Кыргызстан азыр 2 млрд. 700 млн. киловатт саат электр кубатына таңсык болуп турат. Башкача айтканда. Азыр Токтогул суу сактагычында 9 млрд. 51 млн. кубометр суу турат. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 4 миллиардга жакын кубометрге аздык кылат. Сууну кышка жеткире албай калабызбы деген жоопкер жетекчилер мунун аргасын электр кубатын аз чыгымдап, үнөмдөөнү күчөтүүдөн көрүп жатышат. Кыш босогодо турганын эске алган өкмөт эми үнөмдү мурдагыдай маал-маалы менен жапырт өчүрүү аркылуу эмес, лимиттен ашкан аймактарды даректүү өчүрүүнү, ага кошумча үч фазалуу өткөргүчтөрдү бир фазага өткөрүү аркылуу жасаганды туура көрүүдө. Бул тууралуу шаршемби күнкү өкмөт жыйынында маалымдалды. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун даректүү өчүрүү демилгесин колдогон премьер-министр Игорь Чудиновдун көз карашында кыштан аман-эсен чыгуунун мындан башка аргасы жок:
- Лимит боюнча бардык губернаторлор менен макулдашылды деген үмүттөмүн. Урматтуу губернаторлор, азыр кимдин орду бийигирээк экенин эсептечү убак эмес. Менин сунушум: облустардын лимиттери боюнча күнүнө, олуттуу иштеш керек. Бизде башка жол жок. Суунун агып кириши боюнча сандарды карап көргүлөчү.
Өкмөт мындан тышкары үч фазалуу өткөргүчтөрдү кыркуу өнөктүгүн улантып жатканын да маалымдады:
- 60 миң абоненттин тизмеси бекитилген. Биз аларды өчүрүп, кайра уруксатсыз кошуп алуусуна жол бербешибиз керек. Ошондо электр кубаты менен бүтүндөй республиканы үзгүлтүксүз жабдууга жетет, - дейт министр Балкыбеков.
Бирок өкмөттүн электр кубатын үнөмдөө боюнча акыркы эрежеси көпчүлүккө жакпай калды. Саясий чөйрөдө болсо адегенде эле парламентте бийликтин “Ак жол” партиясынын мүчөсү Ибрагим Жунусов парламентте катуу сындап чыкты. Ал эми Коммунисттер партиясы бул максатта атайын маалымат жыйынын уюштуруп, өкмөт менен электр бөлүштүрүүчү тармактык ишканалар биригип алып, бийликке жана мамлекетке кыянатчылык жасап жатат деп билдирди. Ошондуктан, бийликтен партия чукул чара көрүүнү, тагыраак айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров башында турган мамлекеттик комиссия түзүүнү, министр Сапарбек Балкыбековду, бөлүштүрүүчү ишканалардын жетекчилерин иштен алууну талап кылды:
- Балкыбековдон тышкары дагы алты-жети акционердик коомдордун жетекчилерин бошотуш керек. Жаңы, таза адамдар келсе, жаңы көз караштагы менеджер болсо, балким, бир эки айда ишеним пайда болот. Коомдо такай ошондой, жаңы жетекчи келгенде жок дегенде биринчи жарым жылда жакшы иштегенге аракет кылат. Эптеп кыштан чыгышыбыз керек. Мисалы мен жаран катары абдан нааразы болуп атам, эмне үчүн райондо лимит ашып кетсе менин батиримдин жарыгын өчүрүшү керек?
Мындай сынга өкмөт дагы, энергетика тармагы дагы жооп кайтарыша элек. Албетте, энергетика тармагы кургуйга баратат деп, бир нече топтон турган оппозиция дагы буга чейин өкмөттүн саясатын ар тараптан сындап, чукул чара көрүүнү талап кылып келгени белгилүү. Атүгүл массалык нааразылыктарды жарата турган талылуу маселе да ушул экенин эскертишкен. Бийликти чара көрбөгөнү үчүн нечен курдай сынга алышкан. Оппозициянын талаптарын конкреттештирип, энергетикадагы өксүктөрдү териштирели, комиссия түзөлү деген Социал-демократтар фракциясынын сунушун мурдагы аптада парламенттик көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясы колдобой койгон.
Эми минтип бийлик менен ымаласы жакын Коммунисттердин ошол эле оппозиция коюп келаткан талаптарды жаңы жагдайда көтөрүп жатышы ар кандай түкшүмөлдөр менен коштолду. Муну артында нукура саясий кызыкчылыктар бар дегендер да болууда. Талдоочу Базарбай Мамбетов болсо коммунисттердин билдирүүсүн саясий куру кыйкырык деп, тигил же бул талылуу маселелер саясатчылардын кыйкырыгы менен эле бүтүп калбасын белгиледи:
- Масалиев баш болгон коммунисттердин кайрылуусу куру эле саясатка жатат. Популисттик мындай кайрылууларды биз токтотушубуз керек. Кризистен чыгарууга өкмөткө мүмкүнчүлүк беришибиз керек да. Түз иши менен кетип бараткан өкмөткө аркасынан тигиниси туура эмес, мунусу туура эмес деп саясатчылар куру кыйкыра берсе өзүнүн стратегиялык багыттагы аракеттерин кыла албай калбайбы. Биз туш келген энергетикалык кризистин баарына эле өкмөт күнөөлүү эмес.
