Бийлик талаа: бир жерди майкандаганы экинчисине жиберилет

Президент К.Бакиев бийлик жоопкерчилигин колуна алды

Башкаруу системасынын бүгүнкүсү менен эртеңкисине тийиштүү билдирүүнүн президент тарабынан 3 жылдан кийин жарыяланышы биртоп суроолорду жаратууда.
Алардын айрымдарына “Азаттыктын” бүгүнкү “Бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: саясат таануучу Токтогул Какчекеев, “Улуу биримдик” партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаев токтолушат.

- Токтогул мырза, К.Бакиевдин кайрылуусунда “президент багыты” жөнүндө кеп болду. Ушул түшүнүктүн артында кандай ой, кандай максат жатат?

Токтогул Какчекеев: - Курманбек Бакиев 24-марттан кийин үй-бүлөлүк башкаруу системасын жоюп, эркиндик менен айкындыкка жол ачып, элге кызмат кыла тургандыгын айткан. Муну мен анын стратегиясы, программасы болчу деп айта алам. Айткан сөз менен иш дал келиши керек. Мына азыр президент жаңы жолго түшүүгө, жаңы кадрларды алып келүүгө аргасыз болуп жатат. Президент өзү мурунку иштер жаңы шартка туyра келбей калганын айтты. Муну улантып мен айтып кетер элем, революциялык, регионалдык, жек-жаат менен келгендер иштей алышпай, мамлекетти чөгөрүп койду десек болот. Стратегия менен концепцияны ишке ашыра албагандардын айынан президент улутка кайрылууга мажбур болду.

- Эмил мырза, мына ушул президенттик багыт – курс деген түшүнүктү кандай чечмелейт элеңиз?

Эмил Каптагаев: - Көптөн бери президент чыгат, айтат дешкен соң элдин баары, атүгүл эл аралык уюмдар да “кыргыз президенти жаңы иш баштаганы калганбы”, деген үмүт менен кулак түрүп калышкан. 10 мүнөткө жетпеген кайрылууну уккандан кийин ачык айтканда, айрымдар баарына түкүрүп көңүл калды болуп отурушат. Анткени анда мамлекетти алдыга сүрөп кете ала турган маани жок. Токтогул аке айткандай, ошол 24-марттан кийинки айтылган убада, сөздөргө карама-каршы келген иштер жасалды. Конституция, мыйзамдарда каралбаган башкаруу системасы түзүлдү. Үй-бүлөлүк башкаруу саясатта, бизнесте, криминалда – баарында тең үстөмдүк абалды ээлеп турат. Иниси болобу, уулу болобу, мамлекеттик, мамлекеттик эмес органдарга түз чыгып, башкарууга жетишти.

Арабөк демократия, чала-була демократия, демократия менен башкаруунун ортосундагы жол деген сөздүн өзү кооптонууну жаратат. Мамлекеттик башкаруу системасынын бир кишинин, бир үй-бүлөнүн башкаруусуна толук баш ийдирилип калышы, өлкөнүн криминалдашы, криминалдык түзүмдөрдүн өлкөнүн саясий-экономикалык маселелерди чечүүгө тартылышы, ошондой эле элди толугу менен саясаттан четтетиши, мамлекеттик бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигинин жоголушу мындан аркы башкаруу ушундай болорун, демократия жок болгонун билдирчү ишара деп түшүнөм.

- Токтогул мырза, Кыргызстан чын эле демократиядан четтеп кетип жатабы? Анын Орусия, Казакстан жолоюна түшкөнү да айтылып келатат. Болбосо Кыргызстан мурдагы “демократия аралчасы” атын сактап калдыбы?

Токтогул Какчекеев:
- Акаев доорунда “демократия аралчасы”, андан соң “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз”, андан ашкан “Кыргызстан – адам укугунун өлкөсү” деген сөз болгон. Бүгүнкү күндө ошол академик А.Акаев түзгөн паракорлук, элди, жерди сатмай, куру убадага тойгузуу – ушунун баары ушу азыр да кайталанууда. Шайлап алган президентин кыргыздын жаман деп айтышка дити барбайт. Бирок элиңин көбү Орусияда кул турмушту башынан кечирип, айрымдарынын ал жерден сөөгү келип жатканын көргөндө күйбөгөн жериң күл болуп, түтүнүң мурдуңан чыгып кетет экен. “Башы оорубагандын Кудай менен иши жок”. Эл кыйналып жатат. Кыргызстан эгемендигин жаңыдан жарыя кылып, декларациясын жазып жатканда “мамлекетибиз өсөт, биз да жакшы турмушка жетет экенбиз”, деп кубанган элем. Жапан болбой эле коелу, Израил мамлекетиндей бололу десек, анын карааны да жок. Бизден кичине Эстония, Израил өсүп жатат. Кечээ бюджетибиз 6 эсе өскөнүн айтышты. Мүмкүн өскөндүр. А бирок тамак-аштын баасы кымбаттап, тышкы карыздарыбыз 2 миллиард 300 миллион долларга жетип калбадыбы.

- Эмил мырза, ушундай жагдайдын түзүлүшүнө: экономикабыздын өнүкпөй жатышы, саясий реформалардын жүрбөй калышы, же бийлик кризиси себепкер болдубу?

Эмил Каптагаев:
- Себеп бирөө эле. 24-мартта эл жакшылыктан үмүт кылып, А.Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусун жерип чыккан. Кеп ошол революциялык маанайды, элдик тилекти К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн уурдап алганында болуп жатат. Үч жыл ичинде үй-бүлө көп нерсени алды. Азыр өлкө, анын келечеги ач көздүктүн барымтасында олтурат. “Ач тоюнат, ач көз тойбойт”, дейт кыргыз.

Кечээ мына президент катчылык түзгөнүн, бир ай ичинде ал жаңы саясатты иштеп чыга тургандыгын, ошонун негизинде өнүгө турганыбызды, ага өзү кепил боло тургандыгын айтты. А бирок ал үч жыл ичинде баанын кымбатташынан эл тезек терип калганын айткан жок да. Президент жакыр элдин азыркы турмушунун жоопкерчилигин алган жок. Ал келечек жоопкерчилигин алып жатат. Кеп бүгүнкү күн жөнүндө болуп жатат. Кризис тереңдеп, ал ар бир үй-бүлөгө тийип жатат. Нааразы болгон эл бийлигин аңтарып ийишинен коркуп, президент өзүнүн кайтаруучуларын, милиция, коопсуздук кызматындагылардын санын көбөйтүп жатат. А.Акаевди 200 эле киши кайтарчу. Азыр ал миңге жетип калды. Президент, президенттик администрацияны кармоого 1 миллиард сом бөлүнүүдө. Билим берүүгө 2,5 миллиард сом. Ар бир президент керт башынын коопсуздугу үчүн миллиард сом сарптай берсе эл кантип түтөт?

- Токтогул мырза, бизде дайым эле “үй-бүлөлүк” башкаруу системасы жөнүндө кеп болот. Аны жоюунун кандай жолдору бар?

Токтогул Какчекеев: - Бизде чегирткедей, бир талааны жеп чыкканды экинчи талаага кое беришет. Бул биздин абийрибизди да кетирип жатат. Бизде коррупция менен күрөшүүчү толтура кызматтар бар. Каршы күрөшүүчү агенттик арызды кабыл алып, аны милицияга же прокуратурага берет. Башка кызматтардын да бөлүмдөрү бар. Коррупция жоктугун билдирген көрнөктөр толтура. Анын алдында туруп пара алып жатышпайбы. Биздеги жек-жаат, тууганчылык, жердештиктен кетип, таза, иштей ала турган кадрларды алып келмейин бул оңолбойт. Биздеги мамлекеттик түзүмдөрдүн 80% коркпой эле жоюп койсо болот.

-Эмил мырза, “үй-бүлөлүк” башкаруудан кутулуунун кандай жолдору бар?

Эмил Каптагаев:
- Жол деген бирөө эле. Бийлик өзгөрүлүш керек. Анда үч принцип: мамлекеттик бийликти саясий кызыкчылыкка пайдаланууга тыюу салуу, бөгөт коюу керек. Укук коргоо органдары, соттор, күч кызматтары бийлик башындагыларды коргоого, ошого пайдаланылышына чектөө коюлуш керек. Элдин алдында бийлик жоопкерчилигин ишке ашырыш керек. Ал үчүн Элдик курултай, башка институттар бар. Азыркы бийлик күч кызматтарын өзүнүн кызматын сакташ үчүн гана пайдаланууда. Алар “жем таап” жеш үчүн баса калып текшерип, оппозицияны куугунтукка алып жатышат. Бул тоталитардык система, мындай бийлик коррупциянын эсебинен гана жашайт. Мындай система Кыргызстанда калыптанып калды.

- Мырзалар, студияга келип талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!