«Жалп» өчкөн дагы бир жаш өмүр

Р.Шаботоевдин туугандары бир жыл үмүт үзбөй келишти

Жогорку Кеңеш депутат Руслан Шаботоевдин өлүмү боюнча кылмыштуу иштин иликтениши тууралуу күч кызмат жетекчилеринин маалыматын укту.
Парламент мүчөлөрүнүн алдында 2-октябрда Кыргызстандын Ички иштер министринин 1-орунбасары Сабырбек Курманалиев мындан туура бир жыл илгери Руслан Шаботоевдин кантип өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.

- Тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүү учурунда, билесиңер, эки божомол иштелип чыккан. Биринчиси бул кылмыш Руслан Шаботоевдин ишкердигине же анын карыздарына байланыштуу жасалган деп. Руслан Шаботоевди уурдап кетүүгө шектүү катары кармалган айыпталуучу Ж.Зикирбаев 2008-жылдын 30-сентябрында ага алыс тааныш Айдос аттуу Казак Республикасынын атуулу Р.Шаботоев менен жолугуштуруп кой деп суранганынан “Майкл” кафесине барып Р.Шаботоевди чакырып берген. Ошол жерден Ж.Зикирбаевдин түшүнүгү боюнча, ошол жерде Р.Шаботоев Айдос деген бала менен тааныш экен, машинесинде отуруп сүйлөшүп калат. Ж.Зикирбаевдин айтуусунда ал сыртта турган экен. Анан ошол маалда катуу үн чыгып машинеге кирсе Айдос айтты дейт, “мен атып салдым, бул чатак кылгандын себебинен” деп. Шум болгонунан. Анан ал жерде өлтүргөндөн кийин булар алып чыгып Байтик айылындагы мүрзөнүн ары жагындагы Баш-Кара-Суудагы топурак казчу карьерге алып барышат дагы, ошол жердеги электр столбаларын орнотуу үчүн казылган аңдар бар экен. Ошол жерге көмүшүп, таштап кетишет.

Бир жылга жакын убакыт өлүү-тирүүсү белгисиз калган депутатты кимдер мерт кылып, кайсы жерге көөмп кетишкени 2009-жылдын июлунда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн суракка алууда ачыкка чыккан. Сабырбек Курманалиев Р.Шаботоевдин өлүмүнө Р.Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна киргендер жасашканын, ал топ тарабынан 2005-жылдан 2009-жылга чейин 27 кылмыш иши жасалганын депутаттар алдында маалымдады. Р.Шаботоевдин сөөгү деп туугандары тарабынан таанылып жаткан сөөктүн ДНК анализинин жыйынтыгы чыкса кылмыш иши сотко өткөрүлөрү парламентте кабарланды. Ички иштер министринин орунбасары Р.Шаботоевди атып кеткен казакстандык жаранды издеп табууга коңшу өлкөдөгү кесиптештерине өтүнүч жөнөтүлгөнүн билдирди.

2005-жылдан бери 5 депутат кылмышкерлердин колунан мерт болду. Кыргызстандыктар Р.Шаботоевди атып өлтүрүүгө тиешеси бар делинип жаткан Р.Акматбаевдин уюшкан тобу 2006-жылы парламент имаратынан алдына келип боз үйлөрүн тигип, нааразылык акцияларын уюштурганын билишет.

Эгемен Кыргызстанда криминалдык топтордун саясий иштерге деле тартынбай аралашып кетүүсү айтыла берип ашмалтайы чыккан темага айланып кетти. Бул ирет да парламенттеги маалымат угууда Р.Шаботоевдин атып өлтүрүлүшүнүн артында эч кандай саясий мүдөө, кызыкчылыктар жок экенин күч кызмат өкүлдөрү өзгөчө баса белгилешти.

Парламент депутаты Рашид Тагаевдин айтуусунда, ички иштер кызматкерлеринин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүшкөнү жакшы. Курал-жарактарды арбын алып жүргөн кылмышкерлердин санын азайтуу аракети көрүлүүдө. Анткен менен кылмыштуу топтор улам жашарып, коомдун коопсуздугуна коркунуч тудурган бул көрүнүш тамырын терең жаюуда.

- Бир күндө эле тартылбайт. Бул маселе, мына биз кечээтен бери мектептердин ушундай маселесин талкуулабадыкпы. Азыр мектептерде бейбаштык, рекетчилик. Мына 1000 окуучуну сурашыптыр, ошонун 70% тонолуптур, уруп-сабалган. Эми ошол муун өсүп келатат да.

Р.Тагаев мектептерге азыртан катуу көңүл бурулбаса кылмыштуу топтор мына ушул билим уясынан эле талап-тоноочулукка көнүп чыгат, деген пикирде.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков депутаттын өлүмүнө тиешеси бар кишилер жоопко тартылышы керектигин билдирди.

- Бул жеке эле анын үй-бүлөсү үчүн трагедия эмес. Депутатыбыз мындай өлүмгө дуушар болгону бул баарыбыз үчүн чоң жоготуулардын бири.

Парламентте кыйладан бери уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоору жатат. Ал мыйзамдын кабыл алынышы эмнеликтен кечеңдеп жатышын авторлору деле билбейт.