"Эң биринчи элди ойлошубуз керек"

26-январда Саламаттык сактоо министрлигинде 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өтүп, анда кетирилген олуттуу кемчиликтер белгиленип, тармакты реформалоонун жаңы жолдору айтылды.

Жыйынга катышкан вице-премьер министр Тажикан Калимбетова бюджеттен жана бир катар донор мамлекеттерден түшүп жаткан финансылык каражаттар көп учурда элдин саламаттыгын жакшыртууга сарпталбай, ооруканаларды оңдоого, интернет иштеп жаткан бу күндө чет мамлекеттерде басылып чыккан кымбат баалуу медициналык адабияттарды, журналдарды сатып алууга жумшалып жатканын айтты:

- Биз медицина тармагына тез арада аудитти кийиришибиз керек. Диагнозу туура болдубу, дарыланууну туура алдыбы, ФОМСка төлөнгөн акча ошол оорулууга иштеп жатабы, бөлүнгөн акча каражаты ушул системага канчалык деңгээлде жумшалып жатат – ушул маселелердин тегерегинде да реформаларды алып барышыбыз керек. Эң биринчи элдин саламаттыгын ойлошубуз керек.

2009-жылда төрөттөн каза болгондордун саны республика боюнча расмий 97 ге жетип, бул абалда териштирүү уланып жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, алардын 27син өлүмдөн алып калууга болмок экен. Демек бул жерде дарыгер же дарыгерлик мекеме күнөөлүү. Каза болгон кош бойлуулардын 21ин өлүмдөн сактап калуу шарттуу мүмкүндүгү бар эле. Бул жыйынтыктар боюнча талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ал эми 49 аялды өлүмдөн алып калуу мүмкүн эмес болчу.

Жыйында Тажикан Калимбетова реформанын негизинде төрөт үйлөрүнөн үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемелерине өткөрүлгөн “Аялдарга кеңеш берүү” кызматын кайра төрөт үйлөрүнө өткөрүү тууралу маселе көтөрдү:

- Өткөзгөн учурда албетте билген эмес элек. “Аялдарга кеңеш берүү” кызматын поликлиникаларга өткөрсөк, патронаж жакшы болобу деп ойлогонбуз. Андай болбой чыкты. Аялдарды учурунда каттоого албагандыктан, ооруган ооруларын көңүлгө албагандыктан, аялдар өлүмгө учурап калып жатат.

Бирок саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовдун пикиринде, бул дале болсо чоң акча каражатын талап кылат:

- Менимче, бул бүгүнкү күндө мүмкүн эмес. Кайра алып өтүү көп акчаны талап кылат.

Жыйында көтөрүлгөн дагы бир олуттуу маселе медициналык адистерди даярдоонун начардыгы болду. Бүгүнкү күндөгү күчтүү, ишеничтүү дарыгерлер картайган 20-30 жылдан кийинки убакытта, бүгүн медициналык окуу жайларда окуп жаткан адистер элди абийирдин чегинде дарылай алабы деген ойлор айтылды.

Министр Мамбетовдун айтымында, өзгөчө аймактардагы медициналык институттар талапка жооп бербейт:

- Мына алты аймакта медициналык алты факультет бар. Мен сезип эле турам, алардын билим деңгээли талапка жооп бербейт. Ал жерлерде иштеп жаткан мугалимдердин билим деңгээли төмөн болсо, студенттер кайдагы билимди алат. Биз бул факультеттерди жабышыбыз керек.

Жыйында медицинанын кардиология, онкология, ортопедия тармактарына алкоо пикирлер да айтылды. Себеби бул тармактар медицинанын дүйнөлүк алдыңкы үлгүлөрүн колдонууга аракеттенип, чет элдик инвесторлорду тартууда да ийгиликтерге жетишүүдө.

Аялдардын, балдардын өлүмүн кыскартуу, тубаса кемтик төрөлүүнүн алдын алуу, кургак учук, ВИЧ СПИД, безгек, ичкелте, күйдүргү өңдүү жугуштуу дарттар менен күрөшүү – курч бойдон кала берүүдө.

Саламаттык сактоо тармагындагы маселелерди талкуулоо дагы уланмакчы.