Бириккен Элдик Кыймыл уюштуруп жаткан нааразылык акциялары Бишкекте Горькийдин эстелигинин жанында, Ошто, Таласта, Нарында, Караколдо, Балыкчыда, Токмокто, Сокулукта, Жалал-Абаддын үч районунда, Баткенде, Гүлчөдө өтөөрү күтүлүүдө. Бул жерлерде акция өткөрүүгө жергиликтүү бийликтер уруксат беришкендиги мурда кабарланган.
Алдын ала таратылган долбоорго караганда бүгүнкү акцияларда оппозиция 23-июлдагы президенттик шайлоонун ачыктыгын камсыздоо үчүн БШКнын жарымын, күч бийлигиндеги сегиз министрдин жарымын, Улуттук телерадио компаниясы менен ЭлТРдин байкоочулар кеңешинин жарымын БЭКтин сунушунун негизинде дайындоо, эл аралык байкоочулардын кеңири чөйрөсүн чакыруу, саясий куугунтуктарды токтотуу талаптарын койгону жатат.
Эгер бул талаптар 20-апрелге чейин аткарылбаса оппозиция “Бакиевсиз шайлоо!” ураанынын астында мөөнөтсүз митингге чыкмакчы. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда митингдердин жүрүшүндө долбоорго кошумча-алымчалар киргизилиши мүмкүн.
Оппозициянын митинг уюштуруп жатышына кабатырланган билдирүүнү президенттик администрациянын катчылыгы кечээ кечинде таратты. Катчылык митингдер, талаптар аркылуу бийлик менен оппозиция ортосунда конструктивдүү сүйлөшүүлөр болбостугун, саясий коркутуп-үркүтүүдөн пайда жогун, бийлик конструктивдүү, негиздүү сүйлөшүүгө даяр экендигин белгилеген.
Бул аралыкта жер-жерлерде оппозициялык күчтөрдүн тарапкерлери тартип коргоо кызматтары ар кандай шылтоолор менен митингдерге даярдыктарга тоскоолдуктар жасап жатышат, коркутуп-үркүтүүлөр жүрүүдө деп кабарлашууда. Милиция эл көп чогулат деп күтүлгөн жерлерге күч топтоп жаткандыгы тууралуу да маалымат тарады.
Азимбек Бекназаровдун айтымында оппозициялык лидерлердин өздөрүнө азырынча ачык кысым байкала элек:
- Болгону Оштон Анвар Артыков чалды, ары-бери бастырбай. Караанды аңдып атат деп. Аңдымай эми баарыбыздын эле артыбызда бар. Көнүп калганбыз.
Бул аралыкта Ички иштер министрлиги маалымат жыйынын уюштуруп, бардык жоромолдорду төгүндөдү. Министрдин орун басары Талантбек Исаев тартип коргоо кызматтары өңчөй коопсуздукка көз салаарын маалымдады:
- Митингдер бийликтин уруксаты менен өтүп атат, тынч максатты көздөйт. Тартип коргоо кызматы болгондон кийин биздин максатыбыз коомдук коопсуздукту сактоо.
Ошол эле мезгилде кыйла байкоочулар оппозцияда эле эмес, коомдо нааразылыктардын күчөп жатат дешип, анын башкы себебин мамлекетти башкаруу системасындагы баш аламандык менен байланыштырып жатышат.
- Бул бир эле саясий кризис эмес, саясий-экономикалык, руханий-идеологиялык, башкача айтканда системалык кризис болуп атат. Мындай болгондон кийин бийликтин башына Акматовду, Тешматовду алып келгенде деле ушундай болот, - дейт “Улуттук тилектештик” кыймылынын лидерлеринин бири Кадыр Кошалиев “Азаттыкка”.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев митингдерди президенттик шайлоонун башталышынын бир белгиси катары көрөт:
- Мына оппозиция менен сүйлөшкөнгө даярбыз деп атат. Андай болгондо оппозициянын митингин жакшылап өткөрүп берип коюш керек да, тоскоол кылбай.
Эгер оппозиция менен тил табышууга кызыкдар экени чын болсо бийлик митингдерди кынтыксыз уюштуруп, ар кандай чагымдарды уюштуруудан окчун болгону оң дейт талдоочу. Анткени оппозициянын бул аракеттеринде эч кандай мыйзамсыздык жок, ошондуктан мурдагы өнөкөткө түшпөй, дүйнө коомчулугуна үлгү болгудай өткөрүү биринчи кезекте бийликтин дагы кызыкчылыгындагы иш болушу керек.
Бул аралыкта коомчулукта оппозициялык лидерлерге каршы кылмыш иштеринин козголушу, камакка алынышы, журналисттердин токмоктолушу, маалымат каражаттарына киргизилген чектөөлөр, саясатчылардын сырдуу өлүмдөргө кабылышы, дарексиз жоголушу өңдүү көрүнүштөрдүн орун алып жатышы кооптонууну жаратууда.