Манас эпосунун жаңы басылмасы жарык көрдү

Манасчылар Сагымбай Орозабаков жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосу кыскартылбай толук мазмуну менен жарык көрдү/
Совет учурунда Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Манас эпосу төрт китеп, Саякбай Каралаевдин айтуусундагы эпос беш китеп болуп чыккан. Бирок ал мезгилдин талабына ылайык бир топ жерлер оңдолуп, түзөтүлүп чыгарылган. Ал эми жаңы чыккан эмгек Сагымбай Орозабаковдун 20 жылдары жазылган, Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталган варианттын негизинде жазылган. Ал эмгек 175 миң сапты камтыйт деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси, жана китептин түзүүчүсү Абдылдажан Акматалиев:

-Баардыгы өз калыбына келтирилди, бирок жалпы окурмандарга тартууланып жаткандан кийин, алардын эстетикалык табитин эске алып, айрым Манаска тиешесиз материалдарды алып салганга туура келди.

Толуктап айтканда жаңы чыккан басылмада манасчынын ой-кыялынан жаралган окуялар, эпизоддор окурмандарга тартууланган жок. Ал эми Саякбай Каралаевдин айтуусундагы эпос 84 миң саптан турат. Бул жолку басылмада манасчынын айткандарын толугу менен бергенге аракет кылдык деп билдирет китептин түзүүчүсү Айнек Жайнакова:

-Анын оозунан эмне деген сөз чыкса,ошол боюнча бергенге аракеттендик. Ошондой эле диалектисин да магнитофондон угуп калыбына келтиргем. Андыктан Сакябай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” бөлүгүнүн толук басылмасы деп айта берсе болот.

Бирок жаңы басылган Саякбай Каралаевдин айтуусундагы эпосто айрым бир турмуш жагдайларга байланыштуу, табитке туура келбеген 4 миң сабы кирген эмес. Бул жалпы Манас эпосунун деңгээлин түшүрбөйт деп билдирет Абдылдажан Акматалиев. Анын айтуусунда алдыда дагы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы эпостун башка бөлүмдөрү жарык көрөт:

-Каралаевдин Семетейи 316 миң Сейтеги болсо 108 миң сап болуп эсептелет. Мына ошолорду биз басмага даярдап койдук.

Соңку убакта манас айткандар да, эпосту изилдегендер көбөйдү. Өзгөчө жаш муундардын кызыгуусу артууда. Андыктан бул китеп аларга жакшы көмөк боло тургандыгын айтат Айнек Жайнакова:

-Манас деген кыргыз деген сөз. Кыргыздын паспорту да, мойнуна таккан адилет тумары да ушул Манас. Мен манасчымын, манасты изилдейм дегендер да чыгып сүйлөп жатат. Мына ошолор жана башкалар да салыштырып окушса Манас деген ким экенин билишет.

Жалпысынан Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы эпостун жаңы басылмасы 1000 нускада, Саякбай Каралаевдыкы 2000 нускада чыккан. Китепти чыгаруучулар эми эмгекти мамлекеттин жардамы менен билим берүү мекемелерине таркатууну көздөшүүдө. Китептин бет ачаары келерки жумага пландаштырылууда. Иш-чаранын алкагында китеп жарманкеси болуп, каалоочулар үчүн сатыкка коюлат.