Кулчулуктун курмандыктары

Кыргызстандык жарандардын Орусияда, Казакстанда кулчулукка сатылуу фактылары өсүүдө. Мындай азапка толук үй-бүлөсү менен түшкөндөр бар.
Ош шаарынын тургуну Абиджан Муролимов Орусиянын Тюмень облусунда үй-бүлөсү менен кулчулукта жүрүп, үч айдан кийин качып келген. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ал Ош шаарынын четиндеги Нариман айлында жашаган Огулхан Умарова деген аялдын кылтагына илинип, үч ай бою Орусияда кавказ улутундагы кишилерге кул болуп жүргөн:

- Ал аял бизге базада пластикалык бөтөлкө сорттойсуңар деди. Эки балам иштегени үчүн айына беш миң рублден, аялыма он миң рубль айлык болот деди. Мага болсо айдоочулук күбөлүгүңүздү алып алыңыз, ал жерде жүктү карра менен ташып иштейсиз, күн сайын миң рублден акча аласыз деп айтты. Тюменден бизди анын кызы күтүп алды. Бизди таштанды төгүлгөн жерге алып барып, иштегиле деп мажбурлашты. Биз минтип сүйлөшкөн эмеспиз деп каршы болсок, "сенин эч кандай укугуң жок, мен сени сатып жибергенмин" деп жооп кайтарды. Көрсө, алар кавказдыктардан биздин ар бирибиз үчүн 50 миң рублден акча алышкан экен. Бизди иштеткен жерде үч полигон бар, ал жерде 150дөн ашык киши иштейт. Көпчүлүгү кыргыздар, өзбектер, тажиктер. Кээ бирлери бир канча жылдан бери кул болуп иштеп жүрүшүптүр.

Абиджан Муролимовдун айтуусунда, анын жакын тууганы Эркинжан Хакимов беш үй-бүлө мүчөсү менен кулчулукта кала берди. Анын жашы жете элек баласы да ошол жакта. Биздин маектеш белгилегендей, ал жерде Кыргызстандын ар кайсы жеринен, Өзбекстандан, Тажикстандан да алданып келген 150гө жакын киши кул болуп иштеп жүрүшөт.

Абиджан Муролимов мына ошол туугандарын бошотууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, Оштогу “Мыйзам жана тартип” деп аталган бейөкмөт уюмуна кайрылган. Аталган уюмдун жетекчиси Изатилло Рахматуллаевдин билдиргени боюнча, алар адамдарды алдап кулчулукка саткан Огулхан Умарованын үстүнөн доо арыз менен Кара-Суу райондук прокуратурасына кайрылышкан. Прокуратура ишти райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырып, милиция ал аялдын үстүнөн кылмыш ишин козгогону маалым болгон. Бирок азырынча Огулхан Умарова жоопко тартылганы белгисиз.

Статистикалык маалыматтар боюнча, жыл сайын Кыргызстандан Орусия, Казакстанга карай миңдеген мигранттар иш издеп жөнөшөт. Алардын жок дегенде бештен бири ар түрдүү жолдор менен алданып, аягында кулчулукка сатылып, же болбосо жумушсуз көчөдө калышат. Оштогу “Мыйзам жана тартип” бейөкмөт уюму карапайым элдин мына ушундай алдамчылардын кылтагына илинүүсүнүн алдын алуу үчүн түрдүү иш-чараларды өткөрүп, темир жол кассаларынын алдына чейин барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Бирок бул да жетишсиз болуп жатат, дейт Изатилло Рахматуллоев:

- Карапайым элдин мына ушундай укуктук сабатсыздыгынан пайдаланып, өзүбүздүн эле жердештер алдап-салдап, аларды алып барып, сатып жиберишүүдө. Башка жактан бирөө келип, “жүр, мен сага иш таап берем” дебейт да. Буга чейин биздин уюм Эл аралык миграция комитетинин жардамы менен эки жолу он чакты кишини кулчулуктан кутултуп, үйлөрүнө кайтарганбыз. 2005-жылы Пермь шаарында адам сатуучулардын колунан жабыркаган эки аялды, андан кийин Харьков шаарынан сегиз аялды үйлөрүнө кайтардык. Мына ошолорду алдап, сатып жиберген киши соттолуп, 5 жылга камалып кетти эле, бирок 1 жылга жетпей кайра эркиндикке чыгып кетти.

