Искак Раззаков "Манаска" эмнеге кас болгон?

Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлеринин бири Искак Раззаковдун туулган күнүнүн 99 жылдыгы белгиленди.
Искак Раззаковдун туулган күнүнүн 99 жылдыгын аны менен чогуу иштешкен замандаштары жана анын ысымын алып жүргөн Техникалык университеттин студенттери, мектеп окуучулары белгилешти. Раззаковдун үй музейинде эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп, даректүү тасмалар көрсөтүлдү.

Аталган мамлекеттик ишмер кеңеш доорунда Кыргызстанды он жылга чукул башкарып турган. Анын кыргыз тарыхындагы ролу жөнүндө коомчулукта бир жагынан көкөлөтө мактаган, экиничи жагынан сындаган ой-пикирлер айтылып келет.

Учурунда Искак Разаков менен бирге Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде иштеген Токтосун Иязалиев аталган ишмердин эл-журтуна жасаган эмгектеринин маанисин бийик баалап, адамкерчилик жакшы сапаттарын белгилейт.

-Искак Раззаков кыргыз тарыхында улуу реформатор, улуу агартуучу, улуу саясатчы катары ысымы калды. Аны менен учурунда чогуу иштешип, бийик сапаттарын байкап, билдим. Элдин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон.

Замандаштары чыгаан инсандын бир гана Кыргызстандын эмес өзбек элинин да билим, илим, маданият жана экономика тармагынынын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп жүрүшөт.

2005-жылы Искак Раззаковдун 95 жылдык мааракесине карата Бишкекте Раззаковдун үй-музейи ачылган. Ушул үй музейдин жетекчиси Арман Момоханова музейге экспонаттарды Искак Раззаковдун Москвада жашаган кызы жана жээни бергенин, учурда жаштар анын ишмердүүлүгүнө кызыгып, музейге келиш турушаарын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Кален Сыдыкова Искак Раззаковду бир жактуу эле мактай бергендерге нааразы болуп, ал учурунда кыргыздын айрым мыкты жазуучу, акындарын улутчул деп түрмөгө каматып, залкар “Манас” эпосун пантүркизм, бай-манапчыл, улутчулдук идеяларын жайылтуучу катары айыптап, 1952-жылы Компартиянын пленумунда сүйлөп чыкканын эскертти:

-1952-жылы 11-июнда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 11-пленуму болуп, Искак Раззаков "Манас" эпосун панктүркизм, реакциячыл, бай-манапчыл эпос деп, пленумда жокко чыгарган. Мисалы, Аалы Токомбаевдин "Кандуу жылдар" романын реакциячыл, улутчул деп, Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романын, Касымалы Баялиновдун "Ажар" чыгармасын кыргыз элинин турмушун бурмалап көрсөткөн, жакшы жактарын мындай бурмалап жазышкан деп катуу сынга алган. Ошондой эле Зияш Бектенов деген окумуштуу, Ташым Бажиев деген жазуучу жана башка акын-жазуучулар Искак Раззаков ошол пленумда сындап, айыптагандыктан соттолуп кетишкен.

Искак Раззаков 1910-жылы Баткен облусундагы Лейлек районундагы Корасан айылында төрөлгөн. Искак Раззаков 1950-1961-жылдары Кыргыз Республикасын жетектеп турган мезгилде бир катар жогорку окуу жайлары, Илимдер Академиясы, телеборбору, “Кыргызфильм” киностудиясы ачылып, бир нече ГЭСтер курулган.

Кремлдеги бийлик кийин Искак Раззаковдун өзүн улутчул, бюджеттин акчасын максатсыз пайдаланган деген шылтоо менен биринчи катчылыктан бошотуп, Москвага кызматка которгон. Искак Раззаков 1979-жылы 19-мартта Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта коюлган.

2000-жылы мурдакы президент Аскар Акаевдин демилгеси менен Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келип, Ала-Арча көрүстөнүнө жаңыртып коюшкан.