибиз мамлекеттик түзүлүштү, формацияны өзгөртүшүбүз керек, деп айткан. Союздан калган форма менен эле иштей бере турган болсок, система өзгөрүлмөйүн кандай кадрды койбойлу өзгөрүлбөйт деген. Өзгөрүүлөр президенттик институттан башталып, өкмөт структурасы жаңыланды. Борбордук өнүгүү фонду түзүлдү, жаңы агенттик иштей баштады. Коргоо министрлиги, күч кызматтары жаңы реформаларды иштеп жатышат. Көпчүлүккө жагыш кыйын. Бирок ошо 23-мартта чогулушуп туруп 750 шайланган өкүлдөр келишип өзүнүн алгачкы кадамын баштайт. Ойлорун, каалоо-тилектерин айтышат. Президент өзү элге кадыры сиңген адамдарды өкүл кылып жөнөтсөңүздөр бул жерде үзүрдүү, жемиштүү иштейли деген оюн ортого салып жатат.
Келишет-кетишет
- Анатай мырза, Кыргызстандагы саясий кырдаал катуулап жатат. Балыкчыдагы сот, И.Исаковдун 8 жылга соттолушу, Петровкадагы сот нааразылыкты жаратып жатат. Кырдаалды жөнгө салууга курултай таасир көрсөтө алабы? Ал деле буга чейинки иш-чаралардай бийликтин сөзүн сүйлөп, бийликти жактап кетчү иш-чаранын бирөө болуп калышы мүмкүнбү?
Анатай Өмүрканов: - Ошо бийликтин сөзүн сүйлөп, ураа-ураа менен эле тарап кетишет. И.Исаковду айтып кетпедиңби. Мен да анын сотуна катыштым. Коюлган чоң-чоң айыптар сотто далилденген жок. Анан үйдү айтып атасың. Орунбасарлары берген экен, өзү уккандан кийин алып коюптур. Ушул да күнөөбү? Бул жерде саясий кысым, куугунтуктун жыты жыттанып турат. Мына Ажыбай мырза айткандай, баары сонун делинет, ураа делинет. Анан тарап кетишет. Бирок иш ордунан жылбайт.
- Ажыбай мырза, бийликтин дарегине көп эле сындар айтылып келатат. 2 жыл ичинде саясий куугунтукка кабылгандар саны 98 адамга чыкканын Топчубек Тургуналиев айтып жатат. А.Акаевдин 15 жылдык бийлиги тушунда андайлардын катары 11 киши болгон экен. Андан сырткары карабашын калкалап чет өлкөгө кетишке мажбур болгон саясатчылар, журналисттер көп болууда. Ушулар курултайда талкууланып, бийлик менен жарандык коомдун ортосунда улуттук диалог болот, деген ишеним сизде барбы?
Ажыбай Калмаматов: - Сиз абал курчуп кеткенин айтып кеттиңиз, абал татаалдашып, курчуп кетип баратат, дедиңиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө абал курчуп баратат. Европа өлкөлөрүндө деле иш таштоо, нааразылыктар болуп атпайбы. Бизде 2006-жылга караганда абал жакшы жолго коюлуп келатат, деп айтсам болот. 2006-жылы түз чыгып эле “бир айдан кийин бийликти тапшырасың, үч күндөн кийин бийликти тапшырасың”, деп калышпады беле. Бүгүн антип чыккан оппозиция жок. Чыныгы оппозиция болсо элдин таламын талашып жүрмөк. Элдин абалы жакшы жагына өзгөрүлүп келатат. Пенсия, жөлөкпул деп коебуз, ошолор аз-аздан чечилип жатат.
Казанда канча болсо ошончо чөмүчкө чыгып жатат.
Оозуңа май, айланайын
- Орус агайындарда жакшы сөз бар, “сиздин айтканыңыздай болсо бал менен гана чай ичип калабыз”, деген. Ошондой эле болсун. Курултайда коомдо топтолгон проблемаларды ачык айтып, ийри олтуруп түз кеңешүү болсун деген тилек баарыбызда эле бар. Анткен менен факт деген да өжөр нерсе. Адам укугу, сөз эркиндиги, демократия жаатындагы проблемалар үйүлүп, алардын төө бастысында калганыбызды жалаң эле өзүбүз эмес, эларалык уюмдар ачык эле айтууга өтүшпөдүбү. Аны кабыл алыш-албаш бийликтин иши. Анатай мырза, коомдо бийлик менен жарандык коом ортосунда диалог болуп жатабы?
Оппозиция эл болуп жатпайбы.
Жашасын, демократия!
- Бийлик менен оппозициянын диалогу өткөн жылы жазында болбой калган. Андан кийин ал жөнүндө кеп деле болбой калды. Бийлик өзүнчө, оппозиция өзүнчө болуп жатат. Экөөнүн ортосунда диалог болуп жатабы же Ажыбай мырза, азырынча биз бийликтин эле монологун угуп жатабызбы?
Чаң чыккан жерди дүрбөлөңгө салуу аракетин гана көрүп жатам.