Адамдарды алдап, чет мамлекеттерге алып чыгып, кулчулукка сатып жиберген кишилерди жазалоо катаал болгон учурда мындай кайгылуу учурлар азаят эле деген пикирлер бар.

Баткендеги адам сатууга каршы күрөшүүчү “Өмүр булагы” коомдук уюмунун жетекчиси Токтокан Мамбетова бийлик, күч органдары буга катуу каршы турууга тийиш деп эсептейт:

- Жазалаш керек, катуу жазалаш керек. Бүткүл элге ачык маалым болгондой кылып, жазасын берүү керек. Кызылкыялык бир аял мына ушинтип, адамдарды алдап Казакстанга алып барып, сатып жибергени аныкталды эле, беш жылга кесилди.

Тюмень облусунан кулчулуктан качып келген Абиджан Муролимов КР мамлекеттик миграция комитетине кайрылган эмес. Аталган комитеттин адамдарды мыйзамсыз алып чыгууга жана сатууга каршы күрөшүү секторунун башчысы Каниза Иязалиева “Азаттык” аркылуу берилген маалыматты алар иликтөөгө алышаарын айтат:

- Бизге алар өздөрү кайрылышкан эмес. Бирок сиздер аркылуу берилген маалыматты биз кабыл алдык. Эми бизге түздөн-түз ал жерде калган кишилердин аты-жөнү, кайсы жерде калып кеткени тууралуу так маалыматтар керек. Ошолор боюнча биздин кызматкерлер тез арада иш алып барышат.

Каниза Иязалиеванын айтуусунда, кыргызстандык жарандардын башка өлкөлөргө барып, кулчулукка дуушар болуп калып жатышына алардын укуктук сабатсыздыктары жана кайдыгерликтери себеп болуп калууда:

- Эфир аркылуу кыргызстандык жарандарга кайрылат элем: Эгер чет мамлекеттерге кетип атсаңыздар, бизге кайрылып, ар кандай маалыматтарды алып кетсеңиздер. Кайсы жакка, кандай жумуш менен, кимдин чакыруусунда кетип баратсаңыздар, мына ушулар тууралуу маалыматтарды да ата-эне, туугандарга калтырып кетсеңиздер. Анткени, келечегинде мындай маалыматтар менен иштөө бизге оңой болот. Ал эми ар кандай жол менен адам сатууга туш болгон адамдар ишеним телефондору аркылуу, 189 номуру аркылуу биз менен байланышууга болот. Ишеним телефонунун номуру Нарын жана Баткен облустарында 104. Биздин комитеттин бөлүмдөрү өлкөнүн бардык облустарында, Орусия, Казакстандын ири шаарларында да бар. Ал эми биздин маалыматтык китепчелерде алар менен байланышуу жолдору толук көрсөтүлгөн.

Эл аралык миграция комитетинин жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен биргелешип жүргүзгөн иликтөөлөрү өткөн жылы Кыргызстандан 117 киши адам сатууга дуушар болушканын көрсөткөн. Үстүбүздөгү жылы сегиз айдын ичинде 61 киши Эл аралык миграция комитетинин жана КР мамлекеттик миграция комитетинин аракети менен кулчулуктан бошотулган. Бейөкмөт уюмдар Орусияга, Казакстанга иштегени кетип, дайынсыз жок болуп жаткан кыргызстандык жарандар ушул тапта да кулчулукта жүрүшөт деп белгилешет.