Чек талаш: Бишкектен Ташкенге кат

29-майда Кыргызстандын Жогорку Кеңеш депутаттары Өзбекстандын Олий Мажилисине кайрылуу жолдошту. Анда чек араны аныктоо-тактоо жумуштарын эртелетүү, чек ара толук такталып бүткөнчө тосмо-өткөрмөлөрдү койбой туруу сындуу маселелер козголгон. Андай өтүнүч чек ара тактоо жумуштары аягына чыга электе Чек айылына Өзбекстандын өткөрмө-тосмо белгилерди коюп алышынан улам чыгууда.
Кыргызстандын Ноокен районуна караштуу Чек, Өзбекстандын Пахта-Абадына баш ийген Жаңы-Чек же Көпүрө-Башы айылдары калк жыш жайгашкан кыштактардан. Эки өлкөнү ажыратып турчу чек ара сызыгы жеңил машине араң жүргөн тар көчө аркылуу өтөт. Чек араны аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жумушчу тобунун жетекчиси Саламат Аламановдун айтуусунда, көчөнүн бир жагы Өзбекстан экинчиси Кыргызстан болуп кеткен 20 чакты айыл бар.

- Ал эми проблема болуп жаткан 24 үй-бүлө Өзбекстан тарапта Советтер Союзу тушунан эле жашап келатышат. Кыскасы биздин жарандар. Паспорту биздики. Өзбекстандын аймагында жашап калган,- дейт Саламат Аламанов.

Өздөрүн кыргызстандыкпыз деп келген жарандардын үйлөрүнө ушул жылдын 19-апрелинде Өзбекстандын күч кызмат өкүлдөрү кирип келип, паспортторун текшерип,каяша кылгандарын көчүп кет деп опузалап отурбайбы.

- Ал жерде делимитация болгону менен, чек сызыгы аныкталганы менен жер али толук өтө электигин эмнеге айтпай жатасыз? Ал Өзбекстандын жери деп толук тааный элекпиз,- деп билдирди парламентте Чек маселеси талкууланып жатканда “Акжол” фракциясынын мүчөсү, депутат Ибрагим Жунусов.

Укуктук негизде кимде таандык экени ырастала элек жерге ээ чыгып, өткөрмө-тосмосун коюп алган өзбекстандык чекарачылар Кыргызстан жарандарын күндө текшерип, укугу басмырланып жаткан кезде жөнжай адамдардын таламын тийиштүү ведомстуктар жакшы коргой албай жатканын социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Иса Өмүркулов да белгиледи.

- Анан тияктагы элдин укугун ким коргойт? Ошон үчүн мен өтүнүп кетет элем, урматтуу өкмөт өкүлдөрү, ушул маселени чечип, элге ачык айткыла! Биздин жарандарды ыза кылбагыла!

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрага орунбасары Чолпонбек Турусбеков Өзбекстандын Чек айылына тосмо коюп алышы туура эместигин айтып, бир нече ирет кат менен кайрылышканын маалымдады.

- Кээ бир биздин каттарыбызга Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүктөрү келишкен эмес. Бирок андан кийин биздин түштүктөгү регионалдык башкармалыктын деңгээлинде атайын жолугушуу өткөрүлүп, Өзбекстан тарап бизге так жооп бере албады.

Чек айылынан кийин бир көчөдөн бөлүнгөн чек арадагы башка айылдарга да Өзбекстан текшерип өткөрчү тосмолорун койбойт деп ушу азыр эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми жок жерден чек ара талашынын чыгышын айрым эксперттер эки өлкө ортосундагы суу-энергетикалык келишпестикке байланыштырышат. Ибрагим Жунусовдун болжолунда, андай болушу деле мүмкүн, бирок аны так айтыш кыйын.

Ошол эле “Акжол” фракциясынын мүчөсү, депутат Зулхабира Бекенова бул эки маселенин ортосунда эч кандай байланыш жок, деп эсептейт.

- Менин оюмча, анын эч кандай тиешеси деле болбосо керек.

Парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун айтуусунда, эки өлкөнүн экономикалык алака-катышы азыркы базар-нарк мамилесине өтө элек.

- Президент И.Каримов да айтып жүргөн. “Эмне Кудай берген сууну бизге саткыңар келет”, деп. Мен айтар элем, Кудай берген газды өзбектер кыргыздарга сатса болот экен. Эки эсе көтөрүп. А биз эмне сууну сата албайт экенбиз?

Кыргыз парламентинин Өзбекстандын Олий Мажилисине кайрылуусу көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Ташкенден жооп келгиче эл өкүлдөрү шайлоочулары менен жолугушуп келишмекчи.