Энергетикалык ири компанияларды сатууга Ошто эл каршы

"Бишкек жылуулук борбору" сатыкка коюлду.

Кыргыз Өкмөтү «Түндүк электро», "Бишкек жылуулук борбору" жана «Бишкек жылуулук тармактары» ишканаларын 454 миллион долларга сатууну чечти. Ош облусунда мындай кадамга каршы чыккандар болууда.

Каракулжа районунун тургуну Эдил Байзаков ири үч кампаниянын бир колго сатылышын Кыргыз Өкмөтүнүн өз элине чыккынчылыгы катары баалады:

- Бул өтө элине кылган чыккынчылык, душмандык.

«ЭрК» партиясынын мүчөсү Юруслан Истанов энергетика тармагы чындап менчиктештирилсе, анын ээлери жеке кызыкчылыгын ойлоп, экспорттоого гана умтулат да, калк карайлап караңгыда калат деп кооптонот:

- Электр тармагын сатыкка коюп, менчиктештирүү тууралуу саясатына мен такыр каршымын. Бул элдин канын кайрадан сором деген маани. Азыр электр тармагын менчиктештирип алган адамдарда Кыргызстандын элининин кызыкчылыгы болбойт, эч качан бийликтин сөзүн укпайт. Көбүнчө өзүнүн чөнтөгүн ойлойт. Экспорттон көбүрөк пайда түшө турган болсо, анда экспорттойт албетте. Сатканда биз караңгыда калышыбыз мүмкүн.

Мындай пикирге таптакыр кошулбаган Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Санжар Тажиматов «Бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кажети жок!» деп эсептейт:

-Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чындап энергетикалык кризис, анан дүйнөлүк экономикалык кризистин дагы таасири тийип атат. Энгергетикалык кризистен чыгыш үчүн менчиктештириш керек, сатыш керек, башка жол калбады. Мындан коркпошубуз, саясатташтырбашыбыз керек. Себеби мамлекеттик болгондо уурдап атышат. Жеке менчик болгондо биринчиден ал жерде мамиле өзгөрөт, бир нече тариф болуп калышы мүмкүн. Ошондо каалайсызбы-каалабайсызбы өзүңүз светти өчүрөсүз, өзүңүз үнөмдөйсүз. Жеке менчиктеги адамдар аны жакшы контролдойт.

Ош облусунун калкы менен жолугушууларда Өкмөттүн кризиске кептеген саясатын кескин сындаган «Жаңы Кыргызстан» саясий уюмунун башкатчысы Исмаил Исаков стратегиялык мааниге ээ энергокомпанияларды мамлекет тагдырын ойлобогон диверсанттар сатууга киришкендигине тызылдады:

- “Түндүк электро” Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарын камсыз кылат. Бул тармак стратегиялык тармак, муну биздин ата-бабаларыбыз салды. Бүгүнкү жетекчилердин бир тыйын дагы бул жерде тиешеси жок. Пайда келтирип жаткан тармакты жеке менчикке берүү мамлекетке каршы жасаган аракеттери деп гана айткандан башка сөз жок. Өтө каршы туруш керек дагы, токтоттуруп, мамлекеттин колуна караш керек. Бул эч качан жакшылыкка алып келбейт.

Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов электр энергиясын экспорттоо аркылуу Кыргызстан экономикасын көтөрүгө болот деген үмүттө:

- Кыргызстанда өнөр жай жок болсо. Биздин экономикабыздын бирден-бир булагы электр энергиясы болуп атат. Менчикке берип койгондо мамлекеттин экономикасы чоң жоготууга учурайт деп эсептейм. Мамлекет электр тармактарын өзүндө кармаш керек, керек болсо аны башка мамлекеттерге экспорттош керек. Ушул тармак аркылуу экономиканы өстүрсө болот, эгер системалуу иштете алса.

Айтмакчы, президент Бакиев ушу жылдын 18-сентябрында Ош жергесине жасаган сапарында кендирди кескен энергетика тармагын менчиктештирмейинче, акыбал оңолбостугун эскерткен эле:

- Коррупция энергетикада толуп атат. Муну жок кылыш керекпи? Өкмөттү алты айдан кийин алмаштыра берсең да бул жок болбойт. Эртең башка президент келсе дагы муну жок кылалбайт. Мунун бир гана жолу бар, менчиктештириш керек. Качан ээси болгондо, жеке менчик болгондо, жеке менчик болгондо ошондо уурдаттырбайт.