БУУнун Кеңешинде Кыргызстан сындалды жана колдоого алынды

Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын делегациясынын өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө баяндамасы угулду. Бул жыйында кандай сөз болгондугун "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун айтып берди.
- Женевадагы жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, соңку окуялар жөнүндө кандай сөз болду?

- Кечээ БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин алдында кыргыз делегациясы атайын маалыматын берди. Биздин делегацияны юстиция министринин орунбасары Жылдыз Мамбеталиева жетектеп келген. Мен омбудсмен, көз карандысыз эксперт катары катыштым. Бул жерде элчи Жумалиев Муктар дагы аябай чоң жардам берди.

Бул жерде эң негизгиси, көп өлкөдөн өкүлдөр биз тууралуу сөз сүйлөп, бизди сындабай же колдобой, такыр эле сүйлөбөй коет деп коркконбуз. Жети ири өлкөнүн өкүлдөрү бизге суроо беришти, сындашты, элдин көбү колдоду. Эң негизгиси алар азыркы Убактылуу өкмөттү көп маселе боюнча сындаса дагы, колдосо дагы, Убактылуу өкмөттү тааныгандыгын билдиришти.

- Ушул апрель ыңкылабында кан төгүүгө жол берилгенине нааразы болгон пикирлер айтылыптыр. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?

- Бул жерде сүйлөгөндөрдүн баары эле кыргыз элине, жалпы кыргызстандыктарга, бизге делегацияга көңүл айтышты. Өлгөн адамдарга аябай кайгырып атканын билдиришти. Бирок адам өлтүрүү менен коштолгон революция экинчи кайталанбашын суранышты бизден. Эң негизгиси жаңы өкмөттүн конституциялык реформа жүргүзүү, акыйкат шайлоо өткөрүү аракетин колдошту.

- Ал эми мурдагы бийликтин кан төккөндүгү сындалдыбы?

- Сындалды. Бийлик кан төгүүгө жол бербеш керек эле, алар тиешелүү жазасын алыш керек, соттук териштирүү болуп, аягына чыгып, тиешелүү жазасын алыш керек деген пикирди айтышты көбү.

- Жалпы жонунан Кыргызстандагы адам укуктары боюнча отчет кандай кабыл алынды?

- Биринчиден, биз милдеттенмени азыр жаны эле алып атабыз. Анткени Кыргызстан биринчи жолу эл аралык деңгээлде БУУнун алдында биринчи отчетун берип атат. Биз милдеттенмени эртеңден баштап ала баштайбыз. Эми төрт жылдан кийин беребиз. Ошондо бизге өтө кыйын болот.

Бирок ошондой болсо дагы Кыргызстандагы жакырчылыктын чоң экендиги, коррупциянын өсүп кеткендиги, өлкөдө кан төгүлгөңдүгү, айрыкча балдардын окууга барбай кара жумуш менен алектенип аткандыгы, эң негизгиси укук коргоочулардын камалгандыгы, журналисттердин сабалып, өлтүрүлгөндүгү айтылды.

Мен айрыкча “Азаттык” боюнча айттым, “Ыңгайсыз суроолор” улуттук каналдан (УТРК) чыкпай калгандыгын, журналисттердин укугу басмырлангандыгын айттым. Өлгөн журналисттер боюнча иликтөөнү аягына чейин чыгарыш керек дейт.

- Рахмат.