Аксакалдар Кеңеши үй-бүлөлүк башкарууга каршы

Архивдеги сүрөт

Аксакалдар Кеңеши Кыргызстанда үй-бүлөлүк бийликти чыңдоо максатында Баш мыйзамды дагы бир жолу өзгөртүүгө каршы чыгууда. Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбековдун айтымында, алар бул маселе боюнча эл-журтка кайрылып, билдирүүлөр менен чыккан жатышат.
- Аксакалдар Кеңешинин жасап аткан иштерине токтоло кетсеңиз?

- Шайлоодон кийин шайтан оюндардан кийин болгон маселелердин негизинде чыкты да. Балыкчыда шайлоо мезгилинде кармалган балдар, ошондо Балыкчыга жүрүш болот дегенде Стрельниководон, Кызыл-Аскерден келаткан элдин бардыгын органда иштегендер тепкилешип, Атамбаевдин штабынын жанында элдердин бардыгын камайбыз деп күч органдары, орунбасар, прокурор, МВДнын орунбасарлары жоон топ эл менен келип кызып калганда Текебаевди ээрчитип алып бийликке барып айттык.

Ансыз деле шайлоодо Атамбаевге 60 пайыз эл берген экен, бирок каалаганынарды жасадыңар, ОДКБнын чогулушу болсун, инаугурация өтсүн, туулган күн өтсүн, бирок бир маселе эл, оппозиция толкундабасын, куугуктукту токтоткула, кармаган кишилерди кое бергиле деп айттык.

Анда ушул маселе боюнча президентке айткыла, "Астына келсе атасынын кунун кечет" деген сөздү айткыла президентке, эгер макул болсо ушундай келишимди түзөлү дедик. Министрдин орунбасарлары чуркап келди, ушуга макул болдук, оппозиция менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, айткан сөздөрдү кыймылга келтирбей турабыз, анын аткарылышын так аткарып беребиз деп, ошондон баштап ушул күнгө чейин аксакалдык милдеттерибизди аткарып атабыз.

- Демек сиздер бийлик менен элдин ортосунда кагылышты болтурбай кармап калган турбайсыздарбы?

- Ооба, ошондой кылдык. Болбосо, Бакыт Бешимов, бүтүн оппозициянын баардыгын кармайбыз деп колдоруна уруксатын алып алышыптыр прокуратурадан. Прокуратуранын бүт жетекчилери эки миң, андан да ашыгыраак милицияны коюп койгон. Ушундай кульминация учурда сактап калдык кыргыздын тынчтыгын. Ошол күнү эгер легитимсиз деп оппозиция токтотпогондо миңдеген кишилер камалып кетсе, кыргыз элин 40 жылга чейин баш көтөрбөгөн акыбалга алып барып коймок.

- Конституцияга өзгөртүүлөргө киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталып, маселе андан ары Конституциялык Сотко кетти. Бул маселе боюнча сиздердин пикириңер кандай болуп атат?

- Биз 1993-жылдан кийин Конституцияны кандай кааласа ошондой өзгөртүп келатышат. Мурдагы президент да 4-5 жолу өзгөрттү, бул президентибиз да төртүнчү-бешинчи жолу өзгөртүүгө кетип атат. Каалагандай өзгөртүп атышат. Америкада Конституцияны бир эле кабыл алган. Закон деген иштеш керек да. Закон иштебей атса, эл чырылдап атса, ошон үчүн биз айтып атабыз, эл-журт менен сүйлөшкүлө деп.

93-жылдан кийин бүт бардыгы бузулган. Азыр беш киши келип алып, үй-бүлөнүнүн кызыкчылыгынын негизинде жанагыдай маселенин чечилбей атканы бул абдан туура эмес болуп атат. Конституциялык Сот эртең эки күндө жасап берет, Жогорку Кеңеш ошону кабыл алат. Анан жаңы жылдан кийин кимди кааласа ошону, мына баласын, инисин коюп алат. Бул болбойт да.

- Аксакалдар Кеңеши өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай баа берип атасыздар?

- Буга абдан кейиштүүлүк менен карап атабыз. Бизге аксакалдарга Кыргызстандын булун-бурчунан элдер келип алып, бул кандай деп улам сурап атышат. Эми оппозиция менен да, партиялар менен да сүйлөшүп атабыз. Эл журтту баш көтөртүп, билдирүү жасап, эл-журтка кайрылуу кылалы деген маселеде ушундай иштерди жүргүзүп атабыз.

- Ал эми эл арасында оппозициянын күнү бүттү деген сөздөр чыгып атат?

- Жок, бул таптакыр туура эмес. Ошол оппозициянын башында эч ким жок болуп, штабдын башын Азимбек Бекназаров башкарса, кийин оппозиция Алмаз Шаршенович Атамбаевди башына коюп, бардыгы биригишип, алар өздөрүнүн пландарын иштеп, Текебаев түштүктү кыдырып келип атат.

Азыр бир нерсе болсо Жогорку Кеңештен көрсөтүп өздөрүнүн кайрылууларын берип атат. “Ата мекен” болсо ушул болуп аткан иштердин бардыгын Конституциялык Сотко берди. Конституциялык Сот баары бир карабайт. Үй-бүлөлүк башкарууда баардыгы эле ушундай болуп, эл-журттун кызыкчылыгы каралбай атпайбы.

- Рахмат маегиңизге.