23-декабрда “Ак жол” фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Зайнидин Курмановду сунуш кылуу чечимин кабыл алды. Парламентте көпчүлүктү түзгөн фракциялаштарынын колдоосуна ээ болгон З. Курмановдун төрагалыкка шайланарына эч кимде шек жок. Эмне себептен дал ушул киши?
Зайнидин Курманов деген ким?
Зайнидин Курманов тарых илиминин доктору, Кыргызстандын совет мезгилиндеги тарыхына арналган бир топ илимий эмгектердин автору. 2-чакырылыштагы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында “Менин өлкөм” партиясынан депутат болгон. Көбүнесе чыгармачыл, илимий интеллигенциядан куралган ал партия 2007-жылы “Ак жолго” кошулган. Ал баштаган жыйырмага жакын адам президенттик администрациянын ошол убактагы башчысы Медет Садыркуловдун колдоосу менен парламентке келген. 2009-жылы 13-мартта М.Садыркулов каза болгондон кийин З.Курманов анын өлүмүнүн себептери тууралу эч нерсе айтканга жарабаганын оппозиция сынга алганы белгилүү.
З.Курманов буга чейин парламенттеги Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жетекчиси катары иштеп келди.
Мамлекеттик тилде аз сүйлөгөн талапкерге каалоолор
Шайлана турган жаңы төраганын дарегине айтылган каалоо-тилектердин эң орчуну кийинки кезде өзгөчө төмөн түшүп кеткен парламенттин кадыр-баркын көтөрүү, депутаттарды өзгө-жатка бөлбөө, ошондой эле жыйындарды кыргыз тилинде алып баруу талабы болду. Вице-спикер Кубанычбек Исабеков көп маселелер төрага орун басарлары менен кеңешилбей туруп чечилерине таарынычын айтып өттү:
- Вице-спикерлер менен да кеңешилбей калган. Эки жылдан ашып калды. Мына сиз 5-спикер болуп атасыз. 5-спикер менен иштеп жатабыз. Ал тургай бизде азыр экспедитор деген да кызмат жок калган.
“Ак жол” фракциясынын мүчөсү депутат Гүлнара Дербишева парламент ичиндеги дагы бир сырдын түйүнүн чечти.
- Анан сүйүктүүлөр же жаман көргөн депутаттарым деген бөлүү болбош керек. Анткени кээ бир депутаттарга жакшы шарт түзүп, кээ бир депутаттарды эч нерсеге жолотпойт деген маселе эч качан турбаш керек. Анан мен дагы бир каалоо айткым келет. Чындыгында азыр парламенттин кичине авторитети, статусу түшүп калды.
Депутат Ибрагим Жунусов болсо спикерликке талапкерден парламент жыйындарын кайсы тилде өткөрө тургандыгына кызыкты:
- Биздин мамлекеттик тилге басым жасашыбыз керек. Биздин мамлекеттик тилди түшүнбөгөндөр үчүн бул жерде котормочулар иштеп жатат. Мамлекеттик тилди биринчи орунга койсок жакшы болот эле.
Жыйындардын текши баарынын мамлекеттик тилде өтүшүн туура көргөн депутат Бейшенбек Абдыразаков жаңы болчу төраганын дагы бир милдетине көңүл бурду.
- Чет элден келген жарандарды президенти болобу, депутаты болобу жогорку деңгээлде сүйлөшүп, алар менен бир деңгээлде сүйлөшүп, ошолорду узатып коет, бая парламентти уят кылбайт, деп ойлойм.
Мамлекеттик тил жагынан мага жабылбагыла, бул жагынан кемчилик болбойт.
З. Курманов
Жаңы шайланчу төраганын илим адамы экени, өзгөлөргө окшоп өнтөлөп тууганчылыкты сүйбөстүгү, расмий иш-чараларды өз деңгээлинде алып бара тургандыгы фракция жыйынында арбын айтылды. Көпчүлүк депутаттар төраганын парламент жыйынын кыргыз тилинде алып барышын, мамлекеттик тилде эркин сүйлөөсү керектигин эскертишти. Зайнидин Курманов мындан ары парламенттик жыйындар эки тилде өтөрүн белгилеп, жалгыз маселеге басым коюп жаткан кесиптештерине момундай жооп узатты.
- 2006-жылы республиканын бардыгын кыдырып чыкканбыз. Ошол жерде парламентчиликтин негизи жөнүндө сабактарды кыргыз тилинде өткөргөмүн. Бардык жерде жакшы кабыл алды. “Зайнидин, сенде прогресс бар экен. Лекцияларды жакшы окуйт экенсиң”, дешкен. А лекцияларды окугандан кийин жыйынды өткөргөн оңой да. Ошон үчүн бул жактан мага жабылбагыла! Бул жактан кемчилик болбойт.
"Шайлоо эмес, дайындоо!"
Парламенттин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров З.Курмановдун спикерликке көрсөтүлүшү президенттик катчылыктын аракетинин натыйжасы, ошол себептен ким төрага болбосун, андан эч нерсе өзгөрбөйт, деген пикирде:
Азыр кыргызча билбегендердин заманы келип, үй-бүлөнүн ошол тараптагылары женишке жетип аткан кези. А. Бекназаров
- Азыр бир эмес эки спикер койсоң деле ал үй-бүлө чече турган нерсе. Үй-бүлө чеччү эле. Азыр ал да экиге бөлүнүп Айтибай Тагаевди чечкен тарап кичине төмөндөп, азыр кыргызча билбегендердин заманы келип, ошолордун айтканы ишке ашып жаткан кези. Үй-бүлөнүн ошол тараптагылары жеңишке жетип аткан кези. Президенттик институт бизге Айтибайдын кереги жок, момундай эле киши керек, деген чечим кабыл алды да.
Фракциялар жыйынында коммунисттер менен социал-демократтар да З.Курмановдун талапкерлигин колдогон чечим кабыл алышты. 24-декабрда жалпы жыйында төрага шайланмакчы.