Базарбай Мамбетовдун ишениминде, Токтогул суу сактагычында топтолгон, март айына чейин дагы агып кирери күтүлүп жаткан суу өлкө кыштан коопсуз чыгып кетеринен кабар берип турат.
Кыштан чыгуу коркунучу жоюлганына эмгек өргүүсүнө кетээр алдында журналисттер менен жолугушуусунда президент Курманбек Бакиев дагы ишендирип, аны Өзбекстан, Казакстан менен макулдашууларга таянып билдирген:
- Кышка даярдык жаман эмес. Бизди эң эле тынчсыздандырган газ маселеси болчу. Мени эң эле кооптондурган газ болчу. Себеп дегенде эгер Өзбекстан мурда биз айткан 150 млн. куб газды бере албаганда проблема болмок, ачыгын айтыш керек. Бирок Өзбекстан президенти 150 млн. куб. газ кошумча берем деп айтып атат. Жыйынтык жакшы. Кыштан, кудай кааласа, тынч, жакшынакай өтөбүз.
Анткен менен оппозиция азыркы өкмөт элдин жарыгын өчүрүү менен алек болуп эле, өлкөнү энергетика кризисинен чыгаруунун стратегиялык багытын аныктоого алы келбей жатканын айтууда. Бул жагынан “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев коммунисттердин демилгесин туура, бирок кечиккен билдирүү дейт:
- Шашылыш чара көрүш керек. Бул – коопсуздук кеңешинде карайбы же президент өзү келип атайын өкмөт жыйынында карайбы, конкреттүү кадамдарга барыш керек. Биринчиден, энергетикадагы коррупцияны токтотуш керек. Уурдоону, жоготууну токтотуш керек. Экинчи, ачык-айкын саясат жүргүзүш керек: биз күнүнө канча электр энергиясын чыгарып атабыз, кимди өчүрүп атабыз, канча электр кубатын беребиз, канча акча чогултуп атабыз, Үчүнчүдөн, келечекте кайсы кубаттуулукту ишке киргизип, элди электр кубаты менен камсыз кылабыз? Ушул үч нерсени айтыш керек. Булар азыр өчүрөбүз деген гана бир нерсени айтып атат.
Сариевдин айтымында, үнөм саясаты жүрүп жаткан өңдөнгөнү менен иш жүзүндө уурдап-тоноо, коррупция механизми энергетика тармагында кадимкидей жашоосун улантып жатат:
- Мына 8-9 айдан бери өчүрүлүп атат, бирок жоготуу жайкысын 40 пайыздан төмөн болгон жок. Демек, булар дагы эле уурдап атышат, электр энергия дагы, суу дагы, акча дагы уурдалып атат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, энергетика боюнча адис Тайырбек Сарпашев ушундай арга кеткен жагдайдын түзүлүшүнө мамлекетте кыраакы саясаттын жоктугу түрткү болду дейт. 2006-2007-жылдары катары менен Казакстанга, Өзбекстанга суунун арзан жана арбын сатылышы, кийинки жылдардын кургакчыл болору алдын ала иликтенбегендиги бүгүнкү күнгө кедергисин тийгизүүдө. Адистин божомолунда, мындай энергетика тармагындагы алсыздык дагы бир-эки жылга созулуп барат. Сарамжалсыздыктын арты элди кыйнамай саясатка алып келди дейт Сарпашев:
- Өчүрүүлөрдүн бардыгы мыйзамсыз. Энергетика жөнүндөгү мыйзам боюнча техникалык себеп менен гана өчүрүлүшү керек. Бул жерде соттошкон киши болбой атпайбы, соттошуу болсо энергокомпанияларга сот “тонналаган” айыптарды салып коюшу мүмкүн. Мыйзам бузуулар өнөкөткө айланып кетти. Бул экономикадагы өтө терс көрүнүш. Күндүзүбү-түнкүсүнбү - өчүрүүнүн бардыгы мыйзамсыз.
Азырынча электр жарыгынын мезгилсиз өчүрүлүшүнөн жабыркагандардын сотко кайрылгандыгы тууралуу маалыматтар таратыла элек. Ошол эле мезгилде менчик турак үйлөрдө, ишканаларда, мекемелерде техникалардын керектен чыгып жаткандыгы тууралуу көп айтылууда. Өткөн жумада болсо Бишкектеги Кардиология институтунун бейтаптарды текшерүүчү 25 миллион сомдук аппараты “күйүп” кетти. Бул ирет аны оңдоп ишке киргизген адистер, экинчи ирет бул аппарат бузулса керектен чыгаарын эскертишти.
Жарыкты токтотуунун айынан техникалардын керектен чыгып жатканына нааразылыгын өкмөт жыйынында Соцфонддун төрагасы Марат Султанов да билдирди:
- Ушунун айынан канча компьютер бузулду. Биз аны керектен чыкты деп да каттай албайт экенбиз...
Минтип отурса жакынкы аралыкта электр кубатын өчүрүүдөн жабыркаган жүздөгөн кардарлар, юридикалык тараптар сотко кайрыларын айрым байкоочулар бөркүндөй эле көрүп турушат. Бул аралыкта Коммунисттер партиясынын лидери, Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Искак Масалиев Электр кубатын пайдалануучулардын ассоциациясы түзүлүп жаткандыгын кабарлады.