Уюшкан кылмыштуулуктун дымагы катуу чыгууда

Депутат С.Кадыралиевди айылында акыркы сапарга узатуу

17-апрелде парламент депутаттары күч кызмат жетекчилерин чакырып Санжарбек Кадыралиевдин атып өлтүрүлүшүн иликтөө тууралуу малымат укту. Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги биргелешип түзгөн тергөөчү топ депутаттын өлүмүнө байланышкан үч болжолду иликтеп жатышканы кабарланды. Күч кызмат жетекчилеринин маалымдашынча, киши өлтүргүчтү машинесине салып кеткен айдоочу кармалган.
Санжарбек Кадыралиев жалданма киши өлтүргүчтөрдүн колунан набыт болгон төртүнчү депутат. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери депутат Руслан Шаботоевдин дарек-дайны белгисиз.

Кыргызстандын Ички иштер министринин 1-орунбасары Сабырбек Курманалиев азырынча үч божомол: маркумдун саясий, коммерциялык иштери, ошондой эле криминалдык версия да иликтенип жатканын белгиледи. С.Кадыралиевди аткан жанкечти түшүп кеткен машиненин ээси кармалганы парламенттик жыйында кабарланды.

- Ал машине кармалды. Айдоочусу Перфильев деген. Өзүнчө азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Машине кармалган. Бул номурдагы машине кармалган. Анын айдоочусунун көрсөтмөлөрү текшерилип жатат,- деп айтты Сабырбек Курманалиев.

Парламент депутаттары күч кызматтарын колдоого жыл сайын оңор эмес акча бөлүнүп, бирок да артынан чоң чуу жараткан кылмыш иштердин көпчүлүгү ачылбай калып жатканын ырасташты. Депутат Бейшен Абдыразаковдун маалымдашынча, тапанчасын көтөрүп тоого аңчылыкка чыккандар жок, бирок да тапанча огунан набыт болгондор көбөйгөндөн көбөйүп баратат. С.Курманалиев парламент токтому менен биртоп депутаттарга, саясий ишмерлерге тапанча берилгенин ырастады.

- Жалпы жонунан алганда расмий түрдө бир 600 – 700 тапанча колдо бар. Бул расмий уруксаты менен берилген тапанчалар. Бүгүнкү күндө кээ бир тапанчалар окгильзатекадан өткөн эмес. Ошолорду милдеттүү түрдө аттырып текшерип жатабыз.

Парламент депутаты Нарынбек Молдобаев ушу тапта көпчүлүктүн шүйү качып, криминалдын дымагы күчөп баратканына токтолуп, элди түйшөлткөн суроону күч кызмат жетекчилеринин алдына койду.

- Кийинки кезекте ким турат? Абал оор, ушундай кыйын болуп калды. Ушул жагынан жакшы иштебесеңер биз, бийлик бул жагынан уттурганы жатабыз.

Күч кызматтардын кыйла убакты-сааты азыркы бийлик каршылаштарына кысым көрсөтүүгө жумшалып, андайда уюшкан кылмыштуулук төбөгө чыгып, таламандын тал тушунда киши атып кетиш көнүмүшкө айланып баратканы парламент жыйынында арбын айтылды.

- Эгерде биз системаны өзгөртпөсөк улана берет. Кылмыштар боло берет. Бул көрүнүктүү ишмерлерди эмес, бизнес, бөлөк чөйрөдөгү эмес, карапайым адамды бүгүн ким сурап жатат? Сураган киши жок. Эгерде ушундай көрүнүктүү адамдарды тооктой чакалайдын чак тушунда атып кетип жатса бул эмне болгон коом, эмне болгон система? – деп суроо койду парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов.

Анын кесиптеши “Ак Жол” фракциясынын өкүлү Ибрагим Жунусов Улуттук коопсуздук комитетинин ишине ичи чыкпагандыгын билдирип, УКК төрага орунбасары Рустам Мамасадыковго момундай суроо узатты.

- Мынабул чөнтөк телефондорду дайыма угасыңар. Санжар Кадыралиевдин телефону угулуп жүрдү беле буга чейин?

Рустам Мамасадыков: - Урматтуу депутаттар! Биз чөнтөк телефондорду укпайбыз.

Ибрагим Жунусов: - Угасыз. Угасыз! Жалган айтыштын кереги жок!

Рустам Мамасадыков: - Биздин ар бир кыймыл прокурордун санкциясы менен. Санжар Кадыралиев раматылык боюнча мен ойлойм, ар кандай сөздөр болушу мүмкүн. Мына эми иликтеп ким экенин биле баштадык.

Парламент жыйынында Ички иштер министринин орунбасары Сабырбек Курманалиев С.Кадыралиевдин жанжөкөрүнө карата да күмөн саноолор туулуп жатканын кабарлады. Талкууда парламенттеги социал-демократиялык фракция мүчөлөрү күч кызматтарынын иши талапка жооп бербестигин белгилеп, аларга бөлүнчү каражаттары кыскартуу, жетекчилерин иштен кетирүү талабын коюшту. Бирок андай сунуш “акжолчулар” тарабынан колдоо тапкан жок.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти